Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Аялдар - биздин кутубуз
Президент Курманбек Бакиевдин аялдардын Эл аралык күнү - 8-март майрамына карата куттуктоосу
Кымбаттуу айымдар!
Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул жазгы жаркын майрамга быйыл жүз жыл толуп отурат. Сиздерге чың денсоолук, жакшылык, сүйүү жана үйбүлөлүк бакыт каалайм. Турмуштун түмөн түйшүктөрү менен оош-кыйыштарын дал аялзатынын сабырдуулугунун жана даанышмандыгынын шарапаты менен жеңип келүүдөбүз. Сиздер бар болгон үчүн дүйнө кооз, жашоо керемет, турмушубуз шаңдуу эмеспи.
Атам замандан бери кыргыздын аялдары эркектер менен бир катарда коомдун турмушуна батыл катышып, керек болсо жоого каршы аттанып, жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп келишкен. Көөнөргүс "Манас" эпосунда аялдар үйдүн куту, очок ээси гана эмес, эли-жерин душмандан калкалаган сырттандар катары да сүрөттөлөт. Каныкей, Айчүрөк, Жаңыл-мырза, Курманжан-датка сыяктуу асылзат аялдарыбыз элибиздин жадында кыргыздын тукумун улаган мээрман эне гана эмес, кеменгер саясатчы, даанышман мамлекеттик ишмерлер катары да сакталып калды.
Кыргыз мамлекети жаңыдан бутка туруп келаткан азыркы мезгилде аялдардын ролу ого бетер артууда. Акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз мамлекетти башкарууга улам көбүрөөк тартылууда. Азыр айымдарыбыздын 28и Жогорку Кеңештин депутаты болуп эсептелет, 25тен ашык аял министр, Президенттин институтунун, борбордук органдардын жетекчилери жана элчилер, дагы 50дөн ашуун аял мамлекеттик администрацияларда жетекчи кызматтарда иштеп жатышат.
Аймактык-административдик түзүмдөрдүн башчыларынын арасында да аялзаты аз эмес, башкача айтканда, эң жооптуу иштер дал айымдарыбыздын мойнунда. Социалдык-экономикалык чөйрөдөгү негизги жүк биздин энелерибиздин, аялдарыбыздын, кыздарыбыздын назик ийинине түшүп жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Көбүңүздөр салттуу түрдө эркектерге таандык деп эсептелген жооптуу кызматтарда иштеп жатасыздар. Бирок, бул жумуштарды эркектерден кем эмес, керек болсо алардан да мыктыраак аткарып жатканыңыздарды белгилегим келет. Бир сөз менен айтканда, биз өлкөбүздүн айымдары менен сыймыктанабыз. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө сиздер жаратып жаткан ийгиликтер алкоого гана арзыйт.
Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү жалпы улуттук башкы милдеттерди, баарыдан мурда салттуу үйбүлөлүк асыл-нарктарды бекемдөө, жаш муунду тарбиялоо, калктын денсоолугуна кам көрүү сыяктуу милдеттерди чечүүгө аялдардын, аялдар уюмдарынын мындан да көбүрөөк катышуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Сиздерди, кымбаттуу айымдар, апалар жана кыздар, бүгүнкү жаз майрамыңыздар менен дагы бир ирет куттуктайм. Жаз майрамы тартуулаган жаркын маанай жүзүңүздөрдөн жыл бою кетпесин.




Асылзат айымдар, майрамыңыздар менен!
Урматтуу кыргызстандык аялдар!
Урматтуу "Себат" билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан эжекелер, карындаштар, кыргыз-түрк лицейлеринде окуп жаткан кыздарыбыз!
Силерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрам күнү менен куттуктаймын!
Баарыңар жарык маанай, жаркын жүз менен Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылып жатасыңар, силердин ар күнкү кылган эмгегиңер тоодой бийик, алган билимиңер дагы да терең жана ар тараптуу болсун!
Ар бириңерге бакубат жашоо, бактылуу келечек каалайм!
Жаз күнүндөй жадырап, кайгы-капа билбей ырыс-ынтымакта, табият кырсыктарынан тышкары бололу!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Орхан Инанды,
эл аралык "Себат" билим берүү
мекемесинин президенти




Эл электр энергиясы жана уюлдук байланыштын кымбаттоосуна өзгөчө нааразы
Жакында болгон сурамжылоодо Бишкек шаарынын тургундарынын басымдуу бөлүгү азык-түлүккө, уюлдук байланышка, ысык сууга жана электр энергиясына баалардын көтөрүлүшүнө эмне себепчи болгондугун түшүнбөй тургандыктарын айтышкан. Алардын ичинен электр энергиясына жана уюлдук байланышка болгон баанын кымбатташы шаардыктарды өзгөчө кыжырданткан.
Сурамжылангандардын кээ бирлери кымбаттоолордун себеби "дүйнөлүк финансы каатчылыгы", "электр энергияга болгон тарифтердин көтөрүлүшү" жана "баарын дүйнөлүк кризиске шылтап коюшту, болбосо бул кимдир бирөөлөргө пайда алып келүүдө" деген пикирлерин билдиришкен.
Электр энергия жана уюлдук байланыштын баасынын көтөрүлүшү боюнча да ар кыл пикирлерди угууга болот. "Бийлик төбөлдөрү бааны өз кызыкчылыктары үчүн көтөрүштү" (31%), "бул тармакты башкарганды билбегендик" (12%) жана "эскилиги жеткен жабдууларды ремонттоо зарыл" (7%) деген ойлор электр энергиясы боюнча айтылган. Ал эми байланыш кызматына болгон баанын кымбатташына "Бул 2-3 гана кишинин чечими, бирөөлөргө пайда алып келип жатат" (21%), "эң көп пайда көрүүгө жанталашкандык" (12%) деген нааразычылыктарын билдиришкен.
"Кымбаттоолорго карата нааразычылык акциясына чыгууга даярсызбы" деген суроого сурамжылоого катышкан миң бишкектиктин 35%ы "ооба" деп жооп берген. Ал эми 31,9%ы "жок" деген жооп айткан.
Бул изилдөөнү Коомчулуктун пикирин үйрөнүп-билүү жана божомолдоо боюнча "Эл пикир" борбору жүргүзгөн. Максат шаардын жашоочуларынын ойлорун жогорку жактагыларга угузуу, жеткирүү жана тиешелүү структуралардын жетекчилерине ар кыл чечимдерди чыгарууда элдин пикирине таянуусуна көмөк көрсөтүү дешет "Эл пикирчилер". НУРГҮЛ МАКСУТОВА




ЖКда жаңы эки депутат
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын социал демократтар партиясынан жаңы эки депутатты каттады. Буга чейинки Бактыбек Бешимовдун ордуна Карамат Орозова, ал эми Кубанычбек Кадыровдун ордуна Сагынбек Абдрахманов дайындалган. Мыйзамга ылайык, парламенттеги жыйындарда 30дан ашуун иш күнүнө келбесе, ал депутаттык статусунан кол жууйт. Жогоруда айтылган Б.Бешимов менен К.Кадыров Жогорку Кеңештин жыйынына жарым жылдан бери катыша элек. Азыркы учурда Б.Бешимовдун айтымында, саясий куугунтуктун айынан чет өлкөдө жүрсө, К.Кадыров издөөгө берилип, анын кайда экени белгисиз.




Реформа соттук системага жетти
Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде "Кыргыз Республикасынын соттук системасынын реформасын колдоо" деген аталышта эл аралык конференция болуп өттү. Анын жүрүшүндө жарандык, кылмыш, соттук жана административдик мыйзамдуулукту жакшыртуу маселелери талкууга алынды. Университеттин ректору Нур уулу Досбол: "Акыркы жылдары мыйзамга өзгөчө көңүл бурулуп, аны камсыздоо жана тартиптүүлүгүн күчөтүүгө реформалар жүрүүдө",-дейт. Анын айтымында, бул сыяктуу иш-чаралар мындан кийин да өткөрүлүп турат. Конференцияга Еврокомиссиянын жетекчиси Кристоф фон Харсдорф, Юстиция министрлигинен өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эл аралык серепчилер катышты. Иш чараны Улуттук университеттин юридикалык институту жана Европалык комиссия уюштурду.




"Бештентек" паракорлор менен алышат
Республикалык телеберүү аркылуу көрсөтүлүп жаткан "Бештентек" долбоорунун "Байлык үңкүрү" мультфильми паракорчулук менен күрөшүү үчүн тартылган. Ал 10-15 жаштагы өспүрүмдөргө ылайыкталып, жаш кыргызстандыктардын арасында жарандык аң-сезим, мыйзамды сыйлоо жана адамдын коомдогу абалын - анын жөндөмдүүлүгүнө карап аныктоону мультфильм аркылуу көрсөтүүгө аракеттенишкен. Долбоор кыргыз тилинде тартылган бир канча сериялуу "Байлык үңкүрү" анимациялык тасмасынан, куурчак театрынан, радиоберүүлөрдөн турат. Андан сырткары, окуучуларга кошумча стол үстүндө ойнолчу оюндар таркатылат.

Кара-Сууда экстремисттер кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районунда диний экстремисттик "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун башчылары жана активдүү мүчөлөрү колго түштү. Ош облусунун милиция кызматкерлери тарабынан жети дарек боюнча тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кара-Суу шаарынын үч үйүнөн, Кызыл-Шарк айылынын төрт үйүнөн экстремизмге үгүттөгөн адабият жана DVD VSD жана CD дисктери табылган.

Тарифтин баасы текшерилүүдө
1-марттан баштап россиялык компания электр станциялардын койгон тарифтеринин негиздүүлүгүнө аудит жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Текшерүүнү жүргүзүү үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан ачык конкурс жарыяланып, анын жыйынтыгында Россиянын "RSM Top - Audit" компаниясы жеңип алган. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, эл аралык аудиторлордун иши июнга чейин созулуп, жыйынтыгы Өкмөткө өткөрүлүп берилет.

Бүгүн өзгөчө көргөзмө ачылат
Бишкек шаарынын "Колдо" галереясында салттуу жана заманбап кыргыз кийизинин чеберлери эксклюзивдүү көргөзмөсүн ачат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө учурунда кийизге сайма саюу, шуру, куттуктоо баракчасын жана кийизден сувенир продуктуларын жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Көргөзмө 5-марттан 12-мартка чейин созулат.




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
5-март, 2010-ж.:
1-бет
Быйылкы жаз: эмне кымбат болсо, ошол эгилеби?
2-бет
Аялдар - биздин кутубуз
3-бет
Чилидеги зилзала 800дөй адамдын өмүрүн алды
4-бет
Быйылкы жаз: эмне кымбат болсо, ошол эгилеби?
5-бет
Калия Касымбекова: "Кыргызстанда
дагы жасалма азыктар чыгарылууда"

6-бет
Он түстө жаңырган жаз…
12-бет
Энелер төрөттөн эмне себептен өлүүдө?
13-бет
Асманда ай нурундай асыл энем
14-бет
XXI ОЛИМПИАДАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!