Тамиля Кадырова: "Эң башкысы -
балага ишеним артуу керек"
Бүгүнкү күндө балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар кандай психикалык оор абалга келиши, суициддердин болуп жатышы таң калычтуу деле болбой калды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын психатрия, психотерапия жана накрология кафедрасынын доценти, Бишкек шаарындагы психоневрологиялык ооруканасынын дарыгери Тамиля Кадыровага кайрылдык.

"Толук эмес үй-бүлөлөрдүн болушу, эгер толук болсо дагы ата-энелердин чыр-чатагы, ата-энелердин биринин же экөөсүнүн тең алкоголизм менен жабыркашы баланын коркуусуна, жалтаң болушуна жана билим алууда аксашына алып келет",-Тамиля Кадырова. СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА

- Айтыңызчы, сиздерге кандай бейтаптар кайрылышат?
- Балдардагы психикалык бузулуулар эмоционалдык, жүрүм-турумдук бузулуулар менен коштолот. Бизге көбүнчө начар окуган жана акыл-эси жагынан жетилбей калган балдардын ата-энелери кайрылып, жардам сурашат. Биздин ооруканада биринчи орунда акыл-эси кем балдар, андан кийин акыл-эстин өнүгүшүнүн кечеңдеши жана жүрүш-туруш жагынан бузулуу менен дарыланышат. Бала мектеп жашына жетип калганда анда психикалык бузулуулар байкалса бизге жиберишет. Баланы жакшылап текшерип, анын окууга жарактуулугун аныктайбыз. Себеби, айрым учурда бала мектепте окууга такыр жөндөмсүздөй көрүнөт, бирок текшере келсе акыл-эс жагынан баары жайында болуп, башка эле бир себептерден улам жабыркайт. Кыргыз элинин менталитети да башкача, эгерде бала 3-4 жашка чейин деле сүйлөй албаса, "мектепке барганда сүйлөп кетет, үйрөнөт, чоңоёт" деп жүрө беришип, кеч келишет. Бала менен эч ким сүйлөшпөй, көңүл бурбай жүрө берип, ал аң-сезим жагынан өнүкпөй калат.
- Акыл-эс жактан өнүкпөй калгандар көбүнчө кайсы жерден келишет?
- Акыл-эс жагынан өспөй калгандар шаардагыларга караганда айыл-кыштактарда эки эсе көп кездешет. Буга көп балалуулук, эненин начар тамактанышы, кош бойлуу учурларда оор жумуштарда иштөө, медициналык кызматтын алыстыгынан кеч кайрылуу себепкер болууда.
- Балдардагы психикалык бузулуулар эмне себептерге байланыштуу?
- Эмоционалдык, жүрүм-турумдук факторлор үй-бүлө, тарбиялоонун проблемаларына байланыштуу. Толук эмес үй-бүлөлөрдүн болушу, эгер толук болсо дагы ата-энелердин чыр-чатагы, ата-энелердин биринин же экөөсүнүн тең алкоголизм менен жабыркашы баланын коркуусуна, жалтаң болушуна жана билим алууда аксашына алып келет. Мындай учурда балдар көзөмөлдөнбөйт, алар менен эч ким сүйлөшпөйт. Дагы бир көйгөй жетиштүү үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке акча алып келип мактанышса, башка балдарда ич күйдүлүк, кызганыч пайда болот. Мектептеги рэкетчилик да өзүнүн терс таасирин тийгизип келет. Кризистин келиши да ата-эненин эмоциясы аркылуу балага берилүүдө. Мисалы бала чоңойгон сайын айланадагы жолдоштору көтөргөн телефонду ал да колдонгусу, алар кийген кийимди ал да кийингиси келет. Бул учурда "эмне үчүн анда бар, менде жок" деген жүрүм-турум бузулуусу башталат. Дагы бир чоң проблема бала кезинен эле арактын даамын татуу. 5-10 жаштардагы эле балдар анын даамын татып жүрүшкөн учурлар да бизге белгилүү. Азыр өлкөбүздө кароосуз калган балдардын социалдык феномени түзүлдү. Айрым балдардын ата-энесинин экөөсү тең бар болсо да үйдөн качышат, себеби, үйдө көчөдөгүдөн да жаман. Аларды үйдөн урат, сабайт, кыйнайт же дагы башка проблемалар бар.
- Ата-эненин ажырашып кетүүсү баланын психикасына кандай таасир калтырат?
- Мен көбүнчө эксперттик комиссиянын мүчөсү катары экспертиза жүргүзүп калам. Ошол тажрыйбамда балдарга ата-эненин ажырашып кетүүсү катуу таасир бергендигине күбө болуп жүрөм. Соттук процесстерде бала адам катары эмес, кандайдыр бир өч алуунун жолу катары, буюм сыңары каралат. Соттошкондо атасы баласы менен көрүшүп туруу үчүн убакыт сурайт, ага болсо апасы уруксат бербейт, себеби, ал күйөөсүн жазалашы керек. Бул жерде баланын психологиялык абалы эске алынбайт. Бала мындай учурда өзүн күнөөлүү сезет, аны менен эч ким сүйлөшпөйт, ата-эне өз кызыкчылыктарын көздөшөт.
- Балдарда жана өспүрүмдөрдө өзүн-өзү өлтүрүү же болбосо суицид учурлары эмнеге байланыштуу келип чыгат?
- Менин тажрыйбамда 10 жаштагы кыз өзүнө өзү бычак менен сайып өлгөндүгү тууралуу кабарлашкан. Кыздын ата-энеси ажырашып кетип, ал атасында калган. Бирок, атасы менен жашагысы келбей, үйдөн чыгып кетип, өзүнчө тентип жүргөн. Өзүн өлтүрүүгө дагы эмне түрткү болгону белгисиз, бирок, ал андан ары жашагысы келген эмес. Мында баланын жаш психикасы турмуштук оор психологиялык абалды көтөрө албай, ал өз жанын кыюуну гана туура деп тапкан. Бул абдан коркунучтуу. Ошондой эле "мага тигини же муну алып бербесеңер өз жанымды өзүм кыям" деп бирөөнү коркутуу үчүн да суицидке барууга аракет кылуу көп кездешет. Азыркы учурда менин баамымда өспүрүмдөрдө психикалык туруктуулук өтө начар. Алар болбогон нерселер үчүн деле жеңил ойлуулук менен жан кыюуга аракет жасашат. Бул бардык нерсени жүрөккө жакын алуу, өтө сезимталдык, стресске тез алдырууну түшүндүрөт. Суицид проблемалары боюнча дээрлик бардык эле үй-бүлөлөр ачык айтууну каалашпайт, андыктан анын көпчүлүгү да бизге жетпей калат. Өзүн-өзү өлтүргөндөр Россияда өзгөчө көбөйдү. Бул проблема көпчүлүк учурда психоактивдүү заттарды колдонуудан келип чыгууда. Баңгизат колдонуу, арак ичүү менен көпчүлүгү өзүнүн кайгы-капасын унутам деп ойлошот, ошонун негизинде өзүн өзү өлтүрүүгө чейин барышат. Жасаган нерсеси ойдогудай болбой же аны менен айланадагылардын пикир келишпестиги, каражаттын жетишсиздиги барып олтуруп депрессияга алып келет. Мына ошол депрессия суициддин олуттуу себептеринин бири.
- Уурулук, компьютердик оюндарга көз карандылык да психикалык бузулууга киреби?
- Компьютердик оюнга көз карандылык да психикалык бузулуунун чегине жетип калды. Себеби, үйдөн же дагы башка жерден уурдалган акчалар акыры барып эле интернет кафелерге жумшалат. Уурулук да өз ичинен дүнүйө табуу үчүн жасалган уурулук жана клептомания деп бөлүнөт. Эгерде бала уурдаган акчаны муктаждыктары үчүн жумшаса анда ал кырдаалдык же дүнүйө табуу үчүн жасалган уурулук деп аталат. Ал эми клептоманияда мындай максат көздөлбөйт. Мында бала даамдуу тамак жегенден канагаттанган сыяктуу эле, бир нерсе уурдап алса, ырахат алат. Клептомания чанда кезигүүчү көрүнүш.
- Эгерде бала уурдай баштаса ата-эне кандай чара көрүшү керек, аны урушуу же жазалоо туурабы?
- Бала мектепке бара баштагандан тарта ага жол киреге гана эмес калем сап, дептер сыяктуу майда-барат нерселерге жете тургандай чөнтөккө акча берүү керек. Чөнтөктө акча жок болгондо балада ар кандай проблемалар чыга баштайт. Бул көбүнчө тарбиядан да көз каранды болот. Айрым ата-энелер балага көп жүк артышат. "Туңгуюк тарбия" берүү да ушундай көйгөйлөргө алып келет. Мында ата-эне балага тапшырма берип жатканда анын эмнени аткарышы керектигин конкреттүү түрдө, ырааттуулук менен түшүндүрүшү керек. Ата-эне жана бала тараптан бирдей стресс абалына түшпөс үчүн бардык нерсени кеңешип, тактап алуу менен көп маселерди чечүүгө болот. Эң башкысы бала менен сырдашып, ага ишеним көрсөтүп туруу ар кандай жагымсыз учурлардын алдын алат. МАЕКТЕШКЕН АЙМИРА МЕНДЕЕВА





Рак оорусун 20 мүнөттө далилдейт
"Стар Трэк" тасмасындагы аппарат иш жүзүнө ашып, рак ж.б. ооруларды текшерүүдө жаңы ыкма табылды. Бул аппараттын жардамы менен болгону жарым саатка жетпеген убакыт ичинде диагноз жүргүзүлөт жана хирургдун кийлигүүшүсү керек эмес. Йале университетинин окумуштуулары биомаркер жасап чыгып, анын жардамы менен кандын үлгүсүн алып, оорунун белгилерин табышат. 1960-жылдары "Стар Трэк" тасмасындагы доктор Кой колдонгон аппаратка окшош бүгүнкү ачылыш диагноз коюу тармагында чоң жаңылыкты алып келет. Анткени, азыркы тапта диагноз чыгаруу кымбат жана көп убакытты талап кылат. "The Telegraph" басылмасынын маалыматына таянсак, жаңы чыккан прибор чөнтөккө баткыдай китептин көлөмүндөй. Изилдөөчүлөр нанотехнологияны пайдаланган сенсорду жетиштүү туура жыйынтык бергендигин айткан. Жаңы аппараттын рак жана жүрөк ооруларынан тышкары бир топ оорулардын бар экендигин 20 мүнөттүн ичинде бат текшериши көптөгөн колдонуучулар тарабынан тастыкталууда.