![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Дагы бир Жеңишбек төрөлдү "Автомат" төкмө акын Жеңишбек Жумакадырды тааныбаган, билбеген кыргыз жоктур. Акындын куюлушкан бал сөзүнө, төгүлүп айткан жамагына, жүрөк эргиткен ырларына муюган күйөрмандар чекеден чыгат. Ошондой күйөрмандарынын бири Тимур аттуу мырза он алты жыл мурун, тактап айтканда, тогуз жашында Жеңишбек акындын ыр түрүндөгү батасын алган экен. Убакыт учкан куш демекчи, минтип Тимур үйлөнүп, Жеңишбек акынды өкүл ата кылып шайлаган кез. Жүрөгү жылып, маңдайы жарыла сүйүнүп турган Жеңишбек Жумакадырга дагы бир кубанычтуу кабар түшкөн. Ташкөмүр шаарында төрөлгөн ымыркайга ата-энеси "Жеңишбектей акын бол, эл-журтуңа жакын бол" деген жакшы ниетте Жеңишбек деген ысым ыйгарышканын кабарлашкан. Элден айланса болот деген ушу, Жеңишбек мырзаны ылайым жакшылыктар коштой берсин. Кайыргүл Сартбаева 75 жашта СССРдин Эл артисти, кыргыздын сыймыктуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 15-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кош тоюн белгиледи. Башкача айтканда, 75 жаш юбилейин жана 55 жылдык чыгармачылык кечесин замандаштары, алыстан келген сыйлуу меймандары, чыгармачылыктагы достору жана талантын баалаган эл менен кошо өткөрдү. Канчалаган шакирттерди даярдап, кыргыз музыкасы үчүн жан үрөп эмгек кылган эжекебизге бекем ден-соолук, кажыбас кайрат каалайбыз. Супер саяк ырчы... Кыргыз гана жыттанган фольклордук чыгармаларды жеткиликтүү аткарган Тынара Кубаныч кызы репертуарын байытуу менен алек. Сөзү Шайлообек Дүйшеевге, обону Муратбек Бегалиевге таандык "Апакебай" аттуу чыгарманы жаздырып, эл алдына клиби менен кошо тартуулап аткан кези. Ага кошумча, Жумгалдан чыккан супер саяк кызыбыз, өз жерин даңктап ырдоону чечкенби, "Жумгал вальсы" деген аталыштагы жаңы ырга өмүр бергени турат. Ал эми аталган ырына кичи мекенинин жаратылышын чагылдырып, клип тартуу алдыңкы пландары экенин кошумчалады. Сүйүнчү, Тата Улан уулду болду! Сүйүнчү! Белгилүү рэппер Тата Улан балканактай уулду болду. Ымыркайынын амандыгын тилеген ата-эне уулана Аман деген ысым ыйгарышты. Кубанычы коюнуна батпай жүргөн рэппер: "наристеме сүт ташып, жытына тойбой аткан кезим" деп сүйүнөт. Албетте, "балалуу үй - базар" деп бекер жеринен айтылган эмес. Минтип, наристе үнү жаңырып, жакшылык-тойлор болуп тургандын өзү керемет да. Улан мырза, бешик бооңуз бек болсун! Уулуңуз кыргыз эли сыймыктанган эр азаматтардан болуп чоңое берсин! Азиздин алгачкы сыйлыгы 10-ноябрь күнү "Дем" театрынын таланттуу актеру Азиз Мурадилаев эки жылда бир берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы менен сыйланды. Чыгармачыл адамдар үчүн мындай сыйлык өзгөчө эргүү, стимул берет эмеспи. "Бул менин биринчи сыйлыгым болгон үчүнбү, толкундандым. Бирок, "сыйлык алсам экен" деп чуркаган эмесмин. Качан гана мени сыйлыкка көрсөтүп аткандарын укканда, документтеримди тапшыргам. Азыркы заманда ар кандай күтүлбөстүктөр болуп кетип атпайбы, ачыгын айтсам, сыйлыкты тапшырган күнгө чейин мага берилерине таптакыр ишенген жокмун" дейт Азиз мырза. Эмне демекчибиз, актердун аталган сыйлыгы майлуу-сүттүү ургаачы сыйлыктан болсун! "Евразия жылдызы" - Гүлжигит Жакында эле Коомдук биринчи каналдын концерттик студиясында "Евразия жылдызы - 2011" эл аралык сынагынын Кыргызстандагы финалы жыйынтыкталды. Эске салсак, 300гө жакын катышуучунун ичинен жарым финалга 20 атаандаш тандалып алынган. СМС добушка коюлган 20 ырчынын арасынан 10 ырчы финалга чыккан эле. Калыстар тобунун чечими жана СМС добуштун жыйынтыгы боюнча Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" деген ырын мыкты чеберчиликте аткарган жаш ырчы Гүлжигит Калыков алдыга озуп чыкты. Алты өлкө катышкан сынактын жүрүшү бизге чейин: Түркия, Кипр, Азербайжан, Казакстан өлкөлөрүндө болгон. Биз бешинчи өлкө болуп катышканбыз. Ал эми кийинки жүрүш Түркмөнстанда уланат. Алты өлкөнү кыдырып концерт берген жеңүүчүлөр сынактын шарты боюнча өз тилинде жана кайсы өлкөгө барса, ошол өлкөнүн тилинде ырдашат. Чыныгы "Евразия жылдызы" кимге буюрат, аны убакыт көрсөтөр. Ал эми биз өз ырчыбызга колдоо көрсөтүп, ийгилик каалайлы. Кошумчалай кетсек, сынакта Гүлжигит Калыков өз атаандаштарынан сахнада эркин ырдаганы, көрүүчүлөрдөн сүрдөбөгөнү жана аткаруучулук чеберчилиги мыкты болгону менен айырмаланып, жеңишке жетишкен. Айнура Касымова
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||