ДҮЙНӨЛҮК КРИЗИС ФУТБОЛДУ КАПТАБАЙТ
Дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулар тууралуу айтсак, биринчи орунда 2009-жылдагы "Алтын топтун" ээси, "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси турат. Анын базарлык баасы - 80 млн.евро. Айтмакчы эң кымбат оюнчунун ичинде испандык клубдардан 7 оюнчу бар (4 оюнчу -"Барселона", 2- "Реал" 2 жана 1 - "Валенсия").

Эң кымбат оюнчулар
оюнчу клуб баасы
1. Лионель МЕССИ (Аргентина) Барселона 80 000 000
2. К. РОНАЛДУ (Португалия) Реал 75 000 000
3. ХАВИ (Испания) Барселона 65 000 000
4. Андрес ИНЬЕСТА (Испания) Барселона 60 000 000
КАКА (Бразилия) Реал 60 000 000
6. Стивен ДЖЕРРАРД (Англия) Ливерпуль 50 000 000
7. ИБРАГИМОВИЧ (Швеция) Барселона 46 000 000
Фернандо ТОРРЕС (Испания) Ливерпуль 46 000 000
9. Давид ВИЛЬЯ (Испания) Валенсия 45 000 000
Фрэнк ЛЭМПАРД (Англия) Челси 45 000 000

2008-жылы дүйнөлүк кризис башталып, 2009-жылы ал дагы күчөбөдүбү. Бирок ал кризис эмнегедир футболго тиешеси жоктой сезилет. Анткени, өзүңүздөр билгендей өткөн жылы футболдук клубдардын ээлери эң чоң трансферлик иштерди жүргүзүп, ал эмес трансферлик рекорддорду да коюшту. Эң көп сенсация жараткан албетте, "Реал" (Мадрид) жана анын ээси Флорентино Перес болду. Адегенде ал 65 млн. еврого "Миландан" бразилиялык Каканы сатып алды. Бул дүйнөдөгү эң кымбат трансферлерден төртүнчү орунда турат. Бирок Перес ошону менен токтоп калбай 94 млн. еврого португалиялык жарым коргоочу Криштиану Роналдуну (экс- "МЮ") сатып алып дүйнөнү дагы бир жолу таң калтырды. Бул дүйнөдө болуп көрбөгөн баа! "Реалдын" статистикасын алардын негизги атаандашы "Барселона" кичине бузууга аракет кылып, 70 млн. еврого "Интерден" швециялык чабуулчу Златан Ибрагимовичти сатып алды. Эгерде бул келишим болбогондо дүйнөдөгү эң кымбат төрт оюнчу "Реалга" тиешелүү болмок ("Королдук клуб" 2000-жылдардын башында Зидан менен Луиш Фигуну да кымбат баага сатып алган). "Барселонага" өчөшкөн "Реал" былтыркы трансфердин аягына чыгыш үчүн Хаби Алонсону (35,4 млн.) Карим Бензема (35 млн.), Рауль Альбиоль (15 млн.) менен дагы төрт анча кымбат эмес оюнчуларды сатып алды (айтмакчы, сеньор Перес өзүнүн баскетболдук клубун да күчтөп, ЦСКАдан супер тренер Этторе Мессинаны алып келди). Ошентип, испаниялык магнаттын трансферлер үчүн короткон акчаларынын жалпы суммасы дээрлик 259 миллион еврону түзгөн. Бул дагы жаңы рекорд (мурдагы рекорд болгону 172 млн. евро - 2003-04-жылдары "Челсинин" ээси Роман Абрамовичке тиешелүү эле).
Бирок айта кетиш керек, бул акча коротуулар бардык жагынан өзүн актай баштады,- дейт "Daily Telegrafh". "Реал" бир гана Криштиану Роналдунун футболкасын сатуудан 50 млн.го жакын киреше табат.
Ал эми өткөн сезондун алдында жаңы оюнчуларды сатып алуу үчүн эң көп акча короткон экинчи команда - "Манчестер Сити" коомдук көзгө илингени менен футболдо эч кандай киреше албайт. Анткени клубдун жаңы чабуулчу-жылдыздары - Эммануэль Адебайор, Роке Санта Круус, Карлос Тевес жана Коле Туре, Джолеон Лескотт, Сильвинью сыяктуу коргоочулары оюн талаасында тил табыша албай жатат. Ошого карабай алар дагы күчтөнүп жатышат. Жакында клубга жаңы машыктыруучу Роберто Манчини келди. Ал келери менен командасына өзүнө тааныш жарым коргоочу франциялык Патрик Виейраны ("Интер") алып келгиле деп талап кылууда.
Ал эми дүйнөдөгү эң кымбат оюнчулар тууралуу айтсак, биринчи орунда 2009-жылдагы "Алтын топтун" ээси, "Барселонанын" аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси турат. Анын базарлык баасы - 80 млн.евро. Айтмакчы эң кымбат оюнчунун ичинде испандык клубдардан 7 оюнчу бар (4 оюнчу -"Барселона", 2- "Реал" 2 жана 1 - "Валенсия"). Бул он оюнчунун ичинде улуту жагынан да испандыктар алдыда (4) турушат. Россиялык Игорь Акинфеев, Андрей Аршавин менен Юрий Жирков 100 оюнчунун ичине кирет. Акинфеев дарбазачылар арасында 5-орунда турат. Анын алдындагы дарбазачылардын баалары 20 млн.дон ашып, алар "Реал", "Интер", "Челси" жана "Ювентус" командаларында ойношот. Андыктан "Милан" менен "Манчестер Юнайтед" сыяктуу командалардын Акинфеевге кызыгуусу бекеринен эмес.
Коргоочулар арасында биринчи орунду Джон Терри, Рио Фердинанд жана Неманья Видич бөлүшүүдө. Мыкты он коргоочунун ичинде "Барселона" менен "МЮнун" үчтөн оюнчулары бар.
Жарым коргоочулар арасында Криштиану Роналду алдыда келатат. Аны "Барселонанын" Хави-Иньеста дуэти кубалап келатат.
Чабуулчулардан Месси менен Ибрагимович экөө биригип - 126 млн. еврону түзөт. Алардын артында Испания курама командасынын чабуулчулары Фернандо Торрес менен Давид Вилья. Россиялык Андрей Аршавин (26 млн.) 18-орунда турат.
Дагы бир кызыктуу нерсе, дүйнөдө алты гана оюнчунун карьерасында клубдарды алмаштыруудагы баалары 100 млн.дон ашат. Андай оюнчулардын арасында биринчи орунда "Челсинин" жана Франция курама командасынын оюнчусу Николя Анелька ( 129 млн.го жакын) турат. Ошон үчүн аны - "Кочевник" (көчмөн) деп коюшат. "СЭ"




"Мындай хоккейдин бизге кереги жок"
- деп атактуу комментатор учурунда Николай Озеров бекер айтпаган экен.
Ишемби күнү КХЛдин биринчилигиндеги "Витязь" - "Авангард" оюнунда болуп көрбөгөндөй окуя болду. Оюн башталары менен муз аянтындагы эки команданын оюнчулары ойношпой эле бири-бири менен мушташа башташкан. Судья оюнчуларды жазалап кайрадан оюн баштаган. Бирок үч мүнөттөн кийин эки команданын оюнчулары толугу менен оюн аянтына чыгып мушташа башташкан. Мушташ баш-аягы бир жарым саатка созулган. Акыры командаларда бирден-экиден оюнчулар калгандыктан судья мушташ-оюнду токтотуп, эки командага тең техникалык утулуш жарыялаган. Ошентип оюн болгону 3 мүнөт 37 эле секундга созулган.
Жыйынтыгында эки командага тең катуу сөгүш берилип үй ээси "Витязь" 4 млн. ал эми "Авангард" 1 млн. рубль айып төлөй турган болду. Андан тышкары командалардын жеке оюнчуларына да тренерлерине да чоң суммадагы айыптар салынды.
"Витязь" - "Авангард" оюнунда атаандаштар 707 мүнөт ("Витязь" - 356, "Авангард" - 351 мүнөт) штраф алышты . Бул хоккейдин тарыхындагы абсолюттук рекорд болуп эсептелет. 2004-жылдын 5-мартында Түндүк Америка хоккей лигасында (НХЛ) өткөн Оттава - Филадельфия оюнунда эки команданын оюнчулары болгону 419 мүнөт штраф алышкан. Буга чейин Россияда эң көп штраф алган рекордсмен команда "Ак-Барс" эле. Эки жыл мурдагы "Трактор" менен болгон оюнда татарлар 217 мүнөт штраф алышкан.




Качып кетишти..би?
Өлкөбүздүн чемпиону "Дордой-Динамонун" легионерлери, 2009-жылкы Кыргызстан чемпионатынын эң мыкты оюнчусу Дэниэль Тэго менен 2008-жылдын эң мыкты бомбардири Дэвид Тетте өз клубу менен 2012-жылга чейин келишим түзгөнүнө карабай Тажикстандын "Вахш" командасына кетип калышты. Бул окуянын аягы эмне менен бүтөрү эртең Москвада башталуучу "Шериктештик" кубогунан кийин билинет. Ага "Дордой-Динамо" да катышат. Бирок биздин чемпиондун катарында ганалык оюнчулар Тэго менен Тетте жок. Эгерде "Дордойдун" дагы эки мыкты чабуулчусу - Мирлан Мурзаев Москванын "Локомотив", ал эми 2009-жылдын эң мыкты бомбардири Сергей Кретов Москва областынын "Сатурн" командасына өтүш үчүн сыноодон өтүп жүрүшкөнүн эске алсак, анда "Дордой" турнирде чабуулчулары жок ойнойт окшойт…