Эр эмгегин сүйгөн жылдыз
Губернатор
Азиз Турсунбаевге ыраазы болгон Шахзода
Өзбек элинин сыймыктуу ырчысы, учурда эл аралык шоу-бизнесте атагы чыгып аткан Шахзода айым кыргыз элиндеги учкундай "жарк" эткен көрүнүшкө кайдыгер карабаптыр. Жалал-Абад облусунун губернатору Азиз
Турсунбаев жаңы жыл астында жетимдер үйүнө кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, белек-бечкек тапшырган. Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек балдар үйүнө жасалган бул саамалыкка Шахзоданын назары түшүп, Азиз мырзага ыраазы болуп, жакшы ниетте ыр жаратуу боюнча идеясын билдириптир. Жетим балдар жана губернатор боюнча. Азырынча ушундай жакшы тилектен кабар алдык. Эми жакынкы айларда атагы таш жарган Шахзода айым Жалал-Абаддагы балдар үйү менен кадимки биздин
Турсунбаевди ырга кошсо, кантип жүрөк жылытпасын? Бир чети эки элдин ынтымагы үчүн мукамдуу муза коштолсо! Ал эми Азиз менен ырчы Шахзоданын андан аркы мамилеси кантет болду экен?..

Сабыр МУКАНБЕТОВ