Феликс Кулов, "Ар-намыс" фракциясынын лидери:
"Иса Өмүркуловду кызматтан алалы, бир катар чиновниктерди түрмөгө отургузалы"

Өткөн жумада парламенттик көпчүлүк коалициясын бузуу аракеттери саясатчылар тарабынан жасалганы менен ишке ашпай калды. Ал оюндун оюнчулары "Ар-намыс" фракциясынын башчысы Феликс Кулов жана айрым депутаттар болду. Биз бүгүн ушул жана башка маселелер боюнча Феликс Шаршенбаевич менен кеңири маек курдук.

-Феликс Шаршенбаевич, коалициянын айланасындагы маселелер боюнча пикириңизди айтсаңыз? Негедир көпчүлүк күткөндөй болбой калды окшойт…
-Өткөн шейшемби күнү мен көпчүлүк коалицияга арыз жаздым. Себебин өзүңөр билесиңер, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо ачык эле уурдоолор, алдоо жолу менен добуштарды тартып алуу болуп, анын аркасы менен биздин партияны кулатышты. Мына ошондуктан, биздин партиялаштар көпчүлүк коалициясындагы өнөктөштөрүбүз "Ата Мекен" менен КСДПга нааразы болушту. Муну менен бирге эле мен Чыныбай Турсунбеков менен жана Өмүрбек Текебаев менен жакшы мамиледемин. Бирок, бийликтин төмөн жагында отургандарга нааразычылык, ишенбестик бар, себеби, өзүңөр жакшы билгендей сатып алуулар, фальсификация орун алды. Мына ушундай проблемалардан кийин мен алар менен бир болуп калгым келген жок. Чыныбай Турсунбеков дагы жогору жактагы чиновниктер менен сүйлөшүп, чара көргөнү менен Иса Өмүркулов жайлап койду. Акча таратышты, алдашты, домком, квартальный, участковый дегендер катуу иштешти. Бир сөз менен айтканда, ал эмне ыплас иштерди жасаш керек болсо, ошонун баарын жасады. Ошондуктан, бир чечим кабыл алып, реакция жасашка туура келди. Бирок коалициялык көпчүлүктүн төрагалыгынан кетүү боюнча бизде атайын жобо жок. Буга байланыштуу мен коалициянын жыйынына кайрылдым.
Бирок, мен бул маселе боюнча биздин фракцияга кайрылганда, Турсунбай Бакир уулу күтүүсүз жерден коалициядан чыгуу тууралуу маселе көтөрдү. Аны 4-5 депутат колдоду. Мен айттым: "Биздин күн тартибибиз бекитилген. Анан да мындай олуттуу маселени депутаттар толук катышпаган жыйында шашылыш карап коюу да туура эмес. Бир топ депутаттар командировкада жүрүшөт. Ошондуктан, алардын пикирин дагы эске алуу зарыл" дедим. Буга байланыштуу коалициядан чыгуу боюнча маселени кийинки жыйында карайлы (!) деген сунуш киргиздим. Анан калса, ортодо шаршемби жана бейшемби күндөрү пленардык жыйын болуп, бул маселени башка фракциялардын депутаттары менен талкуулай алган жокпуз. Кечинде фракция лидерлери келишип: "Биздин депутаттар өздөрүнчө консультация өткөрүп жатышат. Биз да өзүбүзчө консультацияларды өткөрүп алалы" дешти. Мен аларга: "Бул маселени азыр кароого эрте. Анткени маселе күтүүсүз көтөрүлдү. Ошондуктан убакыт керек. Азыр маселенин теориялык жагын гана карайлы" деп айттым. Ошондой эле менин пикиримде, коалициядан чыгуу маселесинде ар бир депутат өз алдынча чечим кабыл алышы керек. Эгер мажбурлай турган болсок, ал эртең баш тартып коюшу мүмкүн.
Андан кийин жума күнү биз фракциянын жыйынында коалициядан чыгуу маселесин карабоону чечтик. Себеби, маселе дагы деле чийки бойдон болчу. Алдыда кыш келатат. Жакында ШОС өкмөт башчыларынын саммити Кыргызстанда өтөт. Кыргызстан бул ишке төрагалык кылып жатат. Кышка даярдык, өкмөттүн күнүмдүк иши дагы чоң көйгөй болуп турат. Социалдык жагынан алганда дагы, адамдык жагынан алганда дагы, бүгүнкү кырдаалда ушул ишке барганыбыз кандай болуп калат (?) дедик.
-Сөзүңүзгө аралжы. Август айында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапар менен келген күнү да, сиз жетектеген фракция коалициядан чыгып, Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн кулатпадыңыздар беле?
-Туура, биз коалициядан чыкканбыз. Бирок мындай да. Назарбаев президент. Иш сапар менен келсе, ал иш-чара президенттердин деңгээлинде өттү, туурабы? Ал эми бул жерде премьер-министр өзү төрагалык кылып жатпайбы. Болгондо дагы ШОСтун премьер-министрлери келе жатат. Ал эми Назарбаев жылдын аягында келген жок да. Айырмасы ушунда. Анан калса, ал учурда биз биринчи ирет чыкканбыз. Эми 2 ай өтпөй дагы чыксак, кандай болуп калат?
-Ортодо "Кожобек Рыспаев менен Токон Мамытов президент Атамбаевге жолугуптур" деген такталбаган маалымат тарап кетти…
-Бул боюнча Токон Мамытов төгүндөө берди. Так ошол жума күнү Анвар Артыковдун туулган күнү болуп, ал киши мага ачык айтты: "Мени президент чакырып, куттуктады. Ачык айтып коеюн, коалициядан чыгуу боюнча бир дагы сөз болгон жок" деди.
-Сизди президент Атамбаев кабыл албай койду (!) деген маалымат чыкты…
-Мен президент менен жолугууга аракет кылган жокмун. Мен президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев менен жолуктум. Ал мага: "Президент түз айтты. Керек болсо жаңы шайлоо өткөргөнгө чейин баргыла. Эртең башкача сөз болбосун. Бул пикиримди Бишкектин мэри Иса Өмүркуловго дагы, БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимовго дагы айттым" деген президенттин пикирин билдирди. Мен ага ишендим. Бирок биз башканы, а жергиликтүү жетекчилер жер-жерлерде башка ишти жасашат экен. Ошондуктан, бир нече күнөөлүү адамдарды камакка алып, отургузуу керектигин айттым. Мына ошондо гана кийинки шайлоо таза өтөт. Керек болсо мэрди кызматтан алыш керек. Ал бул ыплас иштердин баарын өз креслосун сактап калуу максатында жасап жатат. Эгер биз бул маселеге кайрылбасак, анда эртең деле ушундай маселелер чыга берет.
-Эми сиз коалициянын төрагалыгынан кетип жаткандан кийин президент кабыл алып, бир ооз сурап койсо болбойт беле?
-Мен мындан эч кандай жаман нерсе көргөн жокмун. Бул деген коалиция өзүнчө жана президент өз алдында иштээрин айгинелеп турбайбы. Себеби, биз коалициянын тагдырын өзүбүз чечебиз. Президент биздин ишке кийлигишпейт. Эмне үчүн мен бул маселе боюнча президентке чуркап барышым керек? Эгер ал өзү сүйлөшүүнү кааласа чакырмак. Демек чакырган жокпу, анда кереги жок. Мен дагы президентке кирип, маселени түшүндүрүүнүн кажети жок деп чечтим. Биз муну өзүбүз талкуулашыбыз керек. Биз парламенттик өлкөбүз. Мен муну менен парламентке өз алдынча иштөөнү үйрөткүм келет. Керек болсо БШК дагы президентке баш ийбейт. Ошондуктан, алар дагы көз карандысыз түрдө өзүнчө интервью чечим кабыл алышы керек. Ошондой эле президенттин ишине дагы башкалар мыйзамсыз кийлигишүүгө акысы жок.
-Учурдагы өкмөткө жана анын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевге нааразычылыктар өтө көп. Бийликке келгенине 3 айга жакын убакыт болуп бара жатат. Алигүнча эч кандай план, программасы жок. Сиз кандай баа бересиз?
-Мен азыр баа бере албайм. Болгону каалоомду гана айтайын. Ийгилик каалайм. Азыркы кез абдан жоопкерчиликтүү учур. Жылды ийгиликтүү аякташыбыз керек. Коңшулар менен тил табышышыбыз керек. Жакшы, так жана реалдуу план түзүү шарт. Буга ашыкча акылдын дагы кереги жок. Өкмөт чыгымдарды азайтып, киреше булактарын көбөйтүүгө аракет жасашы керек.
Мындан тышкары, фракциядагы депутаттар дагы айтышты: "Сатыбалдиев бүт өлкөнү кыдырганда, баардык жерге "акча жок, казына бош" деп айтып жүрөт. Башка эч нерсе айтпайт. Ооруканаларга барып алып айтыптыр: "Өзүңөрдү өзүңөр каржылагыла" деп, анда өкмөттүн бизге эмне кереги бар?" деген пикирин айтышты. Мен өзүм Жантөрө Жолдошевичке урмат менен мамиле кылам. Болгону биздин депутаттардын айткан сындарын туура кабыл алып, андан жыйынтык чыгарышы керек.
-Камила Талиева вице-премьер-министрлик кызматка кетип бара жатканда "Кулов Талиевадан кутулуш үчүн аны өкмөткө жөнөттү" деген маалыматтар чыккан…
-Качан кызмат бош калганда, ал биздин фракциянын карамагындагы квотага кирген кызмат болгондуктан, ал жерге кайра эле биздин өкүлдөрүбүз барышы шарт. Асымбекова кетти, демек ордуна башка адам барышы керек эле да. Бизде мындай тартип бар. Адегенде фракция мүчөлөрүнө сунуштайбыз. Эгер фракциялаштардан каалоочулар чыкса, анда аны иликтеп, таразалап көрүп туруп, бирдиктүү чечим кабыл алабыз. Биз Талиеванын талапкерлигин фракциянын жыйынында ачык караганда, депутаттардын көбү аны колдошкон. Ал өзү дагы мурда Жалал-Абад облусунда губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген. Тажрыйбасы бар. Мына ушуну эске алып, депутаттардын колдоосу менен биз Талиеваны вице-премьерлик кызматка жөнөткөнбүз. Өзү дагы социалдык маселелерди тынбай көтөрүп жүргөн активдүү депутат болчу. Болгону ушул.
-Учурда бийлик вертикалын толук бойдон президент Атамбаев өз колуна алды. Ал диктатуралык жолду тандап алды (!) деген сөз болуп жатат. Буга кандай карайсыз?
-Президент Атамбаев өзү КСДПнын лидери. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, бир катар министрлер, губернаторлор, акимдер, парламент төрагасы дагы ушул партиянын атынан иштеп жатышат. Ушундай учурда принципиалдуу суроо туулат: "Бийликти узурпациялоо жүрүп жатат" деген. Көпчүлүк дагы ушундай пикирде. Мындан тышкары, Башпрокурор, соттор толугу менен президентке баш ийет. Эң мандемдүүсү, Башмыйзам боюнча президентте мындай ыйгарым укуктар жок. Башмыйзам боюнча бизде күчтүү премьер-министр иштеген парламенттик республика болуп эсептелинет. Ал эми реалдуулукта парламенттик, ошол эле убакта таасирдүү президент иштейт. Бул нерсенин жакшы жана жаман жактары бар. Жакшы жагын айта турган болсом, эгер ал жоопкерчиликти алам десе, анда ал жакшы нерсе. Жантөрө Сатыбалдиев премьер болуп шайланып жатканда мен айткам: "Сиз азыр КСДПнын атынан премьерликти алып, ыйгарым укуктарга ээ болуп жатасыз. Аны кантип коргоп алуу сиздин колуңузда. Сиз өкмөттүн атынан өлкөдөгү экономикалык кырдаалга жооп бересизби? Эгер жооп берсеңиз, анда биз сизди колдойбуз" деп айткам. Ал "жооп берем" деген. Мына, ошондуктан биз өкмөттү колдодук. Эгер президент "жоопкерчиликти алам" десе жакшы. Ал эми жоопкерчиликсиз эле "бийликти күчөтөм" десе, ал жакшы баага татыбай калат. Жоопкерчиликсиздиктин учуру өткөн. Муну эске алышыбыз керек.
Маектешкен Аман Балбаев