Түгөлбай Казаков:
"Кыргызды сөкпөй, көңүлүн көтөрсөң, көп нерсеге жөндөмү ачылат"
-Түкө, сиздин ырларыңызды көп эле ырчылар аткарып жүрүшөт. Алардын ырдаганы сизди канааттандырабы, сиздин көңүлүңүздөгүдөй аткарып атышабы?
-Ар кандай. Өзү илгери болобу, азыр болобу же мындан 50 жылдан кийин болобу, обонду негизи автордун макулдугу жок бузбаш керек, эгер көзү тирүү болсо. Көзү өтүп кеткен болсо, аны иштеп чыкканда көркөм кеңеш сыяктуу уюмдар менен макулдашуу шарт. Туугандары дайыма эле музыканы түшүнө бербеши мүмкүн. Ырдын ички драматургиясын автор өзү гана билет. Бирөөлөр түшүндүрүп айта алат, бирөөлөр айта албайт. Аксуубай Атабаевдин ырларын ырдаганда, эгер өзүнүн элестеткен вариантына жакындабаса, ал киши жинденип, урушуп кетчү. Ошого чейин барчу. Ырыспай аке дагы кичинекей эле бир жерин бузса, чарт-чурт деп эле уруша кетчү. Обон ар кимдин өзүнө өзүнүн баласындай. Ошону бирөө башка-көзгө койгуласа, ал капа болбой койбойт.
Экинчи бир жагы бар. Ырды бирөөлөр иштеп чыгат. Мурда жетпей калган жерине кооз кайрык кошуп дегендей. Же аранжировкасында сонун кайрактарды таап, шөкөттөп жиберет. Мындай нерсеге уруксат бериш керек. Жакшы болсо мурункудан, анда, ырдаш керек, аны элге алып чыкса болот. Анан мурункудан жакшы болбосо, ички драматургиясы жетпесе, анда ал жөн эле ырдап, элге популярдуу көрүнүш же акча табыш үчүн эле чыккандай болуп калат да.
-Маркестин айткан бир жакшы сөзү бар. "Жазуучу көп эле китеп жазган менен өзүнүн дареметин толук ачкан, жазганынан өзү ырахат алган бир эле чыгармасы болот" дейт. Сиз да көп эле обон чыгардыңыз. Бирок, сиз өзүңүз "канаат алдым, мен толук ачылдым" деп кайсыл чыгармаңызды эсептейсиз?
-Эми Маркес өзүнүн "Жалгыздыктын жүз жылын" айтып атат. Себеби, ал нечен жылдар бою көкүрөгүндө угутун кайнатып жүргөн. Ошого далай жылдары кеткен. Бирок роман менен обонду салыштырганда болбойт. Обон жанагы поэзиядагы үч куплет ыр сыяктуу эле "жылт" деп келе кала турган нерсе кээде. Ал эми программалык обондор бир-эки, беш жылдап келиши мүмкүн. Мисалы, мен 1980-жылы баштаган "Жорго" деген ырымды ушу күнгө чейин бүтө элекмин. Бүтө албай койдум да. Ушундай да болушу мүмкүн экен. "Жыйырманчы жаз" жарым саатка жетпеген убакта чыккан обон. Ал элге тарап кетти. Бирок, мен анда "Жамгырдагыдай" түйшөлгөн жокмун. Көрөңгө жыйналып-жыйналып жүрсө, анан бир тема келе калса, шуулдап чыгып кетиши мүмкүн экен. Анан "ушул чыгармам менен жан отумдун баары чыгып кетти, атаң гөрү, ушуну көксөп жүрдүм эле, акыры жаздым" деп обон боюнча айтыш кыйын. Бул "жылт" деп келе турган эле нерсе таланттуу киши үчүн. Талантсыз кишиге ар бир обон азап. Анын жакшы чыгышы да кыйын, элге тарашы да кыйын. Ырыспай аке экөөбүз бир жолу бир сааттай талаштык. Ал киши айтат: "Менин көзүм өтүп кетсе "Сагынуу" калат, "Сагынууга" мен жан-отумду бердим эле" дейт. Мен айтам: жок, "Сагынуу" эмес, "Издейм сени" калат. Анткени, "Сагынуу" "Издейм сенинин" ичиндеги эле бир учкун сезим. "Издейм сени" - бул абдан чоң обон. Бакытты издейсиңби, сүйгөнүңдү издейсиңби, өзүңдүн ордуңду издейсиңби, ошонун барына жооп берип кете бере турган масштабдуу обон (!) дедим. Акырында макул болгон. Көрсө, өзү "мен өлгөндө коюп койгула" деп, "Сагынууну" скрипкага жаздырып жүрүптүр. Өзү жакшы көрчү. Ушундай да учурлар болот экен. А угармандарга "Издейм сени" кымбат. Автор деле кээде чыгарманын келечегин так айта албай калышы мүмкүн.
-Боксёрлордо бир эреже болот. Мыкты боксёр рингден качан нокаутка жыгылганда эмес, атагы таш жарып турган маалда кетип калышы керек (!) дешет. Сиз да тар чөйрөдө гана ырдаганыңыз болбосо, чоң сахнага чыкпай койдуңуз. Боксёрлордун ошол эрежесин кармандыңызбы?
-Боксёрлордон баштап калдың, айтайын. Мисалы, Тайсон Дуглас менен беттешкенге чейин бокстан кетип калса болмок. Ошондо легенда бойдон калмак. Рой Джонс беш жолу абсолюттук чемпион болгон, Джонсон менен беттешкенге чейин кетип калса, ал да легенда бойдон калып калмак. Учурунда токтотуш кыйын, мунун азгырыгы абдан чоң. Адам өзү сезбейт. Жакшы обон чыгарып жүргөндөрдүн көпчүлүгү кийин деле жаза берет. Түгөнгөнүн, баягындай көрөңгө жок экенин, өзүн өзү кайталап калганын, же жаратман духу төмөн түшүп кеткенин байкабайт. Бул бир чети жакшыдыр. Буга Жумамүдүн Шералиев жол салып кетти го деп ойлоп атам. Себеби, ал киши отуруп алып эле обон чыгара берчү экен да. 60-70ке келгенде да жакшы обондорду чыгарган. "Мүмкүн биз деле ошондой кылабыз" деп ошонун азгырыгына түшүп атышабы, билбейм. Бирок ар бир автор өзүнүн потенциалын билиши керек. Башкаларды билбейм, менин өзүмө койгон планкам бар болчу. "Ошондон түшө турган болсом токтотом" деп тээ жаш кезимде эле ойлочумун. "Насыйкат" менин бактым да болду, шорум да болду. Анткени, ал менин планкамды капкаякка чейин көтөрүп салды. Кайра кичинекей обондорду жазсам, ошол "Насыйкат" менен салыштырып туруп алышты. Муну "Шумкарды" жазганда байкадым да. Ошондо мага ой келди: "Эми эмне жазсам да, "Насыйкат менен салыштырып туруп алышат турбайбы" деген. Экинчи чети, мен "Насыйкатты" жазган жокмун. Ал мурдакы күү. Мен аны жөн гана ырдап чыктым. Бирок ошону мен жараткандай кылып, салыштырып туруп алышты. Ошол мага кыйын болду. Өзүмдүн мээлейим өзүмдү нокаутка жыккандай болду.
-Обончу өзүнүн потенциалын билиши керек деп атпайсызбы? Ага эмне чен-өлчөм болуп бере алат? Угармандын пикириби?
-Элдин пикирине таянганда болбой калат. Бул адаштырууга алып келет. Себеби, эл бир кездеги популярдуу кишиге боору ооруп деле кол чаба берет. Аны да түшүнүш керек. Адамдын өзүндө эки киши жашышы керек. Бирөөсү сынчы, бирөөсү жаратман. Эгер сынчың күчтүү болсо, ал өзү эле токтотот. Эгер сынчың жок болсо, анда шоруң. Анда качандыр бир кезде баягындай бирдеме жазам (!) деп кете берет, анан эчтеке жаза албай, болбогон бирдекелерди жазып, угарманды иренжитип алат. Мен ошол күнгө жетпейин дедим.
-Бирок экинчи жагы да бар эмеспи. Булбул табиятынан сайраганга жаралган жан да. Анан бир күн эле сайрай албай калса, бул булбул үчүн өлүмгө тете эмеспи? Чыгармачыл адам болгондон кийин жүрөк кантип түтөт дейм да?
-Булбул деле бир-эки укканга. Сергей Есенин жазып атпайбы, "булбул сайрап атат, баягы эле ырын кайталап" деп. Ошол сыяктуу булбулдан деле танат адам. Ырчылык, обончулук өмүр бою берилген мага, көзүм өткөнчө ушунун артынан жүрүп, шумдук нерселерди жаратам (!) дегендин өзү жаңылыштык. Тулпар тушунда деп коёт. Ар бир нерсе тушунда. Ким чыкпасын, кандай чыкпасын, эл ага тоёт бир күнү. Тойгондон кийин жаңыны эңсей баштайт. Тиги артынан келаткан талант ага жетпесе деле баары бир ошону уккусу келет. Адам жаңы нерсеге муктаж болуп турат дайыма. Ушул мыйзам ченемдүүлүктү түшүнүш керек да.
-Анда, азыр такыр эле обон жаратпай койдуңузбу?
-Азыр музыкага тийишпейм. Мен бир нерседен кетсем, кеткенге чейин өзүмдү абдан даярдайм. Кеткенден кийин менде ностальгия деген болбойт. Ностальгия болбош үчүн даярданам. Анан кеткенден кийин тейтеңдеп... Кобзон, Пугачевалар канча жолу "кеттим" деп коштошот, бирок кайра эле сахнага чыгып алышат. Өткөндө тамашалагам: менин андай жиндилигим жок. Кеткиң келбейби, жүрө бер, эл кубалап түшкөнгө чейин. Кеткенден кийин биротоло кетиш керек. Европада мисалы, сахнада он-он беш жыл жүрөт деген түшүнүк жок. Ашып кетсе беш жыл дуулдайт, болду, өздөрүнө жеткиликтүү каражат жыйнап алышат дагы, башка ишке кетишет.
-Сиздин бир туугандарыңыздын баары чыгармачыл кишилер экенин билебиз. Агаңыз маркум Аман байке не бир керемет чыгармаларды жазып кетти. Чыгармачылык сиздердин тукумуңуздарда бар го, ээ?
-Менин таятам чоң акын болгон. Ал киши домбура чертчү экен негедир. Чүй боорундагылардын көбү, мисалы, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиев да домбра чертип жүргөн учурунда. Таятам да ошолор сыяктуу чертип жүрсө керек да. Анан казал жазчу экен.
Бир кезеги келгенде
Казы карта, жал жедим.
Бир кезеги келгенде
Жата калып кар жедим.
Ушундай кыска-кыскасынан, кесе-кесе айткан жакшы ырлары бар. Таятамдын досу казактын байы болгон. Ошол казактын бир баласы 13-14 жашында Меркеден Суусамырга өтүп батканда, дайыма таятамдыкына келип, бир күн, эки күн өргүп, домбурасын, казалдарын угуп, анан жолун кайра улачу экен. Ошонун баласына жолугуп калбадымбы. 60-70терге келип калган киши экен. "Мен сенин таятаңдын өлөңдөрүн уккам" деп экөөнү айтып берди. Кийин кулакка тартылып, Жамбулга алпарып камаганда таятам айткан өлөңдөрүн анын атасы балдарына айтып бериптир да. "Жата калып кар жедим" деген ошо кулак болуп, камалгандагы ыры тура. Ага чейинки бир ыры казактарга тарап кеткен. Кимиси автор болуп жүрөт билбейм.
Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен,
Балбанды жыга албайсың чалган менен.
Аттиң ай, бир жыкпастан жыгылдым деп
Өмүрүң өтүп кетет арман менен,-деген ыры.
Ошол таятаман келгенби (?) деп ойлойм да. Эсен байкем Байдыкелердин деңгээлиндеги абдан чоң акын болмок. Бирок ал өнөрдү аркалабай, айылда калып калды. Ушу күндө дагы айылда кишилер келип, тийишип калса турган жеринин эки сап менен урат. Экспромтом айта берет. Биздин тукумдун баары эле өнөргө жакын. Апам обондорду аябай так ырдачу. Атам комуз чертип, ырдаган киши болгон.
-Домбура демекчи, эсиңиздеби, Салижан Жигитовдун "Шуулдаба теректерим" деген ырын сиз да домбура менен ырдап чыккансыз?
-Мен ал обонду комузга да салып көрдүм, аккордеонго да салып көрдүм. Анан домбурага салсам, такыр башкача чыкты да. Биздин эл кызык: Европанын пианиносун ойносо, эч ким таң калбайт, скрипкага таң калбайт, немистердин аккордеонун тартса, аны тим эле өзүнүкүндөй кабыл алат. Анан жанындагы кандаш, бир тууган казактын домбурасын чертсең эле "эмне үчүн домбра?" деп таң калат. Домбранын бир сырдуу үнү бар. Уксам эле жүлүнүм солкулдап кетчү. Мүмкүн ошол таятаман кан менен келген нерсеби (?) деп ойлойм.
-"Улутман" дегенде азыр Түгөлбай Казаковду, Казаков дегенде "Улутманды" түшүнүп калдык. Бул берүү сиз үчүн эмнени билдирет? Ичте ачылбай калган чоң потенциалды ачуунун жолубу же күндөлүк жумуш, айлык табуунун каражатыбы?
-"Улутман" менин обончулукта жүргөндөгү, журналистикада жүргөндөгү арабанын үчүнчү атындай болуп, кошо жүргөн бир идеяларым. Ал деле араба тартып баратчу, бирок ага каамыт салынчу эмес. Мен тарыхты карап, өзүбүздүн улутту карап, "кыргыз эли өзү эмне болгон эл, кандай феномен эл, канчалаган саны көп элдер кол салган, бирок алар эмне үчүн кетишти кайра? Эмне сыры бар ушунун?" деп көп ойлончумун. Бул бир жагы. Экинчи жагы, "бир кезде Чыгыштан Батышка чейин тоонун бүркүтүндөй эркин шаңшып учуп жүргөн эл, бир кездеги жоокер, эчтекеден коркпогон, гунндардын, сактардын учурунда ошолорун өзөгүн түзүп жүргөн жоокер эл бүгүн эмне үчүн мынчалык майдаланып кеткен?" деген суроо кыйнайт эле. "Кыргызды сындаш керек, кемчилигин көзүнө чукуп айтып, намыстантыш керек" деп жүрүшпөдүбү Салижан Жигитов агайларыбыз. Кийин мен ал киши менен сүйлөшкөндө сурадым да. Нечен жылдан бери сөктүңүз кыргызды, "ушу сен сөккөндөн кийин мен оңолуп, киши болуп калдым деген бирөөнү көрдүңүзбү? десем, "ой, ушулар оңолмок беле?" деп дагы сөктү. Анан мен ойлодум, бул элди сөккөндө болбойт. Бул элди азыр кыйналып турганда башынан жөлөш керек. Көңүлүн көтөрүп, саамайынан сылаш керек. Кыргыздын көңүлүн көтөрсөң, көп нерсеге жөндөмдүү болуп кетет. "Улутман" ошондон улам алып чыккан программам болду.
Мамат Сабыров