Кыргыз педагогикасындагы "Исак Бекбоев феномени"
Исак Бекбоев
Акматали Алимбеков,
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору, педагогика илим кандидаты
Исак Бекбоев атайылап таанытууга анчейин муктаж эмес сейрек адамдардын бири. Анын ысмын мезгил өзү тарых бетине эбак эле таамай жазып койгон. Кыргыз адабияты деген сөздү эшиткенде эсибизге обол Ч.Айтматов келгендей кыргыз илимий педагогикасы дегенде эң биринчи пайда болуучу ассоциация бул - И.Бекбоев феномени. Исак Бекбоев өз доорунун, улутунун улуу педагогу, Кыргызстандын бүгүнкү тарыхындагы легендага айланган залкар инсан, улуттук педагогика илиминдеги монументалдуу фигура, феномен.

И.Бекбоев феномени - кыргыз педагогикасындагы ХХ кылымдын экинчи жарым жылдыгын ичине алган өзүнчө бүтүндөй бир доор
Бирок, анын мааниси окумуштуунун илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн узак мезгилдик ченемдери менен эле чектелбейт. Исак Бекбоев феноменинин ажары ал жараткан педагогикалык эмгектердин жаңычылдыгы, актуалдуулугу, масштабдуулугу жана пайдалуулук коэффицентинин жогорулугу менен айкындалат. Кыргыз улуттук илимий педагогикасынын жаралыш, өнүгүш, калыптаныш тарыхын И.Бекбоевдин илимпоздук этаптарынан ажыратып кароого болбойт. Кыргыз илимий педагогикасы Исак Бекбоевдин илимий-ишмердүүлүгү менен жашташ, аны менен ажырагыс биримдикте калыптанды. Тарыхый фактылар таасындап тургандай 50-жылдардын соңуна чейин Кыргызстанда жаралган илимий эмгектердин көпчүлүгү негизинен мектептердин тарыхын изилдөөгө багышталып окутуу-тарбиялоонун заманбап проблемаларын чечүүгө байланышкан илимий изилдөөлөрдү жаратуу иши негедир кечеңдеп жаткан эле. Аны кимдир бирөө башташ керек эле. Ушундай татаал жана сыймыктуу иштин башатында Исак Бекбоев турган. Коомдук илимдерде өлкөнүн өнүгүш калыптанышына олуттуу таасири, салымы бар жаратман адамдарды "тарыхтын кураторлору" деп аташат. Исак Бекбоевдин илимий жаратмандык, уюштуруучулук ишмердигин тарыхый контекстте астейдил назар салуу менен аны сөздүн толук маанисинде "улуттук педагогика илиминин өнүгүш, калыптанышынын эң башкы куратору" деп айтууга болот. Анткени Исак Бекбоев кыргыз педагогика илиминин тарыхындагы этаптуу урунттуу учурларында көч башында болуп, билими, акылмандыгы, кеменгерлиги кыраакылыгы менен анын келечегине чексиз салым кошуп келе жаткан адам. Ал кыргызча педагогикалык текст жаратуунун баштоочусу. Өзүнүн оргиналдуу окуу китептери менен өз өлкөсүнүн педагогикалык брендин башка өлкөлөргө таркаткан Борбордук Азияда аналогу жок окумуштуу-педагог. Анын классикалык дидактикалык эмгектери республикабызда билим берүү ишин өнүктүрүүнүн реалдуу факторуна, ал эми өмүр жашоо нускасы, өрнөгү дидактикалык санатка айланды.

Илимий эмгектеринин масштабы жана тарыхый педагогикалык мааниси
И.Бекбоев - энциклопедиялык өңүттөгү, масштабдуу педагог. Анын калеми тийбеген окутуу-тарбиялоонун бир да проблемасын табуу кыйын. Исак Бекбоев жалпысынан 200дөн ашык эмгек жаратты. Курамы илимий-педагогикалык чыгармаларга таандык бардык жанрлардан фундаменталдуу монографиялар, методикалык колдонмолор, окуу программалар, окуу китептер, концепциялардан турат. Алар мектепке жаңыдан бут койгон бөбөктөрдөн баштап, университеттин студенттери, мугалимдер, илимпоздор, бир сөз менен айтканда, педагогиканын теориясы, практикасына тиешелүүлөрдүн баары үчүн баа жеткис интеллектуалдык азык катары мезгил менен адымдаш кызмат кылып келет. И.Бекбоевдин изилдөөлөрүнүн тематикасына жана проблематикасына үстүрт эле баам салган адам анын эмгектери республикабыздын мектептеринин обьективдүү муктаждыктарын жана талаптарын канааттандыруу максатында гана жазылгандыгын таасын байкабай коё албайт. Алсак, анын "Өндүрүштүк мазмундагы арифметикалык маселелер" (1959), "Өндүрүштүк мазмундагы алгебралык маселелер" (1961), "Өндүрүштүк мазмундагы геометриялык маселелер" (1962) аттуу эмгектери 50-60-жылдардагы айтылуу окутууну турмуш менен байланыштыруу жөнүндөгү мамлекеттик масштабдагы программага айланган педагогикалык парадигманы жүзөгө ашыруу мүдөөсүн көзөмөл туткан. Бул учурда мугалимдерде аталган проблеманы чечүүнүн принциптерин, эреже-усулдарын түгөл чечмелеген эмгектерге карата муктаждык өтө чоң болгон. Ошондуктан аталган эмгектер басма беттеринде өтө маанилүү окуя, олуттуу илимий факт катары белгиленген. Алардын ичинен математик методист катары аты Ош жана Андижанда аңызга айланган Акрам Валиевдин 1965-жылы "Мугалимдер газетасына" жарыяланган рецензиясын өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Рецензияда окумуштуу тарабынан иштелип чыккан маселелер илим менен турмуштун ашташкан жерлеринен алынган, маселелердин мазмунун балдардын математикалык ойлоо маданиятын гана эмес, өз өлкөсүнө карата патриоттук сезимдерин өстүрөт, эконоикалык билимдерин тереңдетет, турмушка даярдыгын өркүндөтөт деп белгилеп пайдалуулук коэффициенти жогору, олуттуу, баалуу дидактикалык эмгек катары баалаган. Бул пикирди өзгөчө белгилеп олтурганымын өзүнчө жөнү бар. Анткени ал кишинин колунан аздыр-көптүр сабак алгандардын бири катары Акрам Валиевге оңойлук менен бир окуу китеп же методикалык эмгек жакчу эмес. Мына ошол легендарлуу методисттин И.Бекбоевдин эмгектерине берген жогорку баасын катардагы факт катары кароого болбойт деп эсептейм.
И.Бекбоев табиятынан сынчыл интуициясы, аналитикалык ойлом маданияты күчтүү инсан катары мезгил койгон талаптар менен мугалимдердин кесиптик дараметинин ортосундагы айырмачылыктарга дайыма чын ыкластан абай салып анализдеп, талдап, алардын билим көрөңгөсүн өркүндүүгө реалдуу ресурс болчу эмгектерди жазууга басым жасаган. Мындай ийги тилек максаттарын ишке ашырыш үчүн илимий чыгармачылыктын бардык жанрларын ийкемдүү колдоно алган. Алсак, 70-жылдары педагогикалык илим менен практикага көптөгөн түшүнүктөр, категориялар, терминдер күргүштөп кире баштаган. Бирок, аларды орусча китептерден өздөштүрүүгө кыргыз педагогикалык коомчулугунун көп бөлүгүнүн чамасы чарк эле. Мындай реалдуу талаптардан улам улуттук педагогикалык аң сезимди өнүктүрүүгө демилгеси, ыкласы күчтүү окумуштуу катары И.Бекбоев окуу-тарбия ишине тиешелүү жаңы терминдердин кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн даярдоону республикада биринчи жолу колго алган. Натыйжада ал тарабынан "Эл агартуу" журналынын беттеринде бир катар терминдердин маани-маңызы кыргызча ачыкталып, алар жогорку окуу жайлардын педагогика жана методика курстары боюнча кыргызча дарс окуган окутуучулар, аспиранттар, студенттер тарабынан эң негизги таяныч булактар катары колдонула баштаган. Түпкүлүгүндө буга педагогика теориясы боюнча кыргызча ой жүгүртүү, кыргызча текст жаратуу практикасынын башталышын айгинелеген олуттуу тарыхый факт катары акыйкат баасын алышы зарыл. "Кыргыз Совет энциклопедиясынын" томдорунда орун алган билим берүү жана педагогика илимине тиешелүү макалалардын терминдик-категориялык базасы да Исак Бекбоевдин түшүндүрмө сөздүктөрүнө негизделген. Аталган маселениин тегерегиндеги көп жылдык изденүүлөрүнүн натыйжасы белгилүү өлчөмдө окумуштуунун республикадагы көпчүлүк адис педагогдордун катышуусунда даярдалган "Кыргыз педагогикасы" аттуу энциклопедиялык сөздүктө жыйынтыкталган.

Инсанга багытталган илим
И.Бекбоев жашы жагынан бардык кесиптештеринен улуу, бирок идеяларынын заманга шайкеш келиши жагынан дайыма баарынан жаш. Түпкүлүгүндө анын педагогикалык эмгектеринен өткөндүн, бүгүнкүнүн, эртеңки күндүн келечектүү парадигмаларынын өз ара гармониясын ачык байкоого болот. Алсак, бүгүнкү учурда дүйнө мамлекеттеринин таалим-тарбия мейкиндиктеринин баарында заманбап парадигма катары таанылган инсанга багыттап билим берүү проблемалары боюнча эне тилибиздеги жападан жалгыз "Инсанга багыттап окутуунун теориялык жана практикалык мааниси" аттуу эмгектин автору да И.Бекбоев. Китепте автор коомдук педагогикалык аң сезимде бекем орун алган бала затын андан ар нерсени жасап алууга ийкемдүү "камыр", "ылай", ар нерсени жаза берүүгө боло турган "актай барак" образында салттуу коом таламдуу парадигма менен баланын табияты өзүнүн генетикалык өнүгүү программасы бар "данек", "урук" адамды тарбиялоо дегенибиз анын өзүндө программаланган потенциалдык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшүнө сүрөөнчү, демөөрчү болуу деген жаңы көз караштарды салыштырып педагогикалык процесстин бардык катышуучуларын бала затын гумандуулуктун бийик салттарынын чегинде аңдоого чакырат. Ошону менен бирдикте окутуу процессин субьекттердин гана алака-катышы катары чечмелеген, мектептин эң башкы максаты баланын ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү деген ашкере жаңычылдыктын айрым илдеттеринен алыс болууга үндөйт. Окумуштуунун пикиринде мектептин эң башкы максаты системдүү, бекем билим берүү. Ошентип, Исак Бекбоевдин педагогикалык көз караштарына ар дайым таразадай калыстык, фундаменталдуулук мүнөздүү. Ошондуктан Республикабыздагы педагогикалык гезит-журналдар билим берүү системасындагы ар түркүн кубулуштардын маани-маңызы тууралуу соңку пикир катары И.Бекбоевден алынган интервьюларды сунуштоону салтка айландырып алышкан.

Исак Бекбоевдин илимий мектеби
Илимий мектеп - бул бирдиктүү идеялардын жана теманын үстүндө иштөө үчүн бир лидер илимпоздун тегерегинде топтолгон окумуштуулардын бирикмеси. Аны бирөөнүн каалоосу же жогортон чыккан буйрук аркылуу түзүү мүмкүн эмес. Илимде омоктуу ою бар, жаңы идеялар менен гипотезалардын генератору атыккан, сынчыл интуициясы күчтүү, илим менен практикадагы көйгөйлөрдү башкалардан мурдараак көрүп-туюп, аларды чечүүгө ыкласы күчтүү, буш ишке башкаларды да ынандырып тарта билген адамдар гана өз мектебин түзө алышат. Чоң окумуштуунун болушу дайыма эле илимий мектептин түзүлүшүнө өбөлгө боло албайт. Анткени, айрым илимпоздор илимий-изилдөөчүлүк жөндөмү канчалык жогору болгон менен нуска көрсөтүү, талант тажрыйбасын келээр муунга үйрөтүү жагынан кыйла эле алсыздык кылышат. Андайларды илимде гений болсо да "жалгыздап жаратуучу" - "одиночка творец" деп аташат. Ушул жагдайдан алып караганда И.Бекбоевди өзүнүн көп катмарлуу, көп тармактуу уникалдуу илимий мектебин түзө алган чыныгы окумуштуу лидер катары баалоого толук негиз бар. Масштабдуу адам бардык чөйрөдө оргиналдуу масштабдуу болот деген сөз Исак Бекбоевдин илимий мектебине да толук мүнөздүү. Анткени, анын илимий-педагогикалык мектеби Кыргызстандын таалим-тарбия мекемелеринин ишин өркүндөтүүнүн илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу жаатында жигердүү эмгектенип келе жаткан окумуштуулардын баарын өз ичине алат. Ал кыргыз илимпоз педагогдорун "Кулалы таптап куш кылган, курама жыйнап журт кылган" чыныгы устат.
Камкор даанышман, айкөл инсан, чебер устат катары утурумдук кызыкчылыктарга азгырылган канчалаган адамдарды илим жолуна кайрадан келүүгө ынандырды, чучукка жетээр куйкум сөзү, азил-тамаша аралашкан улуулук насыяты менен канча жаштарды ыкшоолуктан арылтып, илимий карьерасын тездетти, турмуштан ыдык көрүп, илимден көңүл кайт болгон нечендеген жаштардын сезимине жылуулук тартуулап, үмүт отун жандырып, канатына канат байлап, демине дем кошуп, жан дүйнөсүн жаркытты, кадыр наркына салып канчалаган жаштарды илим чөйрөсүндөгү бюрократиянын темир тосмолорунан жеңил аттап өтүшүнө өбөк жөлөк болду. Демек, Исак Бекбоевдин илимий мектеби авторефератына анын ысмы жазылып кандидат же доктор болгондор менен гана чектелбейт. Жарым кылым ичинде Кыргыз билим берүү академиясынын аспирантурасы жана диссертациялык кеңеши аркылуу 400дөн ашуун илим кандидаттары, 15тен ашык илим докторлору даярдалса алардын баарын тарбиялоодо И.Бекбоевдин үлүшү бар. Алардын баары Исак Бекбоевдин аздыр-көптүр рационалдуу кеп-кеңештерин, тарбиясын, жардам, көмөгүн алгандар.
Эгерде бүгүн Республикабызда педагогика багытында илимий кадрларды даярдоо боюнча көз карандысыздык толугу менен камсыз кылынса, орто мектептерде окутулган бардык сабактар боюнча оргиналдуу окуу программаларды, окуу китептерди даярдоого дараметтүү окумуштуу-методисттердин жоон тобу өсүп чыкса, окутуу-тарбиялоонун түрдүү проблемалары боюнча фундаменталдуу илимий эмгектерди жаратууга методологиялык, теориялык камылгасы жеткилең педагог теоретиктер арбын болсо ошолордун баарынын башатында Исак Бекбоевдин күжүрмөн баатырлык эмгеги, көрөгөч көсөмдүгү турат.
Учурда Кыргызтандын билим берүү системасынын стратегиясын, методикалык технологиялык жактан камсыздоо маселелерин иштеп чыгуу милдетин татыктуу аркалап келе жаткан кут даарыган Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлерин негизги курамын да Исак Бекбоевдон таалим алган илимпоздор түзөт. Алар С.Байгазиев, А.Абдиев, А.Муратов, С.Рысбаев, С.Иптаров, З.Мамбетова, В.Мусаева, Г.Сейдекулова, Д.Акматов, А.Касымов, М.Иманкулов сыяктуу бүгүнкү мектептин окуу-методикалык ресурстарын аларсыз элестете албай турган педагогикалык журтчулукка аттын кашкасындай таанымал окумуштуулар. Предметтик билим сфераларынын ар түрдүү экендигине карабастан баардыгы түгөлү менен өздөрүн Исак Бекбоевдин шакирттерибиз деп эсептешет. Муну адабиятты окутуунун методикасы боюнча көрүнүктүү адис окумуштуу А.Муратов "орустун көптөгөн жазуучулары Гоголдун "шинелинен" өсүп чыкканбыз дегендей, кыргыздын көптөгөн методист окумуштуулары Исак Бекбоевдин мектебинен өсүп чыктык" деп ырастаган.