presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Табылды Акеров, тарыхчы, Кыргызстандын эл аралык университетине караштуу этнология институтунун директору:
"Жаңы китеп жаңы талашты жаратышы ыктымал"
Кыргыз элинин тарыхы бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулардын арасында талаш-тартышты туудуруп келет. Бирок буга чейин тыюуга салынган тарыхый булактардын пайда болушу менен биздин тарых барактарыбыз да толукталып келүүдө. Анын ичинде тарыхчы Табылды Акеровдун жакында чыга турган илимий эмгеги тууралуу маекти сунуштайбыз.

"Кызыгы Борбор Азияда жайгашкан улуттардын ичинен кыргыздар менен түркмөндөр европоиддик расанын генине эң жакын болуп чыгып, бул аймактын эң байыркы жашоочулары экендиги аныкталды. Бир кезде Н.Бернштам деген окумуштуу жана тарыхчы кыргызды эң байыркы эл деп атайм деп, бийлик тарабынан куугунтукка алынган",-дейт Табылды Акеров. СҮРӨТТӨР: ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Табылды Акеров
- Айтыңызчы сиз учурда жазып жаткан китептин жаңылыгы эмнеде болот?
- Мен бул китебимди акыркы үч-төрт жылдан бери жазып жатам. Бул убакытта керектүү маалыматтарды чогултуп, изилдөө жүргүзүү менен алектендим. Ал жакын арада басылып чыгат, бирок азырынча "Кыргыздар: улуу талаа мезгил тогошунда" деп аталды. Бул китеп басылып чыкканда, анын аталышы дагы өзгөрүшү ыктымал. Китепте жаңы ойлор жана пикирлер айтылат. Өткөндө кыргыз элинин келип чыгышы боюнча Кыргызстандын эл аралык университетинде тегерек стол өткөрдүк. Анда катышуучуларга генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөтүлдү. Кызыгы Борбор Азияда жайгашкан улуттардын ичинен кыргыздар менен түркмөндөр европоиддик расанын генине эң жакын болуп чыгып, бул аймактын эң байыркы жашоочулары экендиги аныкталды. Бир кезде Н.Бернштам деген окумуштуу жана тарыхчы кыргызды эң байыркы эл деп атайм деп, бийлик тарабынан куугунтукка алынган.
- Демек китеп жарык көргөн соң, окурмандардын жана илимий чөйрөнүн арасында талаш-тартыш жаратабы?
- Ооба. Себеби буга чейин билинбей келген маалымат булактардын пайда болушу менен улам талаш-тартыштар жана изилдөөлөр улана бермекчи. Анын ичинен менин жарык көрчү китебимден орун алчу 1680-жылдарга таандык Бахши Имандын "Жагфар тарихи" дилбаяны да кыргыздар үчүн өтө баалуу. "Жагфар тарыхы" китеби араб-булгар шрифтинде жазылып, 1920-жылдары бул текстти сактагандарды куугунтукка алышкан. Ошондуктан, ага кирген жылнаамалар тизмесинин оригиналы сакталып калган эмес. Бирок 1993-1997-жылдар аралыгында бул китеп үч томдо орус тилине которулуп жарык көргөн. Мында Волгалык Булгариянын коңшу уруулар, анын ичинде кыргыздар менен да болгон мамилелери берилген. Бахши Имандын "Жагфар тарыхы" деген китебинде Волгалык Булгариядагы кыргыз менен кыпчактардын келип чыгышы боюнча эки уламыш жазылган. Анын биринде: "Бир жолу Түркстанда массагет уруусу сармат уруусун басып алат. Ошол мезгилде сармат уруусунун жол башчысы Тамыр-бика уулун дарактын көңдөйүнө жашырууга жетишет. Кийин баланы түрктөр таап алып, ага "Көңдөйдөгү", же Кыпчак деген ысымды ыйгарышкан. Кыпчак бойго жеткенде, 40 түрк кызына үйлөнүп, андан таркагандарды "кыргыз" ("кырк кыздын" элесине арнап), же "кыпчак" деп атап калышат". Тарыхый булактарда кыргыз менен сармат уруулары бир маданиятка тиешелүү экендиги айтылып келет. Алсак, алар отко сыйынган жана сөөктү өрттөшкөн.
- "Жагфар тарихи" дилбаянында кыргыздарга тиешелүү дагы кандай кызыктуу кабарлар орун алган?
- Бул китепте бизге тиешелүү көп маалымат бар, анын көбү чоң мааниге ээ. Алсак, Бахши Имандын китебинде Атилланын эжеси Харьха ("Ак куу") жөнүндө бир уламыш жазылган. Анын урматына Харька (азыркы Харьков) шаары курулган. Уламышка караганда, Харька ушул шаарда жашап, иниси анын сөзүн укпай, согушка аттанганда каза болгон. Бул окуя XII кылымга таандык Рейхан Булгари деген акындын "Кыпчак талаасынын гүлдөрү" чыгармасында сүрөттөлгөн. Автордун айтымында, Атилла жана анын эжеси Карханын атасы айбат уруусунан, апасы хыргыз уруусунан болот. Айбат уруусун "айбаш мундуз" деген кыргыз этноними менен салыштырса болчудай. Ал эми Атилланын ысымы кичинесинде Тука (булгарча Тукай, венгерче Токай) болгон, ал кыргыздардын түпкү атасы "тагай бийдин" аты менен уйкаш. Ошондой эле, бул китепте Чыңгызхандын кыргыздан чыккандыгы жөнүндө да жазылган.
- Бахши Иман Чыңгызхандын кыргыздан чыкканын кандай далилдерге таянып айткан?
- Буга чейин эле окумуштуулар "Чыңгызхандын тогузунчу ата-бабасы уруу башчы болгон, ал өлгөндөн кийин Алан-Гоа меркит Малик-Баяуд деген кыргыздан үч уулдуу болот. Чыңгызхан мына ошол Маликтен тараган" деген санжыра боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Бахши Имандын китебинде болсо, кыргыздар менен меркиттер Чыңгызхан төрөлгөнгө чейин эле өз ара алакада болушкандыгы жазылган. Аны менен катар Чыңгызхандын уруусу боржигин менен кыргыздардын ортосунда кыз алып, кыз беришкен мамилелери болгондугу тууралуу маалымат бар. Китепте жогоруда айтылган Маликтин өң-келбети Енисей кыргыздарына окшоп, көзү көк, чачы Сары жана буудай ыраң болгондугу берилген. Малик деген сөз кыргызчага которулганда, "бийлик эгеси", же "башкаруучу" деген маанини берет.
- Айтыңызчы, бул китеп кыргыздардын орто кылымдагы тарыхын толуктай алабы?
- Албетте. Бул мезгилдин VIII-X кылымдарында волгалык булгарлар, батыш түрк уруулары, кыргыз, кимак, кыпчак уруулары биригип, жаңы түрк этносу түзүлүп, кийинчерээк Караханийлер каганатынын түзүлүшүндө жана заманбап кыргыз этносунун пайда болушунда маанилүү роль ойногон. XII-XV кылымдарда кара кытайлар менен монголдор үстөмдүк кылып турганда, кыргыздар оор мезгилди башынан өткөргөн. Кара кытайларга бийлик келгенде, сырдарыялык кыргыз менен кыпчактар Волга дарыясын бойлоп, бир бөлүгү Фергана өрөөнүн тоолоруна жашырынууга туура келген. Кул Галинин "Хон китабы" деген эмгегинде камтылган маалыматтар боюнча, Волгалык Булгариядагы кыргыз, кыпчак, канглы жана огуздар Тубжак губерниясында (азыркы Казакстан) отурукташкан. Автордун айтымында, бул губерния державанын ичинде эң көлөмдүүсү болгон жана анда 70тей кыргыз ж.б. көчмөн уруулары жашаган.
- Демек бир кезде кыргыздар менен булгарлар коңшу мамлекет болушканбы?
- Табылган маалыматтарга карап, коңшу жашашкан деп жыйынтык чыгарууга болот. Андан сырткары, кыргыздар менен байыркы булгарлар тууган уруктардан десек болот. Булардын диндик ишеним жана саясий системасы боюнча окшош болгон. Экөө тең күн, ай жана жылдыздарга сыйынган. Ант берип жатып, күбө катары итти пайдаланышкан ж.б. С.М.Абрамзондун айтымында, кыргыз санжырасында жетиген, кушчу, күркүрөө уруулары Булгар өлкөсүнөн (Волга аймагы) көчүп келгендиги белгиленген. Окумуштуу И.Молдобаев кыргыз жана башкыр калкынын ичинде 30га жакын уруулардын аталыштары окшош экендигин тапкан.
- Буга чейин жарык көргөн материалыңыз боюнча, сиз "кыргыз" жана "хакас" терминдеринин байланышын изилдеп чыгыптырсыз. Ушул тууралуу токтоло кетсеңиз?
- 1920-жылдары Совет бийлиги жүргүзгөн саясат боюнча, этносторду бири-биринен ажыратып таануу биринчи маселеге айланган. Бул жагдай улуттук интеллигенциянын өзүнүн калкына карата кызыгуусун жараткан. Эгерде этностун байыркылыгын, белгилүү бир аймакта өзүнө таандык маданиятын жана тилин тастыктай билишсе, улуттук мамлекеттүүлүктү алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ушул мезгилден баштап эле, "кыргыз" деген этноними менен Енисей дарыясынын жанында жайгашкан байыркы Хягяс мамлекетинин ортосунда илимий дискуcсия башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Экөөнүн байланышы бар экендигин кытай тарыхчылары жазып кеткен. Алар кыргызды байыркы мезгилде "гэгунь", "гяньгунь" деп жазышып, IX-X кылымдан баштап ушул эле сөздү эмнегедир "хягяс" деп жаза башташат. Ошентип, XVIII-XIX кылымдан тарта окумуштуулар байыркы кытай булактарынан Хягяс мамлекетин изилдеп, орус тилине жакын форма катары "хакасс" деп тандап алышат. Алсак, Н.Бичурин "хагас", В.Радлов "хакасс", Л.Евтюхова менен С.Кисилев "кыргыз-хакас", В.Бартольд менен Бернштам "кыргыз" деп беришкен. Ошол учурда эле, окумуштуулар тарыхый булактарга таянып, кыргыздар менен хягястардын идентификациясын жүргүзүүгө аракет кылышкан. Бирок окумуштуулардын ортосунда түшүнбөстүктөрдүн айынан жергиликтүү интеллигенция "хакас" терминин Минусинск ойдуңунун заманбап эли катары атай баштаган. Көп өтпөй, рун жазуулары табылып, аны окуган соң, кытай "хягяс" сөзү орхон-енисейдик "кыргыз" сөзү менен бир экени билинген. Т.а. Минусинск ойдуңунда жашаган кыргыздарды кытайлар "хягяс" деп аташкан.
Бирок ошол мезгилде башка окумуштуулар - Н.Козьмин жана С.Малов "хягяс" терминин "карагас" термини менен байланыштыра баштаган. Дагы бир окумуштуу Л.Кызласов "хакас" терминин "хаас" деген уруудан келип чыккан деген жоромолун айткан. Анын айтымында, "хакас" - бул этникалык топтун аталышы, ал эми "кыргыз" термини байыркы хакастардын ак сөөк тукумунан чыккандарды атаган дейт. Кызласовдун айтылган ырастоолору чынга коошпой калган. Анткени белгилүү синолог Ж.Пуллиблэнк менен С.Яхонтов "кыргыз" этнонимин кытай булактарынан изилдеп чыгышат. Пуллиблэнктин изилдөөсүнө таянсак, "гяньгунь" жана "хягяс" деген байыркы кытай этнонимдери "кыркыр" формасында болушу мүмкүн. Себеби, түрк тили эволюциянын жүрүшү менен "r" тамгасы "z" тамгасына айланган. 1991-жылы жарыялаган Яхонтовдун макаласы боюнча, Пуллиблэнкти колдоп, "гяньгунь" жана "хягяс" кытай этнонимдери кыркур, же кыркуз формаларында болуш ыктымалдыгын билдирген. Өзүнүн изилдөөсүндө Яхонтов кытай булактарында "хакас" деген терминдин жоктугун айткан.
- Анда "кыргыз" менен "хакас" термини бир эле маанини туудурабы?
- Ар тарыхчынын божомолу ар башка, бирок көбүн изилдей карасак, эки термин бир эле сөз болуп чыгат. Ал эми Кызласовдун ырастоосун уланта турган болсок, ал "хягяс" терминин хаас жана хасха сөздөрүнөн келип чыкканын билдирген. Чогултулган материалдарга караганда, "хасха" (кыргызча "кашка") аскердик-саясий термин менен байланыштуу. Орто кылымдагы булактарга таянсак, "хасха" кыргыз, казак, калмык урууларынын кошуундун башчысына, же аскер башчысына карата айтылчу. Бул титулга байланыштуу, бир топ титулдар да бар: кашка, сай кашка, кой кашка ж.б. "Кашка" титулун кыргыз-ойрот конфедерациясынын жетекчиси Мунке Темир (Угэчи Кашка) да алып жүргөн. XVI кылымда С.Аксыкенди жазган "Манас" эпосунун версиясы боюнча, Манастын уруусун жети кашка деп атап, чоң атасы Каркырабек болгон делет. Ал эми эли каркыралык кыпчактар деп жазылат. Бирок кандайча Минусинск ойдуңундагы калк "кашкага" айланып калганы белгисиз. Ал эми "хаас" терминин "хягяска" таптакыр байланышы жок, себеби бүгүнкү күнгө чейин Минусинск ойдуңунда дагы, Тянь-Шанда дагы "хакас" деген уруу сакталып калган эмес. Керек болсо, Түштүк Сибирде бул сөз жердин аты катары да калган эмес. Мындан сырткары, "хягяс" терминин байыркы формасы катары "каркар" экенин унутпайлы. Анткени "хягяс" терминин келип чыгышы да Кыргыз каганатында кагандык-императордук бийликтин орношуна байланыштуу болушу ыктымал. Тан династиясынын доорундагы булактарга таянсак, минтип жазылат: "Хягяс бул Гяньгунь эски мамлекетинин өзү".
- Жыйынтыгында орто кылымдарда кыргыздар бир эле учурда Алтайда дагы, Тянь-Шанда дагы жашашканбы?
- Ооба. Мунун баары Алтай жана Тянь-Шандагы кыргыз урууларынын топтолуу чыңалуу мезгили бирдей убакытта жүргөн дегенди билдирет. Бирок XV кылымда тянь шандык кыргыз урууларда активдүүлүк байкалып, алар биригип, Мухаммед-кыргыз хандын жетекчилигине баш ийет. Кол башчы өзүн Атилла Туканын тукуму катары көргөзгүсү келген. Ошондуктан калк арасында көбүнчө ал Тагай бий деген ысым менен таанымал болгон. Ошентип, Бахши Имандын китеби орто кылымдагы кыргыз калкынын жашоосу тууралуу маалыматтары менен баалуу экендиги талашсыз. Биз мындан кийин дагы элибиздин тарыхындагы окуяларды билүү жана тактоо үчүн булгарлардын жылнаамаларын изилдөөбүз зарыл. МАЕКТЕШКЕН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
15-январь, 2010-ж.:
1-бет
Жер талаш гана эмес эл талаш да башталдыбы?
2-бет
Максим Бакиевдин алгачкы расмий сапары
3-бет
Гаити аралында жер титиреди
4-бет
Жер талаш гана эмес эл талаш да башталдыбы?
5-бет
Ак чөп башта эмес, ак сөз башта!
6-бет
Арсен Аскеров:
"Жалданма эне болуу маселесин мыйзамдаштырууга убакыт жетти"

7-бет
Алтынбек Исмаилов:
"Үч азапка чыдагандар гана акын же жазуучу болушу мүмкүн..."

12-бет
Табылды Акеров, тарыхчы, Кыргызстандын эл аралык университетине караштуу этнология институтунун директору:
"Жаңы китеп жаңы талашты жаратышы ыктымал"

13-бет
Кыргыз педагогикасындагы "Исак Бекбоев феномени"
14-бет
ДҮЙНӨЛҮК КРИЗИС ФУТБОЛДУ КАПТАБАЙТ





??.??