Тытып салдың...
(Мини-роман)
Кызуумун. Түн жамына сага жөнөдүм. "Келбе!" дедиң. Болбой койдум.
Үйүңдүн астына барып, дарбазаңды каккыладым. Кошунанын иттери ойгонуп, көңүл суз гана үрүмүш болушту. Алар да мени жактырышкандай... Анан сен чыктың, жүдөп калыпсың. Сөз башында эле жарытылуу сүйлөшпөдүк. Урушту сен баштадың. Аялымды айтасың, кызганып. Таңгалам. Кучактасам ойдолоктойсуң. Денеңди карматпай. Болбой эле кучактадым. Кыстым. Бирок, муздап баратыпсың. Колдорумду да тытып салдың, ачыштыра. Кучагыман бошоттум анан сени. Жыргатып деле сүйлөшпөдүк.
Капа болдум. Жолума түштүм. Үйгө баратып, баштагы жылуу мамилеңди эстедим. Түн оогончо кыналыша кучакташа турганыбызчы? Таттуу эриндериң. Ысык өбүшүүлөр. Сүзүлгөн көздөрүң. Ушундай сонун күндөр өттү да. Баса, бир жолу машиненин ичинен дирилдедиң, башкача татым менен өбүштүк. Үстүңө чыктым... Мага бүт дүйнөңдү таштап салдың, меники болдуң... Ошол түн эстен кетпейт, унутпайм. Өлсөм дагы унутпайм...
Эртең менен аялым колумду көрүп, "эмне болгонсуң?" дейт. "Мышыкка тыттырып алдым" дедим. Ишендире сүйлөйм да, кабагымды бүркөп. Байкуш ынанып калды. Боору ооруп, "таңып берейинби?" дейт. "Жок" дедим. Жумушка жөнөдүм. А мен ички дүйнөмдү тыттырбаганга сүйүндүм. Баладай. Офиске жеткенче не гана ойлор келбейт мээге? "Сүйгөн кандай жакшы!" дейм ичимден. Ким бирөө угуп калгансып, эки жакты элеңдей карайм. Өзүм элемин. Жыргай түшөм. Жандүйнөнү эргиткен жылуулукту көкүрөккө каткан кандай керемет! Биз ушул үчүн адамбыз да, чын эле.
Ооба, аялымды да, сени дагы жакшы көрөм. Жүрөгүм кандай кенен э? Баалабайсыңар да. Таңгөрү десең. Эмнеси болсо да, бактылуу эркектердин катарында турам эй...

Сарин УЛАН




"Биздин достугубузга көз тийбесин"

Актриса, ырчы Гүлнур Асанова, актриса, бийчи Элина Абай кызы жана бийчи, модель Асел Койчиева жакын курбулардан. Булардын ар бир күнү өзүнчө эле кайталангыс окуяларга бай. Үч курбу жетелешип келип, төрүбүздөн орун алып, редакциябызды шаңга бөлөштү.

Элина Абай кызы: - Асел эже экөөбүз көп жылдан бери жакын курбубуз. Ансамблде бийлеп жүргөндө ал улуу курамда, мен кичүү курамда болчумун. Гүлнур менен Асел
эже тең. Бирок, Гүлнурду сен дейм. Көпчү-лүгү "Эмнеге Аселди эже, Гүлнурду сен дейсиң, экөө тең го?" деп сурашат. Башынан эже деп жүрүп көнүп калыптырмын. Биз Асел эже экөөбүз "Версус" бий тобу менен 2010-жылы Европага барганда, биз менен чогуу Гүлнур барган. Ошондон бери ал бизге кошулду. Үйбүлөбүз бир кишиге көбөйгөн десем болот.
Асел Койчиева: - Гүлнур менен Турцияга баратканда жолдо таанышканбыз. Ал жактан кайтканда эң эле жакын адамдарга айландык. Бизди көп нерсе байланыштырат экен. Ойлонгонубуз бир чыгып, мүнөздөрүбүз дагы төп келет десем жаңылышпайм. Биз курбу гана эмес, биртуугандай болуп калганбыз. Бири-бирибиздин үйүбүздө түнөп калабыз. Ата-энелерибиз дагы биздин мамилебиз канчалык деңгээлде ысык экенин билишет.
Э.А: - Бекеринен айтылбаса керек, кимдин ким экени жолдо билинет деп. Мисалы, бизде, шоу-бизнес чөйрөсүндөгүлөрдө "салам, кандай-кандай" эле да. Ал эми поездкага чыкканда кандай адам экени так көрүнүп калат. Ошол жакта жүргөндө бири-бирибиздин чыныгы жүзүбүздү көрүп, жылдызыбыз келишип, биригип кеттик.
Гүлнур Асанова: - Биз ал фестивалга барганда алты адам элек. Бирок, ошолордун ичинен Элина, Асел жүрөгүмө жакындай сезилди. Ошондуктан, буларга тез эле аралашып кеттим.
Э.А: - Башында Гүлнур унчукпай, созолонуп аткан. Асель эже экөөбүз ар нерсени айтып, каткырып күлүп, тамашалашып аттык. Эртеси күнү Гүлнурдан кичине сөз чыгып, экинчи күнү өнөрү чыгып, ошентип-ошентип акырындан биз ага, ал бизге көнүшө баштадык.
А.К: - Биз жолукканда баардык темада баарлашабыз. Жөнөкөй күндү дагы майрамга айлантып жиберебиз. Башкалар жолукканда "сөзсүз ичиш керек, ошондо гана эң мыкты эс аласың" деп ойлошот го. Бизге анын кереги жок. Үчөөбүз чогулганда эле ушунчалык сүйүнөбүз жана шайыр отурушубуз ичкендерден да ашып кетет. А бирок, көпчүлүктүн алдында албетте оор басырыктуу болгонго аракет кылабыз. Алардын көзүнчө досторуңдун жанында жүргөндөй шайыр боло берсең, башкача түшүнүп калуулары ыктымал.
Г.А: - Кыздардын арасында достук болбойт деп айтышат. Биз бири-бирибизди дагы бир жолу сынадык десем туура болот. Анткени, Америка Кошмо Штатына чогуу барып, бир ай жүрүп келдик. Экинчи ирет сыртка чыкканыбызда абдан көңүлдүү жүрүп, достугубуз мурдагыдан дагы чыңалды. Достугубузга көз тийбесин.
Э.А: - Биз керек болсо курбу эмес, эже-сиңдилердей болуп калдык. Ортобузда атаандашуу деген такыр болбойт. А бирок, анча-мынча таарынычтар болуп турат.
А.К: - Курбулар бири-бирине атаандашкан учурлар чынында эле жашоодо көп кездешет. Бирок, биз кимибиз болбосун кандай ийгиликке жетсек дагы, абдан сүйүнүп, колдой билебиз.
Э.А: - Өзүбүзгө бир нерсе сатып алсак, бирди албай, дароо үчтү алган адатыбыз бар. Гүлнур же Асел тууралуу кандайдыр бир ушак угуп калсам "жок, ал андай эмес, Гүлнур же Асел андай кыздардан эмес" деп булардын таламын талашып, коруп турам. Себеби, алар менчелик Гүлнурду же Аселди жакшы билбейт да, туурабы?
А.К: - Турцияда жүргөндө Элина экөөбүз шопингге кеттик, Гүлнур ырдаганга калып калды. Бирок, биз менен чогуу баргысы келип аткан. Дүкөндөрдү кыдырып, кийим алганда Гүлнурга да ала келдик. Оюбузда "каап, Гүлнур биз менен чогуу болгондо сонун болмок экен" деп аттык. Элина экөөбүз сонун сөйкө көрүп калып, өзүбүзгө кызыл, Гүлнурга ал жакшы көргөн жашыл өңдөгүсүн таап алып келип бердик. Кийин Гүлнур өзү жалгыз Турцияга барганда, ошол сөйкөлөргө комплект болсун деп бизге браслет алып келип берди.
Г.А: - "Нооруз-2011" фестивалы алгач Турцияда, анан БУУнун имаратында, ал эми жабылуу кечеси Вашингтондо болду. Вашингтондон кийин досторубуздун чакыруусу менен эс алууну каалап Чикагого баратканбыз. Ошондогу окуя такыр эсибизден кетпейт. Жолдо баратып, узун жолду кыскарталы деп, мен журналист болуп программанын атын "Чикаго-Вашингтон" телекөпүрө деп атап койдук. Аселге суроо берсем, чындап эле телеге чыгып аткансып, чачтарын түздөп назданып баштаса болобу! Баарыбыз каткырып, уктап бараткандарды ойготконбуз.
А.К: - Бир жолу Нью-Йоркто жүргөндө БУУнун биринчи жолу ири масштабдагы концерти болмок. Гүлнур, Элина үчөөбүз үч сааттан ашык жасанып атып, бизди алып кетчү автобуска чыксак, сыртта эч ким жок экен. Бири-бирибизди карап, калып калганыбызга ишенбей, айла жоктон күлдүк. Мейманкананын кызматкерлеринен сурасак, фестивалдын катышуучулары эчак эле кетип калышкан экен. Англисче жакшы билбегендиктен, колдорубуз менен көрсөтүп атып, калып калганыбызды түшүндүрүп бердик. Анан алар бизге такси чакырып берди.
Э.А: - Бөтөн эл, бөтөн жерде жамааттан калып калганыбызга кабатырланбай, такси келгиче курсагыбызды тойгузуп алууну ойлоп, ашкананы көздөй чуркадык.
Г.А: - Курсагыбызды кампайткандан кийин гана ООНдун имаратына кантип жетүү тууралуу ойлондук. Чакырылган таксинин айдоочусун көрүп алып, үчөөбүздүн тең жүрөгүбүз түшүп, коркунуч сезими пайда болду. Себеби, айдоочунун келбети бандиттин эле өзү экен. Жолдо баратып, кокус бизге тийишип жиберсе, коргонолу деп үчөөбүз тең муштумубузду түйүп, комуз менен башка чабабыз деп даярданып алдык. Жол узак экенин билбей, бизди башка жакка алып баратат деген ой келип, шоопурга англисчени билбегенибизди билдирбей, жаттап алган үч сүйлөмдү кайра-кайра айтып бараттык.
А.К: - Жүрөкзаада болуп араң жеткенибиз менен, дагы бир маселе пайда болду. Жаныбызда бир дагы документ жок эле. Имарат чоң болгондуктан, кайсы жактан кирерибизди билбей, бушайман болуп жатканыбызда, музыканттар алдыбыздан өтүп баратышыптыр, биз аларды тааныбасак дагы артынан ээрчип алдык. Ошентип таап барганыбызда, баары "кантип таап келдиңер?" деп таң калышты. Себеби, имараттын ичине кириш дагы чоң маселе экен.
Э.А: - Жакында эле болгон бир окуяны эстеп кеттим. Үчөөбүз Көлдө эс алып жүргөндө менин съемкам башталып калып, Бишкекке кетип баратсам, режиссёрдун жардамчысы чалып: "Съемкага курбу кыздарың катышса жакшы болот эле" деп калды. Мен дароо эс алып аткан Гүлнур менен Аселге телефон чалып түшүндүрдүм. Алар негизи үч күндөн кийин келишмек. Үчөөбүз кеңешип, түбөлүк эстеликке калат дедик да, алар эс алууну жыйыштырып, киного тартылууну чечишти.
Г.А: - Баарын жыйыштырган соң, жанталашып Асел экөөбүз жолго чыктык. Демейде, 120дан ашпаган жаным, 180-190 ылдамдык менен айдап бараттым. Кечигип баратканыбыз аз келгенсип, МАИ кызматкерлери тосуп баштаганда алардан качып жөнөдүк. Бирок, качканыбыз менен, алдыбыздан "кучак жайып" башкалары тосуп алды. Съемкага шашып атканыбызды, ошон үчүн токтобой кетип калганыбызды түшүндүргөн соң, алар бизге ийгилик каалап коё беришти.
А.К: - Ушинтип жүдөп-какап араң жетип келсек, режиссёрдун жардамчысы "киного тартылчу кыздарың ушубу?" деп жаныбызды кашайтты. Себеби, биз даяр эмес элек. Ошентип, жашоодогу достугубуз тасмада да чагылдырылды.
Э.А: - Булардын аптыгып жетип келгендерин көрүп, бир чети күлкүм келсе, бир чети мени колдоп, жанымда болгондору үчүн жүрөгүм жылып, кубандым.

Адинай МАРИПОВА