Ак чөп башта эмес, ак сөз башта!
83 жаштагы карыя Сулайман Мамбеталиев өзү "napyn.kg" маалымат борбордо болуп өткөн азем учурда бир убактагы шакирти Жусуп Акиевге тапшырды.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН НАРЫН
Өткөн жылдын ноябрь айында теңиртоолук журналисттер үчүн жагымдуу окуя болуп өткөн. Же болбосо 7-ноябрь басма сөз жана маалымат кызматкерлердин күнүнүн алдында маркум Какин Баркыжокова атындагы сыйлык негизделгендиги, анын алгачкы жеңүүчүсү деп облустук телерадионун кабарчысы Сайрагүл Касымова аталгандыгы "ZAMAN Кыргызстан" гезине кабарланган. Бирок ошол эле маалыматта мурдатадан журналисттерге берилип келген Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлык кийинки жылдарда берилбей токтоп калгандыгы да кеп болгон. Көрсө, бул сыйлык токтоп калбаптыр. Тек, 1998-жылы КРнын Журналисттер бирлиги менен облустук Журналисттер кошууну белгилеген Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлык алгачкы жылдары үчтөн, кийинчерээк экиден, ал эми 2002-2003-жылдарда бирден журналистке ыйгарылып келип, 2005-жылдан тарта эки жылда бир адамга ыроолонуп, айтор 11 жыл ичинде бул сыйлыкка 14 журналист эгедерленген экен. Ошентип жыл тогошоор маалда С.Мамбеталиев атындагы сыйлык жаңы ээлерин тапты. Ээлерин дегенибиз мында сыйлык жалкы болбой эгиз болду. Анын бири Нарын облустук гезитинин атайын кабарчысы Жусуп Акиев болсо, экинчиси "Азаттык" үналгысынын баяндамачысы Шайлообек Дүйшеев. Ал эми былтыркы жылдын 25-декабрында сыйлыкты наамдын ээси ардагер журналист, 83 жаштагы карыя Сулайман Мамбеталиев өзү "napyn.kg" маалымат борбордо болуп өткөн азем учурда бир убактагы шакирти Жусуп Акиевге тапшырды.




Өткөн жылдын негизги өктөмү
Ераж Кумарбеков
Жумгал районундагы Чаек айылынын жашоочусу Ераж Кумарбеков былтыркы жылдын соңунда өзүн-өзү өрттөмөй болгон. Мындай билдирүүгө карата Жумгал райондук бийлиги мурунку күнү коллегиялык жыйын өткөрүп, Ераж Кумарбековдун талабы боюнча айрым документтерди экспертизадан өткөрүү жыйынтыгына келген. Ал эми 22-декабрь күнү Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Ырысбеков Чаек айылына аттанды. Эмне үчүн Е.Кумарбеков өз жанын өзү кыйып, денесин өрттөөгө баргысы келген?
Чаек айылындагы баарлашуу "Жарандык Демилге Тармагы" коомдук бирикмесинде болуп өттү. Чаек айылынын тургуну Ераж Кумарбеков Азия Универсал Банкынан (АУБ) алган насыясындагы келишим жараксыз болгондугун белгиледи.
"Мобул жердеги Узакбеков түзгөн 50 миң сом боюнча келишим жараксыз экен. Себеп дегенде нотариалдык конторада, мамлекеттик каттоодо каттоолор жок. Аны бул банктын жаңы жетекчилери адаштырып туруп, акчага кызыктырып, аялымдан 30 миң сом кармайбыз деп 56 миң 325 сом кармашкан".
Береги домокту бетине кармаган Ераж Кумарбеков ошол документтерди көз карандысыз эксперттерден өткөрүү жана мыйзам тактыгы үчүн өзүн-өзү өрттөөгө бара тургандыгынын негизги себебин ушундайча түшүндүрдү.
"Жанагы документтерди көз карандысыз аудит, көз карандысыз экспертиза аркылуу далилдөө жана РИИБ, прокуратура мыйзамды так аткарышы үчүн өзүмдү-өзүм өрттөөгө чыккам. Анан бүгүн маселе чечилип калат деген ой менен турам. Бирок, акцияны токтоткон жокмун. Тигине майым турат",-дейт жаны ачыган акция ээси. Ушул маалда депутаттардын райондук Кеңешинин төрайымы Калипа Абакирова суроо менен банк кызматкерлерге мындайча кайрылды.
Ераждын айтымында, күрөөгө машина койгон экен. Бирок, аялына барып тамды койдуруптурсу-ңар. А эмнеге үй ээси жокто эле аялына барып алдап койдурууга болобу? Берилген соболго болсо АУБнын Чаек филиалынын бөлүм башчысы Канат Карыбеков төмөндөгүдөй жооп кайтарды: "Күрөө мыйзамы деген бар. Анда кайра каттоону жана күрөөнү өзгөртүүгө болорлугу бул кишиге түшүндүрүлгөн. 50 миң сомдон көп акча болуп жатпайбы, 106 миң да. Мындайда күрөө коёсуз деп айтсак, бу киши Кызарттан Ысаков деген кишинин машинасын алып келип күрөөгө койгон. Анан насыя алган",-деди ал. Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Салмоорбек Касымбеков банктан да катачылыктар кеткендигин, айрым документтер экспертизага алынаарын билдирди.
Бул жерде бүт анализди тактап, карап чыктык. Чынында айрым катачылыктар банктан дагы кеткен. Эми ошонун далилин аныкташ үчүн келишимдин кол коюлгандыктары бар экен, бири башкача кол, экинчиси башкача кол делинген. Бул маселени аныкташ үчүн район прокурору экспертиза чакырмай болду. Коллегияда Кумарбековдун суроосу боюнча ошонун жыйынтыгынын негизинде ишти андан ары карайлы деп чечтик. Жумгал районундагы "Адеп укугу" коомдук бирикмесинин лидери Эсенгул Карагулов адамдын мындай абалга кириптер болушуна бийликтин кайдыгерлиги себеп болууда деп санайт. "Мисалы арыз берсең, эмне кагазын бар, түшүнүгүңдү жаз. Ушуну менен эле чектелет. Анан жогору жакка кайрыл дешет. Облуска кайрылсаң, ал жактан райондун кагазын үтүр, чекитине чейин көчүрүп туруп кайра жиберет. Бүттү. "Өлгөн арстандан тирүү чычкан өтүптүр деген" макал бар. Бул Ераж өзүн-өзү өрттөп өлүп калганда деле тирүүнүн күнү өтө берет. Жетим балдар чоңоёт. Бул көйгөй деле жоголот. Бирок, кайдыгерликтин кесепети тийип жатат. Биздин райондо бул Ераждыкы эле эмес, көп көйгөйлөр бар. Алардын бири да чечилбейт",-деди ал.
Ал эми Азия Универсал Банкынын Чаек филиалынын жетекчиси Бектурсун Шадыбаев болсо кардар Ераж Кумарбеков менен толук макул эмес. "Жанакы Банк кызматкери мага чейин бошоп кетиптир. Эми бул жерде экөөнүн мамилеси болуп жатпайбы. Маселени өздөрү соттошуп чечишпейби. А факты жүзүндө банктан Кумарбеков өзү кол коюп алып жатат",-деген пикирин айтты.
Жумгал райондук ИИБнүн ага тергөөчүсү Нурлан Чолпонбай уулу банк ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголбогондугун билдирди. "Келген арыз дооматтарды текшерүүдө АУБнын Чаек филиалынын кызматкерлеринде жана алып барган иштери боюнча мыйзамсыз иш аракетти аныктоого мүмкүндүк болгон жок. Ошонун негизинде топтолгон материал боюнча 9-декабрь 2009-жылы кылмыш иш козгоодон баш тартылган",-дейт тергөөчү Нурлан Чолпонбай уулу. Ушундай эле пикирин район прокурорунун орун басары Дөөлөтбек Суранбеков да маалымдады. Ошентип, баарлашууну алып барып жаткан Бакыт Ырысбеков өзүн-өзү өрттөмөй болгон Е.Кумарбековго бул акциядан баш тартуу тууралуу кайрылуу кылды. Натыйжада, сүйлөшүүдөн кийин Е.Кумарбеков өзүн-өзү өрттөөгө барбай тургандыгын билдирди. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Эндомикалык балыктар корголууга тийиш
Чолпон-Ата шаарындагы экологиялык маалымат борборунун жетектөөчү адиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Турар Саякбаеванын демилгеси менен эндомикалык балыктарды коргоо темасына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө камтылган темага кызыккандар жергиликтүү ихтиофаунанын жоголуу коркунучунун бар экендигине күбө болушту. Ошондой эле Ысык-Көлдүн баалуу балыктары тууралуу кеңири маалыматтарды алышты. Баалуу балыктарды аеосуз кармоо жолу аркылуу соода-сатык иштерин жүргүзүп, жең ичинен байыгандар Ысык-Көл үчүн кандай катастрофалык коркунучту түзөөрү сүрөт көргөзмөсүндө кеңири чагылдырылды. Өз ара пикир алышуу учурунда Ысык-Көлдөгү биологиялык тең салмактуулукту айкындоо керектиги тууралуу да маселе көтөрүлдү. Ысык-Көл булганса андагы балыктардын айрым тукумдарынын жана өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн кырылып калышы толук мүмкүн болоору баса белгиленди.
Сүрөт көргөзмөсү экологиялык таалим-тарбиянын таасирдүүлүгүнө жетишмейинче "жаратылышты коргойбуз, аны көздүн карегиндей сактайбыз" деген сөздөр шоона эшпейт деген пикирлер менен жыйынтыкталды.


Кайрылуу менен чыгышты
Жыл жаңырганда Каракол шаарынын мектептеринин педагогикалык жамааттары, окуучулардын ата-энелери областтын жалпы коомчулугуна кайрылуу менен чыгышты. Кайрылуу ээлеринин тастыктоолоруна караганда, соңку кездери жалпы билим берүүчү мектептерде рэкет күчөп, жогорку класстардын окуучулары төмөнкү класстардын балдар-кыздарына салык салуу, аларды ур-токмокко алуу, мазактоо көрүнүшү адатка айланып баратат. Кысмакка алынган, ур-токмокко малынган айрым окуучулар мектепке келгенден коркушуп, "көчө балдарынын" катарын толукташууда. "Келечек муундардын арасындагы мындай терс көрүнүштөргө жалпы коомчулуктун жеткиликтүү маани бербей жаткандыгы баарыбызды танчсыздандырууга тийиш. Ата-энелер, мугалимдер окуучуларга рэкет-бул аң-сезими төмөн жаштардын иши экендигин, терс көрүнүшкө таасирленген өспүрүмдөрдүн келечеги өтө кооптуу болоорун түшүндүрүүлөрү керек". Мына ушундай бир пикирге келишкен кайрылуу ээлери укук, тартип коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар бардыгы биргелешип мектептердеги рэкеттерге каршы күрөш жүргүзгөндө гана талаптагыдай жыйынтык болот деген ишенимде турушат.
Кайрылууга үн кошкондор болобу, бул демилге демине келеби, айтуу кыйын. Анткени, областтын дээрлик көпчүлүк мектептеринде окуучулардын бири-бирине салык салуулары, рэкет илдети тереңдеп кеткен. Бир эле мисал Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы орто мектептин бир окуучусу салыктан кутулуу үчүн өз жанын өзү кыйгандыгы тууралу уу-дуу кептин аягы дале үзүлө элек. ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ




Жалал-Абадда жаңы дайындоолор
Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Женалиевдин берген маалыматына караганда, жаңы жылдан баштап бир нече мекемелер кошулуп, айрымдары жоюлуп, алардын жетекчилери алмашты.
Мурдагы облустук токой чарба башкармалыгы менен Жалал-Абад аймак аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы кошулуп, Жалал-Абад облустук айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармасы болуп кайра түзүлүп, жетекчилигине Эркин Маматов убактылуу дайындалды. Ал мурда Москва шаарындагы пицца фабрикасында башкаруу бөлүмүнүн инженери болуп иштеген.
Ал эми Жалал-Абад облустук социалдык кызмат көрсөтүү борбору жоюлуп, анын функциялары облустун район-шаарларындагы социалдык жактан коргоо башкармалыктарына өткөрүлүп берилгендиктен, бул ишкананын жетекчиси Кымбат Манасова облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин жетекчиси болуп дайындалды.

Жаңы вице-мэр кызматы кошулду
Жалал-Абад шаардык мэриясынан алынган маалыматка караганда, жаңы жылдын алгачкы иш күнүнөн баштап шаар мэри Тилек Акамбаевдин буйругу менен, мурдагы аппарат жетекчи Талант Касымов коммуналдык тармак боюнча вице-мэр болуп жаңы кызматка отурса, анын ордуна Сапар Токоев дайындалды.
Жаңы дайындалган шаардык мэриянын аппарат жетекчиси С.Токоев мурда АРИСте координатор болуп иштеген, мэрияга келгенге чейин ОсОО "Салы-Ата" жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. АНАРХАН ЖАНЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД