Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Ош окуялары кантип башталды?
Нуржигит Кадырбеков Ош шаары
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Азыр бул окуяларды ким жана эмне үчүн баштады деп баш ооруткандар, сереп кылгандар көп. Бирок, бул өңүттөгү билдирүүлөрдү өтө абайлоо жана кылдаттык менен жасабаса, негизсиз, эмоциянын жетегиндеги божомолдор карама-каршылыктарды кайра ырбатып жибериши толук мүмкүн. Менин көз карашымда, Ош жана Жалал-Абад окуяларынын пайда болушуна айрым жеке адамдардын, өлкөдөгү саясий кырдаалдын жана эл аралык айрым факторлордун таасирлери тийди.
Ушул жылдын май айынын башынан тарта Ош шаарынын Фурхат, Он-Адыр сыяктуу жерлеринде эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосунда майда кагылышуулар болгон. Жергиликтүү аксакалдардын, бийликтин, коомдук ишмерлердин, жамааттардын аракети менен ал кагылышуулар токтотулуп, улут аралык чыр-чатактын чыгышына жол берилбеген. Айрым кызуу кандууларды эсепке албаганда урушуп-талашууга жергиликтүү кыргыздар деле, өзбектер деле кызыкдар болгон эмес. Анткени, ар бири бейпил турмушта жашагысы келет. Соодалары, ишкердиктери, менчик ишкана-дүкөндөрү, үй-мүлк, мал-жандыктары, эң башкысы Кудай берген өмүрлөрү корголбой калуу коркунучу эч кимге керек эмес. Ошол себептүү, бул кандуу окуяны баштагандар белгисиз "үчүнчү күчтөр" деп айтууга толук негиз бар. Бирок, конкреттүү далил болбой туруп мындай жалааны бирөөгө түңкөп коюуга мен каршымын.
Эки элди оңойлук менен кагыштыруу болбостугун түшүнгөн ошол күчтөр чагымчылдык кылуунун өтө ырайымсыз жана жийиркеничтүү жолун тандап алышты. Адегенде, эртедир-кечтир эки улут согушат деген сөздөрдү таркатышты. Сөздүн да энергиясы жана күчү бар. Айта берсе болбогон нерсе да болуп кетүү мүмкүндүгү жогору экенин ал күчтөр мыкты түшүнөт болуш керек. Алар жаккан отко алысты көрө билбеген, бир улуттун атынан чыгып өз кызыкчылыктарын көздөгөн төрт-беш саясатчы сөрөйдүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү жана иш-аракеттери май тамызды. Жергиликтүү айрым ММКлар болсо алардын "үнү" жана "көпүрөсү" болуп турду.
Ал эми 10-июнь күнү, ошол белгисиз күчтөр түн ортосунда айтылуу "Алай" мейманканасынын атырабында тополоң чыгарышып, ок атууларды уюштурушкан. Айрым кыймылсыз мүлктөр өрттөлүп, адамдар курман болушкан. Таңга чейин кагылышуулар шаардын Фрунзе жана Ош райондорунда да орун алган. Эң өкүнүчтүүсү, кагылышуунун учкуну ОшМУнун студенттери жашаган төрт жатакана турган жерде пайда болгон. Ушул нерсе бир улуттун зөөкүрлөрү экинчи улуттун "студент кыздарын аёосуз кордошуптур" деген ушак-айыңдын чагылгандай тез таркашына негиз болгон. Уюлдук телефондор аркылуу мындай каңшаар бүт Түштүк Кыргызстандын булуң-бурчтарына заматта жетип, адамдардын, өзгөчө башы кызуу жаш жигиттердин намысын катуу козгоп, кыжырын кайнатат. Түшкө жетпей эле тоолуу райондордон миңдеген жигиттердин уюшуп, унаалар менен агылып шаарга келип калганы ошондон болуптур.
Г.Маркестин "Жалгыздыктын жүз жылы" деген чыгармасында өзү баштаган согушту өзү токтотууга кудурети жетпей калган таасирдүү көтөрүлүшчү тууралуу жазган жери бар. Анын сыңарындай, Ош окуясы башталгандан кийин аны андан ары ырбатпай токтотуп калууга Алладан башка эч кимдин күчү жетпейт эле. 11-июнда Фурхатта эки жаат болуп бири-бирине таш ыргытып, ачуулары ашып турган кыргыздар менен өзбектерди көрүп ушуга ынандым. Аңгыча октор атылды, адамдар сулап, үйлөр, мекемелер өрттөнө баштады. Бир тараптын адамдарга карата кылган мыкаачылыгы тууралуу каңшаар кептер экинчи тараптын үрөйүн учуруп, жинин андан бетер кайнатканына күбө болдум. Кыз-келиндерди, бала-чакаларды жана үй-мүлктөрдү коргогонго аракет кылып жатышкандар да болушту. Биз Фурхатта ошолордун катарында эки күн жүрүп, шаарды сырттан карап турдук. Кадимки керемет Ош шаары бир нече күн бою кара түтүндүн астында калды. Шаардан аялдарды, бала-чакаларды алып миңдеген унаалар чыгып, тоолорду көздөй кетип жатышты. Кыйкырыктар, ызы-чуулар, кооптонуулар, ыйлап-сыктоолор көбөйдү. Калаада калган жакындары тууралуу санаа тартып уктай албагандардын абалын элестетүү кандай оор. Шаарда, өзгөчө, түн ичинде уурулук, талап-тономойлор күч алды. 14-июнга чейин комендаттык саатты эре-төрөгө алган деле эч ким болбоду. Коомдук транспорт токтоп, дүкөндөр толук жабылды. Азык-түлүк жетишпей шаарда ач калгандар көбөйдү.

Ыймандуу инсандарга бай экенбиз
Кудайга шүгүр, катарыбыз медеси ток, ыймандуу адамдарга бай экен. Саясатчылар телевизордон акылдуу сөздөрдү айтып, дагы бирөөлөр ээн калган үйлөрдү, дүкөндөрдү адам жийиркенгендей талап-тоноп атканда, айрымдар жандарын тобокелге салып өз же өңгө дебей канча адамдарды шаардын сыртына ташып, кооптуу жайлардан куткарып, тамак-ашы түгөнүп ач калгандарга азык жеткирип, керек болсо чоочун адамдарды үйүнө жаткырып, багып жүрүшөт. Бишкектен келе жатып Фурхаттан Ошко кире албай буюмдарымды коопсуз жайга койгону бейтааныш эле адамдын чакыруусу менен Ачы айылына барсам, ал жерде Мустафа деген адам мени жолдон жолуктуруп калып ой-боюма койбой, конок экенсиң деп үйүнө чакырып даам берди. Айылдыктардын таза пейилине жана меймандостугуна ар качан таазим кылам. Өзүм тез кайра шаарга кайтып, эки күндөн кийин буюмдарымды Кызыл-Кошчу деген айылдан таптым. Үй ээлери аманат деп Ачыдан да коопсуз жакка алып барып коюшуптур.
Базарбаев Жылдыз жана Сагын деген бир туугандар шаардан канча адамды алып чыгып Отуз-Адырдагы үйүнө топтоп, аларга азык-түлүктөрдү камдап жүрүшүптүр. Кудай деген ыймандуу бул жигиттердин короосуна кирсем баш коргологон чет элдиктер да бар экен. Жылдыз экөөбүз Чандра деген индиялык жигитти 13-июнь күнү Зайнабетдинов көчөсүндөгү батиринен алып чыктык. Байкуш жигит, эки күн суудан башка эч даам татпаптыр. Көчөдөгү зомбулуктарды көрүп андан бетер жүрөгү түшүп калды. Томографияны иштете турган адис катары апрель айында эле Индиядан келген экен. Ал бечарада эмне күнөө?
Эрман деген түрк ишкер жигит канча миңдеген долларларлык эмеректеринен айрылып калганына карабай жадырап күлүп отурду. "Ушундай болуп калганы өкүнүчтүү", - деп жооткотсом, ал жылмайганынан жазбай: "Акча, эмерек буюрса табылат, бирок, адамдардын курман болуп жатканы жаман болду", - деген акылман кебин айтты.
Сооронбаев Бек деген мекендешим пикирлештери менен айылда нан жаптырып, шаарга келип ач калгандарга таркатып жүрдү. Алардай азаматтар элибизде абдан көп экени кубандырат. Кыргызстандын булуң-бурчтарынан гуманитардык жардамдар келип түшүп турду. Атышуулар, кан төгүүлөр орун алып жаткан жерлерди алтын баштарын тобокелге салып ыйык милдеттерин аткарып жаткан медиктерге, тартип сакчыларына, өрт өчүргүчтөргө, шаар тазалоо кызматтарына ийилип рахмат гана айтуу керек.
Эң кызыгы, Оштун Мажүрүм тал деген айылында жашаган жалгыз үйлүү кыргызды өзбек кошуналары таң атканча коргоп чыгып, эрте менен шаардан чыгарып жиберишиптир. Аз үйлүү өзбектерди коргоп, эсен-соо кыргыз айылдары да бар экен. Мусулман мусулманды өлтүрсө түбөлүк тозокто күйөрүн, Ыйык Куранда айтылган күнөөсүз бир адамды өлтүрүү, бүткүл адамзатты өлтүргөнгө барабар күнөө экенин түшүнгөндөр ошентип жатышат.

Жараканын бүтөлүшү оңой эмес
14-июнь күнү тартип сакчылары, ыктыярдуу топтор менен бирге биринчи жолу коменданттык саат учурунда абалды көзөмөлгө алганга жетишти. Азыр абал негизинен тынчып барат. Бирок, айрым жерлерде дагы деле зордук-зомбулуктар орун алууда. Ушак таркаткандар, элди санаага салгандар али да толтура. Элди кооптондуруп, үйлөрүнөн чыгарып уурдап-тонойлу дегендер да көп окшойт. Эки элдин ортосунан кеткен жарака эми оңойлук менен бүтпөсү көрүнүп турат. Ортодон ишеним кетти. Бирок, ыймандуу инсан Кудай үчүн көп нерсени кечирүүгө милдеттүү. Эң башкысы, ушундай кылыктарыбызды Кудай өзү кечирсин.
Теледен болсо маалыматтар чала, туура эмес берилип жатат. Кан төгүлүп, адамдар жайрап атса референдум тууралуу кан какшагандарга жини келгендер да көп. Балким, ал саясий жараянды кийинкиге жылдырыш керектир. Кандай болбосун, мындайда көздүү саясат жүргүзүү зарылдыгы бар.






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
18-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ош окуялары кантип башталды?
2-бет
ЖАМАНДЫКТЫ АМАНДЫК ЖЕҢЕТ!
3-бет
Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?

4-бет
Ош окуялары кантип башталды?
5-бет
"Айти" мечитинде жарашуу жыйыны болду
6-бет
Көзүбүздөн жаш эмес, кан агат
7-бет
Ак Үйдүн кара анты жана күйүп жаткан түндүк
8-бет
ОШ
9-бет
Кайгыңарды тең бөлүшөбүз
10-бет
Абал салыштырмалуу тынчый баштады
11-бет
Марат Казакбаев саясат таануучу:
"Тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү киргизбеш керек"

12-бет
2010-Дүйнөлүк чемпионат жаңылыктары
13-бет
Мына, күйөрмандар күткөн күн да келип,
14-бет
Кыргыздын магнити жана түзүлгөн кырдаал

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!