Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ, "Ата Журт" фракциясынан ЖК депутаты, вице-спикер:
"Атамбаев этият сүйлөп, моралдык жакты ойлосо..."

Парламенттеги аз, бирок, керектүү жерде саз сүйлөгөн, саясатта сабырдуу, массалык маалымат каражаттарына көп чыга бергенди жактырбаган Мыктыбек Абдылдаев учурдагы маселелер тууралуу бизге ачылып берди.

- Мыктыбек Юсупович, эң алгач, кеч болсо да "КРнын Эмгек сиңирген юристи" наамын алышыңыз менен куттуктайм! Кеч алышыңыздын себеби эмнеде?
- Биринчиден, куттуктооңузга чоң рахмат! Экинчиден, эми турмушта боло берет экен да. Мен убагында өзүмдүн кызмат абалымдан пайдаланып, бүт башка жакшы иштеген юристтерге ушундай наамды алып бергенге көмөктөшчүмүн. А мага болсо, бул наамды алуу быйылкы жылдын 1-сентябрына буюрган экен.
- "Ата Журт" партиясынын түзүүчүлөрү Түндүктөн добуш алыш үчүн "партиянын атынан сизди президенттикке чыгарабыз" деген убада менен чакырышкан деп партиялашыңыз Нариман Түлеев айткан эле. Чынында эле ошондой болгонбу?
- Былтыркы шайлоо убагында саясый конъюнктура көп болгон. Бирок, орустарда "победителей не судят" деген жакшы сөз бар. "Ата Журт" партиясы былтыркы шайлоо компаниясында элдин колдоосу менен биринчи орунга жетти. Ал эми ортодо кандай сөздөр болгону биздин партия лидерлеринин ортосунда сыр бойдон кала берсин.
- Сизди башка партиялар дагы чакырганын уккам. "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Туура байкаптырсыз, мага чынында былтыр башка партиялардан чакыруулар түшкөн. Бирок, "Ата Журт" партиясы менен сүйлөшүп, баарыбыз бир команда болуп, саясый жарышка чыгабыз дегенибиз чындык. Эч качан өткөнгө өкүнбөш керек. Анткени, кандай болгон күндө дагы ошол "Ата Журт" менен бүгүнкү күнү парламентте депутат болуп отурабыз. Бул эң чоң маселе. Экинчиден, "мен чыныгы жигитмин" деген адамдарга өкүнүү же таарыныч жарашпайт.
- Саясатчылар көп учурда ар кандай каралоого дуушар болушат эмеспи, кээде "саясатчы болбой эле, тынчыраак жашасам болмок" деген ойлорго жетеленесизби?
- Албетте, андай ойлор болот. Кээде силер журналисттер катуу такалаганда ойлоносуң (күлүп). "Атаңгөрү, ушу саясатты жөн эле койсокпу" дейсиң. Бирок, бүгүнкү күндө кыргыз элинде саясат эң биринчи орунга чыкты. Экономиканы, социалдык маселелерди аз сүйлөп, айрыкча саясат майданын көбүрөөк айтып калдык. А чындыгында, ар бир мамлекеттин чоң-чоң иш-чараларында эки чоң маселе алдыда жүрүш керек. Экономика жана социалдык маселелер. Биз ошол экөөнү чече албаганыбыздан эң жеңил жагын таап алдык. Саясат чөйрөсүнө аралаштык деп эле бири-бирибизди сындап, туура эмес сөздөрдү айтуудабыз. Мамлекеттин түзүлүшүндө үч чоң компонент бар. Ал ички, тышкы саясаты, экономикалык багыты, анан элге болгон мамилеси. Биз ушунун баарын тең туура чече албай, эл бизден катуу талап кылган сайын, биз аларды саясатка аралаштырып жиберип, элди алаксытып коюп атабыз. Мисалы, бир инсанды "туура эмес иш кылып атат" деп бир-эки айга элдин көңүлүн ошол адамга буруп коёбуз. Ошону эки-үч ай талкуулайбыз. Анан дагы бир мамлекетке тийишип коёбуз, анан аны дагы жок дегенде үч ай сындайбыз. Же болбосо, кээде трибуналарда чоң саясатчы, жетекчилер байкабай туура эмес сүйлөп алса же өзүнүн оюндагысын туура айта албай калса ошону талкуулап, элге социалдык маселелерди унуттуруп, саясатка аралаштырып салабыз.
- "Мыктыбек Абдылдаев Марат Султановдун командасына кошулуптур" деп угуп калдым...
- "Ата Журт" фракциясынан 4 талапкер бар. Камчыбек Ташиев, Марат Султанов, Нариман Түлеев, Курманбек Осмонов. Мен төртөөнө тең фракциянын жыйынында "ар бириңердин чечимиңерди сыйлайм, бирок, каттоодон өткөндөн кийин кимиңерди колдоорум боюнча оюмду билдирем" деп айттым. Алгач, ар биринин программасын окуп чыгам, кимисиники жакса, ким мага программасын туура түшүндүрүп бере алса, ошону колдойм. Ошондуктан, алардын программасын күтөлү. Бирок, чыгып алып 30-40 барак программасын айткандын кереги жок. Бүгүн элдин баары акылдуу болуп калган. Баары бир ишенбейт. Бүгүнкү күндөгү кыргыз саясатчыларынын тилине айла жок болуп калды. Каалагандай сүйлөшөт. Бирок, ошол тилдин ушундай тынбай калп айтып атканына адамдын экинчи органы жүрөк эмне дейт? "Ушул калп айтканын качан токтотот?" деп ушунчалык сыздай берет. Ошондуктан, тилдин азабын жүрөк тартат.
- "Ата Журт" партиясынын ичинде ынтымак болбой, үч-төрткө бөлүнүп кеткени эл ичинде айтылып бүтө элек. Сиз буга не дейсиз?
- Биз баарыбыз өзүбүзчө такшалып келген адамдарбыз. Ынтымак деген кандай? Эгерде "Ата Журт" фракциясында ар кандай көз караштар болсо, аны биз ынтымак менен туура чечип, туура жолго салышыбыз кажет. Эгер, "Ата Журтка" сын-пикирлер башка жактан айтыла турган болсо, биз ошону угуп, туура жооп беришибиз керек. Эгер ар бир инсандын өзүнүн ою башка фракциялашы менен туура келбей калса, "аа, булардын ынтымагы жок экен" деп айтуу туура эмес. Ынтымак бекем. Бирок, бизде ар кандай көз караштар бар. Аны бир коридорго салып, чогулта албай жатабыз. Себеби, фракцияда "Мен!" деген инсандар көп болуп атпайбы. Демек, башка фракциялардай эле "Ата Журт" дагы абдан күчтүү фракция. Эгерде биз начар фракция болсок, 4 талапкер чыкпайт эле да. Төртөө тең абдан чоң жолду басып өткөн инсандар. Бирок, төртөөнүн эл арасында 4 башка мүнөзү бар. Ошол төртөөнүн интузиазмы биригип келип бирөөнө токтогондо, албетте, абдан күчтүү болот эле. Тилекке каршы, мен башында айткандай, биздин фракцияда "Мен!" дегендер көп. Моюнга алабыз.
- Премьер-министр Алмазбек Атамбаевди "кызматта туруп шайлоого бара берсин" деп көпчүлүк депутаттар добуш берип жиберипсиздер. Алардын катарында сиз барсызбы?
- Мен добуш бергенимди эстей албай атам. Бирок, Конституциянын нормасына, мыйзамга ылайыктап добуш бердим. Мыйзамда, талапкер толук каттоодон өткөндөн кийин, кызматынан четтетилип туруш керек. Бирок, Атамбаевдин оюнда жеке чечими болуш керек эле. Ооба, былтыр "мына, мен кызматымды таштап, шайлоого кеттим" деп жеке чечим кабыл алган. Ошонун негизинде партиясы утушка ээ болду. Быйыл болсо, балким, өзүнүн оюнда, "кетем" деп жаткандыр. Бирок, жанындагылар "Жо-ок, биз мыйзам менен баралы, 24-сентябрда сизди каттоодон өткөрөбүз, 25инде кызматыңыздан четтеп, үгүт иштерине кетесиз" деп болбой коюшса керек. Мунун аягы кандай болоорун шайлоонун жыйынтыгында билебиз. Талапкерлер урук-туугандарына "мени колдогула" деп көп басым кылбай, бүткүл Кыргызстандан колдоо тапса, туура болмок. Ошондо шайлоонун жыйынтыгында таза уткан адамды жеңилген жак куттуктап, тынч өтмөк. Эгерде, шайлоо таза болбосо, Атамбаевди "кызмат абалынан пайдаланды" деген сөз абдан күчөп кетиши мүмкүн. Бирок, бир сөз айтылып кетпедиби, "Мен уттуруп койсом, өкмат башчысы болуп кайра келип отура берем" деп. Мына, ушул жерде чоң маселе жатат. Демек, уттуруп койсом, мен кайра келем, ошондо губернатор, акимдер силерди кызматка мен койгом, тагдырыңарды мен чечем" деген шек пайда болуп калдыбы деп ойлойм. Негизи, чоң жарышка аттанып аткан, мамлекетти башкарган биринчи адамдар мындай сөздөрдөн этият болуп, ойлонуп сүйлөшү керек эле. Анткени, моралдык жагы бар да. Бардың, жарышка түштүң, өкмөттү башкарып жүрүп, кокусунан уттуруп койдуң. Анан кайра келип, эч нерсе болбогондой иштей бериш туурабы? Же болбосо, "аа, эл мага ишенбейт экен" деп ойлонуш керекпи? Ооба, курч болуш керек, кээде жигитче катуу-катуу айтып койсо болот. Бирок, ага анан жооп бериш керек да. Трибунадан кечке бакылдап алып, эртең аягында эч нерсеси жок болсо, мен анда бакылдап эмне кылам?
- "Кыргызстанда бир дагы жолу шайлоо таза өткөн эмес" деген нааразычылыктар болуп келген. Быйыл деле ошондой болбойбу?
- Чынында шайлоо биздин тарыхта эч качан таза болуп көргөн эмес. Бирок, аны таза өткөргөнгө далалат кылган заман болуш керек. Азыркы шайлоо таптакыр таза эмес өтүп калса, "биз жок деле өзүңөрдү өзүңөр шайлап аласыңар да" деп эл экинчи шайлоого келбейт. Колдон келишинче таза өткөргөнгө аракет кылып, элди алдаганды токтотушубуз керек. Талапкер таза эмес өтүп баратканын эл көрсө, анда чоң каршылык болот го. Анткени, былтыр парламенттик шайлоодо, партиялардын арасында атаандаштык болгондо, үч партия административдик ресурсту абдан пайдаланып коюшту. Мен ошондо облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилерге "силер туура эмес кылып атасыңар, мен деле чоң кызматтарда отургам, бирок, шайлоонун өтүшүнө аралашчу эмесмин. Ошондуктан, кээде кызматтан кеткенге туура келип жүрдү" деп айткам. Бирок, шайлоо бүткөндөн кийин көбүн жумуштан алып салышты. Анан мен алардын көбү менен жолугуп, "көрдүңөрбү, жумуштан баары бир алат болчу, мыйзамды бузбашыңар керек эле" дедим. Анткени, алардын ою боюнча, кээ бир партиялар өтпөш керек эле. Аларга "силер ошолорду өткөрбөйбүз деп атып, кудуретиңер жеткен жок, өткөрүп жибергениңер үчүн силер кызматтан кеттиңер" деген доомат коюлушу мүмкүн.
- Саясатчы эмес, жөнөкөй адам катары президент, премьер-министр, спикер эмнелерди туура эмес кылып атат деп ойлойсуз?
- Мен парламент төрагасына калыс оюмду дайым айтып келем. Бул оюмду мамлекет башчысы менен өкмөт башчысына жолугуп айткан жокмун. Бирок, оюмду парламенттен "үч адам бүгүн мамлекетти башкарып атасыңар, үчөөңөр сүйлөшүп алып, бир ойду элге алып чыкпайсыңарбы" деп айтып жүрөм. Чоң жыйналышта болобу, чоң салтанаттуу жыйында болобу, дайыма үчөө тең сөз алып, үчөө үч башка ойду айтып коюшат. Мамлекетте андай болбош керек деп эсептейм. Эгерде мамлекетте бир идеология болуп, ошол туура аткарылса, анда эл кабыл алат. Үч жетекчи чыгып үч ойду айтса, анда эл кимисиники туура деп ойлоно берет. Дагы бир жагдай, мурда мамлекет башчысы өзүн кайтарган адамдары менен бара турчу жерине келгенде, элге "биякка баспагыла, тигиндей тургула" деген сөздөр айтылып, ошого эл аябай нааразы болчу. Бүгүн үчөө ошондой кайтаруу менен жүрөт. Астында, алдында, капталында, анысы аз келгенсип автоматчандары менен жүрүшөт. Бул кандай? Мен түшүнбөйм. Балким коопсуздугун ойлошкондур. Бирок, сырттан караганда, бул аша чапкандык, туура эмес көрүнүш деп эсептейм. Анда биз бүт эле курал көтөрүп жүргөн чиновниктердин мамлекети болуп калабызбы? Баардык чиновниктер кайтарылса, карапайым элди ким ойлойт? Бийликке келген адамдар, эл үчүн кызмат кылам деген адамдар болуш керек. Анан өзүн, коопсуздугун эле ойлой берсе, анда эл сыртта калып калабы дейм да. Балким, мен туура эмес ойлоп жаткандырмын. Бул менин жеке оюм. Мамлекетти башкарып аткан адамдарды кайтарыш керек, бирок, мынчалык деңгээлде эмес.
- Жанына басып барып сүйлөгөндөн коркуп кетесизби?
- (Күлүп) Ооба.
- Акыркы убакта курама элбиз деген сөз айтылып кетти. Сиз өзүңүздү кыргыздын нукура уулумун деп эсептейсизби?
- Мен кыргыздын эң кыргызынын биримин. Кыргызча таза, нукура адабий тилде сүйлөгөн инсандардын катарындамын. Өз тилимде сүйлөп жатып, башка тилди аралаштырбаганга аракет кылам. Бирок, жаңылбас жаак болбойт.
- Эмне үчүн анда Юсуповичсиз?
- Юсупович деп калганы, мен төрөлгөндө сельсоветтин баары ал убакта орус калкынын өкүлдөрү болчу. Жусупту Юсуп деп жазып койгону ошол сельсоветтин күнөөсү. Ал эми курама деген түшүнүк боюнча оюбузду алдыдагы жыйындарда билдиребиз.

Маектешкен
Адинай МАРИПОВА