Боордош эки элдин ынтымагын көрсөткөн иш сапар жыйынтыкталды
Кечээ Түркия Республикасынын президенти Абдуллах Гүлдүн Кыргыз Республикасына жасаган эки күндүк атайын иш сапары аяктады. "Түрк аба жолдорунун" президентти жана аны коштоп келген расмий өкүлдөрдү салган учагы "Манас" аба майданынан Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына багыт алды.

Абдыкерим Муратов
Эльвира Караева
Абдуллах Гүлдүн иш сапары кыргыз тарап үчүн өтө жемиштүү болгондугу белгиленип жатат. Мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуу эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда Бишкекте тогуз жылдан бери боло элек эле. 2006-жылы сентябрь айында К.Бакиев Түркияга расмий иш сапары менен барып келген.

Өкмөт үйүндөгү жолугушуулар
27-майда Өкмөт үйүнүн алдында кадырлуу конокко арналып куралдуу күчтөр ардактуу кароолго туруп, эки өлкөнүн байрактары илинип, гимндери ойнолду. Ошол эле Өкмөт үйүндө Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери көзмө көз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң кеңири чөйрөдө эки тараптуу аңгемелешүүлөр, келишимдерге кол коюулар жүрдү.
Президент К.Бакиев өз сөзүндө: "Кыргызстан Түркиянын чыныгы жана ишенимдүү өнөгү экенин белгилеп кетким келет. Саясый, экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар мындан ары да тереңдей бермекчи. Кыргызстан Түркияны башкы тышкы саясый өнөктөрүнүн бири катары карай турганын канааттануу менен белгилегим келет. Буга биздин окшош салттарыбыз, тилибиз, маданиятыбыз түрткү болот",-десе, А.Гүл түркиялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө тартуу аракеттери дагы да активдешерин айтып, Ч. Айтматовду жалпы түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу деп белгилеп, кыргыз-түрк "Манас" университетинде заманбап "технопарк" уюштурулаарына токтолду. КАБАРЛАР 02

27-майда Өкмөт үйүнүн алдында кадырлуу конокко арналып куралдуу күчтөр ардактуу кароолго туруп, эки өлкөнүн байрактары илинип, гимндери ойнолду.
Ошол эле Өкмөт үйүндө Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери көзмө көз сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң кеңири чөйрөдө эки тараптуу аңгемелешүүлөр, келишимдерге кол коюулар жүрдү.
СҮРӨТ: СУЛТАН ДОСАЛИЕВ




Кызыл-Кыядагы цемент заводу продукция чыгарууга даяр
Азыр бул жерде түнү-күнү иш жүрүп жатат. Негизги курулуш иштери бүткөндүктөн, Кытай Эл Республикасынан даяр келген жабдыктарды монтаждоо менен алектенишүүдө. Цемент заводун иштетүүдө негизинен компьютердик технологиялар колдонулгандыктан, жылына 1 млн. тоннага чейин продукция чыгаруучу ишканага 1000ге жакын жумушчу тартылат. Цемент заводунун администрациясынын билдиргенине караганда, июль айына чейин негизги курулуш иштери бүтүп, ал турсун цемент чыгаруу башталат.
Жалпысынан 20 гектардан ашык аянтка курулуп жаткан ишканага сырьёлор автомашиналар менен эмес, конвейер аркылуу ишке ашат. Беш-Буркандан Кызыл-Кыя цемент заводуна чейинки аралыкка азыр конвейердин тетиктери кураштырылууда. Белгилей кетели, цемент заводунун ишке киргизилиши менен көмүр кендеринин, металл эритүүчү заводдун жана бир катар ишканалардын экономикалык потенциалдары да кеңейет. Эң башкысы, аталган ишкана Баткен облусунун эле калкы эмес, бүтүндөй түштүк аймагынын, ал турсун Өзбекстан, Тажикстанды дагы цемент менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Экономикалык серепчилердин айткандарына караганда, Баткен облусу өнүгүүгө карай багыт алды. Эгерде өнүгүү аймакта ушундай темп менен жүрсө, 2011-жылдан баштап Баткен облусу толук мамлекеттик дотациядан кутулуп, өзүн-өзү актоого өтөт. КАНЫШАЙ АШИМОВА, БАТКЕН




Студенттердин укуктары корголот
Каракол шаарында студенттердин укуктарын коргоочу уюм түзүлө турган болду. Бул уюм Кыргыз Республикасынын "Акый-катчы" институтунун, республиканын билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, ал студенттердин, жогорку окуу жайларынын угуучуларынын, ал тургай абитуриенттердин укуктарын коргоочу уюм катары коомдук башталышта иш алып барат. Өз ишмердигин баштай турган аталган уюм Республиканын Баш Мыйзамына, Адам укугу боюнча эл аралык актыларга, Жогорку окуу жайларынын Уставына таянат. Ошондой эле, студенттердин жашоо-шарттарына, жеке турмушуна байланыштуу айрым арыздарды иликтешет, эң башкысы студенттердин укуктары ар тараптан коргоого алынат. Ал эми шайлоого байланыштуу саясий өнөктүктөрдө студенттердин добуш берүү укуктарынын мониторинги жүргүзүлөт. Шейшекан Жаналиева, Ысык-КӨл