Анвар Оморканов, Токмок шаарынын мэри:
"Султан Ибраимов тазалыгы, калыстыгы менен биздин эсибизде"

Биздин каарман жөнөкөй адам эмес. Спортсмен, хоккей боюнча эл аралык чебер. "Даңк" медалынын ээси, өзүнүн кесиби медик, саламаттык сактоо боюнча эң жогорку үлгүдөгү адис, бул жагынан сыйлыктары да арбын. Эң башкысы, Анвар мырза кыргыздын салтын урматтаган инсан, ал эми өндүрүш, медицина, бизнес тармактарынан такшалган адис. Кыскасы, мамлекет үчүн универсалдуу солдат...

-Анвар мырза, Совет маалында Токмок шаары гүрүлдөп иштеген, элди жумуштуулук менен камсыз кылган эң алдыңкы шаарлардын бири эле. Эгемендүүлүк алгандан бери бир нече ишканасы таланып-тонолуп кетти окшойт. Азыркы учурда канчалык деңгээлде калк жумуш менен камсыз болуп, өндүрүш кай деңгээлде өсүп жатат?
-Чын айтыш керек, мен анализдеп көрсөм, союз мезгилинде азыркы айнек заводу, ун комбинатына окшогон 21ге жакын ири өндүрүш Токмокто иштеп турган экен. Муну өз мезгилинде Султан Ибраимович баштап, Токмокту өндүрүш зонасына айландырууга аракеттениптир. Ооба, союздун талкаланышы Кыргызстандын баардык аймагындай эле бир нече ишканалар таланып-тонолуптур. Бирок, кыргыздын бактысына жараша азыркы учурда бизде 70% ы сакталып калыптыр, анын 15тейи өз ишин улантууда. Анын бири ун комбинаты десек болот. Буга чейин тонолуп, каркасы гана калган комбинатты канадалыктар менен биргеликте жакында кайра ишке киргиздик. 5 миллиондон ашык акчаны инвестиция катары салышып, Польша, Голандия, Канададан чыккан тетиктерди коюп, эки линия менен иштей тургандай кылып, шарт түзүп, бир күндө 500 тонна буудай тазалана тургандай жасашты. Эгер максаттагыдай иштеп берсе, бир жылдык товар айландыруусу миллиардды чапчый турганын билебиз. Биз комбинатты ачып жатканда, Американын "Ганси" базасынан өкүлдөрү келишип, "Ооганстанга 10 миң тонна ун жөнөтүү боюнча келишим түзөбүз" дешти. Алар бул ишкананын эл аралык стандартта салынганын билип, баардык талаптарга жооп берерин аныктап, анан келишиптир, бул биринчиси. Экинчиси, Союз тозугандан кийин Токмокто 1 бөлмөлүү батирлер 2 миң сомго чейин арзандаган эле. Мына азыр батирлер жагынан ижара табылбай калды. Бул элдин жумуш менен камсыз болуп, заводдордун иштей баштаганын кайсы бир деңгээлде тастыктап турат. Айнек заводу дагы үч жыл иштебей туруп, быйыл жай айынан баштап ишке кирди, учурда 1600 адам иштеп жатат, мунун товар айландыруусу 1 миллиард 700 миллионго жетет. Анткени, булар айнекти чет мамлекеттерге да жөнөтүүдө. Мындан сырткары, "Чүй-Гласс" деген дагы бир завод айнек чыгарып жатат. "Элимай" деген сүт азыктарын чыгарган чоң завод болчу, 2009-жылга чейин иштеп, Казакстандын компаниясы өз жериндеги чатактар менен жабылып калган эле. Ал аукционго коюлуп, азыр сатылганы турат. Эгер ишке кирсе, 1000ден ашуун адам жумуш менен камсыз болот. Булар иштеп турса, жергиликтүү бюджетке чоң акча түшөт, андан шаардын жолдору, инфраструктуралары оңдолот.
-Сиз Токмокко жетекчи болуп келгенде эң негизги көйгөй эмнеде экен?
-Мен Токмокко келгенде, эң негизги көйгөйлөр бала-бакчада анан жолдо экен. Баары "революция" деп жүрүп, экономика каралбай калыптыр. Мен келгенге чейин ушундай бир салт болгон экен, ар бир ишкана кайсы бир жолдун бөлүгүн оңдоо жоопкерчилигин мойнуна алып, өздөрү эптеп жасап жүрүптүр. Келип эле мен бүт ишкананын жетекчилерин чогултуп, "жолдун баарын жасаганга, бала-бакчаларды оңдогонго мэриянын алы жетпейт, силерге да байлап койгон туура болбойт. Ошондуктан, жолго 3 миллион сом чогултуп берсеңер, мен да бюджеттен 3 миллион сом кошуп, жолдорду алыбыздын жетишинче оңдойлу" дедим. Баары туура түшүнүп, колдошту. Жыйынтыгында, быйыл Токмоктун 60% жолун оңдодук. Эмдиги жылы, Кудай буйруса жолдун баарын оңдоп бүтөбүз. Ал эми каралбай калган бала-бакчалардын экөөсүн оңдогонго жетиштик, ага 300 бала орношот. Келерки жылы дагы үч бала-бакча бар, ошону ишке киргизүү жагынан кам көрүп атабыз.
-Айыл-чарбасына тиешеңиздер жок, бирок, айыл-чарбасын колдогонго мүмкүнчүлүгүңүздөр бар, бул көйгөйдү кантип жандандырса болот?
-Ооба, мэрияда айыл-чарбасына тиешелүү нерсе жок. Бирок, айыл-чарбасын кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, айыл элине жакындан жардам берип, көтөрсө болот. Жана айтып кеткен ун комбинаты эми бир күндө 500 тонна буудай алат. Албетте, алар шаардын тегерек четиндеги айылдардан алынат. Бул айыл-чарбасына чоң жардам берет. Ошондой эле спирт заводу бар, ал дагы бир нече тонна буудайды керектейт. Эми баарыбыз айылда төрөлүп, өсүп, чоңойдук. Азыр жумуш жоктун айынан, жашаганга шарттын жоктугунан жаштар айылдан качып жатышат. Мисалы, Европадагы айылдарды карасаңыз, баары стандарттуу салынган. Бардык шарттар бар. 50 жылга үйлөрдү кредитке беришет, айына кичинекей акчаны төлөйсүң да, жашай бересиң. Бизде дагы эки айылды алып, бүт шарты менен катеждик шаарчаны салып берсе, дыйкандарга жерин айдаганга, чарба кылгандарга мал алганга кредит берсе, айылдан эч ким качпайт эле. Ун да, мал да болсо, үйүндө баардык шарттар болсо, ким шаарга качсын? А азыр акча жок, мал ала албай, же жер айдай албай, барган сайын айылдарыбыз жакырланып жатат. Маселен, Америкада элдер өмүр бою кредитке жашайт. Бизде байкуш кыргыздар үйдөн, жерден, же малдан жок кор болуп, өмүрү өтүп кетүүдө. Анан жетимишке чыкканда анын кереги не?
-Медицина жаатында дагы иштеп, программа сунуштап жүрдүңүз эле, бул багыт кандай деңгээлде?
-Мен беш жыл мурун бир программа жазып, "эгер медицинаны азыр реформа кылбасак, он жылдан кийин чыкпай турган сазга батып калабыз, тез арада акча төлөтүү багытына өткөрөлүк" деген элем. Мына азыр эч кимге жашыруун эмес, кайсы ооруканага барбагын, догдурдун чөнтөгүнө акча саласың. Ал врач алган акчасына өзүнө стол да алып койбойт. Мен улуттук госпиталда бир айда канча адам операция болуп, даарыланып чыгарын эсептеп, ар биринен минималдык 100 доллардын тегерегиндеги сумма менен санадык. (Кээ бири миң, беш миң долларга чейин берет.) 30% ы врачка, 10% мээрмандарга, 5% санитаркага жана студент, бей-бечаранын бекер дарысына, оңдоп-түзөөгө, тетиктерге (!) деп. Ошондо 3 миллиондон 5 миллионго чейин каражат калат экен. Бул эмне деген акча? Муну менен техникалык базасын оңдосо болот да. Врачтардан азыр сурасаң, "хоби катары эле иштеп жатам" дегенин угасың. Ал эми акчаны "жерден же малдан табам" дейт. Негизи врач деген күндө иштен кийин окуш керек эле. Антпесе жаңы дарылар, жаңы технологиялар чыгып жатат, артта калып калбайбы. А биздегилер кайдан акча табыш керек, малын кайда багыш керектигин ойлонуп жүрөт. Анан бизде кантип саламаттык болсун? Эгер мен айткан системаны киргизсе, ар бир врач категориясына жараша акчаны көп алат. Менин эсебим боюнча, бир дарыгер 3 миң доллардан көп алса болот. Жакшы иштесе премия, жаман иштесе айлыгын кырка тургандай кылып койсо, врачтар китепканадан чыкпай калат болчу. Бирок, эртеби, кечпи буга барабыз. Анын эрте болгону жакшы болмок. Биз диагнозду канчалык бат коюп, тез дарыласак, адамдардын өлүмү кыскарат эле. Эгер муну киргизбесек, медицина күн өткөн сайын сазга кептеле берет. Азыр бюджеттеги эң чоң каражаттар билим берүү менен саламаттыкты сактоого бөлүнүп жатат. Бийликтин эрки жетип, ушул реформаларды жасаса, бул тармактарга жумшалган каражат мамлекеттин чөнтөгүндө калмак. Биз "сууну кумга куйгандай" эле кылып жатабыз.
-Ар бир шаарда Генплан деген болот эмеспи, сиз бул багытта иш жүргүзө алдыңызбы?
-Албетте, Генплансыз шаар болбойт. Маселен, Бишкекти көрүп жатабыз, Генплан жок эле, жаңы конуштар салынды. "Дордойдун" ылдый жагына таштандыга эле үйлөр курулду. Анан менчик үйлөрдүн жанында көп кабаттуу үйлөрдү салууга уруксат берип жатат. Жер үйүңдүн жанында кабаттуу үй курулса, ал менчик болбой калат да. Мына ошону эске алып, "Токмоктун кайсы жагына кабаттуу үйлөрдү курсак болот?" деген тапшырманы архитекторлорго берип, Генпландын үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, айрым жашоочулар "соода үйүн же ресторан курам" деп келишүүдө. Биз ошолорго Генпланга ылайык көрсөтүп беришибиз керек, "бул жерге соода комплексин кур, бул жерге мейманкана кур" дегендей. Болбосо чаржайыт курула берет да, бир эле жерге он ресторан түшүп калышы мүмкүн. Анан соодасы жүрбөй, жарымы банкрот болот. Мунун кимге кереги бар? Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй тизмектеп, барын план менен иштеп чыгышыбыз керек. Мындан сырткары, Токмокту эркин экономикалык зонага киргизишибиз керек. Анткени, авто жана темир жол бар. Мындан сырткары, бизде аскердик авиациялык база, 5 чакырым полосасы, эл аралык стандарттарга жооп берген аэродрому да бар. Ал жерден учуп, конууга болот. Экинчиси, "Гансини" ушул жерге жайгаштырыш керек. Азыр атуулдук аэропортто турат. Аскердик базанын мындай жерде турушу акылга сыйбаган нерсе. Аны Токмокко алып барса, туура болот. Анда 400 гектар жери бар.
-Токмок шаарынын майрамы боюнча азыноолак сөз козгой кетсеңиз?
-Быйыл Токмок шаарынын 145 жылдыгы болду. Борбордук аянтка Султан Ибраимовичтин атын койдук. Султан агабыз 34 жашында суу-чарба министри, кийин Совминдин жетекчиси, 4 чакырылыштын депутаты болгон. Тилекке каршы, 53 жашында табышмактуу өлүмгө кабылып, акылы толуп турган кезде кете берди. Бул кишинин атын коюуну элдин баары колдоду. Келерки жылы, Кудай буйруса, эстелигин тургузабыз. Азыр Оштон көп адам чалып жатышат, "биз да акча которолу" дешип. Буга абдан сүйүндүм. Көрсө, Оштун Обкому болуп, 10 жыл иштептир. Оштуктар И.Раззаков, А.Масалиев, көлдүктөр Ж.Абрахманов, К.Тыныстанов менен сыймыктанса, биздин чүйлүктөр А.Токомбаев, С.Ибраимов менен көкүрөк кере алабыз. Султан агабыз эң таза иштегени, калыс сүйлөгөнү, түз жүргөнү менен биздин жүрөгүбүздө сакталуу.
-Соңку суроо, сиз спортко жакын адам катары белгилүүсүз, азыркы ишиңиз менен спортту айкалыштыра алып жатасызбы?
-Өзүң билесиң, Зуш, мен спортсуз жүрө албайм. Май айында хоккей боюнча эл аралык конгресс болуп, Финляндияга барып келдим. Кыргызстанды эл аралык федерацияга 70-мүчө кылып киргиздик. Бул да абдан чоң жетишкендик десек болот. Ошол жерден белгилүү хокейчи Третяк менен жолугуп, сүйлөшүп, жардам берүүсүн өтүндүк. Ал киши колдой турганын билдирди. Эгер айтылгандар аткарылып, максатыбыз ишке ашып калса, Россиянын спортчулары менен биздикилер бирге машыгып, бийик тоонун климатында чогуу машыгышат. Спорттун мен жетектеген түрү боюнча Казакстан менен биз экинчи орундабыз. Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуулар жок. Казактар легиянерлерди жалдап, континенталдык хокейде ойноп жатышат. Дүйнөлүк хокейде аз жерден финдерди утуп кое жаздады. Ток этерин айтканда, булар дүйнөлүк аренага чыгышты. Менин негизги максатым, биздин хоккейчилерди ошондой деңгээлге чыгаруу. Быйыл "С" тайпасында арабдар утту. Билесиздер, биз арабдарды 22 - 2 менен утканбыз. Биз дүйнөлүк чемпионатка катталбагандыктан арабдар утуп алды. Мен чемпионатка каттатып, биздин балдарды дүйнөлүк хоккейге чыгарсам, максатыма жетем.
Зулпукаар САПАНОВ