Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/1210_3.htm on line 2
"Wikileaks" сайтынын ээси кармалды
Швеция сотунун көрсөтмөсүнө ылайык Жулиан Ассанж Лондондо кармалды. Өз сайтында АКШнын дипломатиялык жашыруун сырларын жарыялап келген Ж.Ассанжга сексуалдык кылмыш жасаган деп айып тагылууда. Ал эми Ассанж мындай айыптын баарын чекте кагып келет. Анын сайты миңдеген купуя сырларды жарыялаган соң белгилүү болгондон кийин хакерлер кол салып, айрым банк эсептери жана интернет сайттары жабылып калды. Сот мезгилинде аны күрөөгө бошотуу өтүнүчү четке кагылып, британ cоту мыйзамга ылайык, 28 күндүн аралыгында аны Швецияга өткөрүп берүү же бошотуу жөнүндө чечим чыгарыш керек. Ал эми АКШ бийлиги Ассанжды өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирген купуя маалыматтарды жарыялады деп, жоопко тартууга даяр экенин билдиришти. Аталган сайттын өкүлдөрү Ассанжды камакка алууну сөз эркиндигине каршы чабуул деп атап, сайт дагы бөлөк жашыруун сырларды жарыялоосун уланта берерин айтышты.


Электрондук китеп дүкөнү ачылды

Издөөчү белгилүү "Google" компаниясы электрондук түрдөгү китеп дүкөнүн ачты. Анда үч миллионго жакын англис тилиндеги китептер бар. Аталган компаниянын билдирүүсү боюнча бул китеп дүкөнү дүйнөдөгү эң чоң дүкөн болмокчу. "Google eBooks" сайтындагы китептерди каалоочулар бекер колдоно алышат жана алынган китеп колдонуучунун архивинде сакталып калат. Китепти ноутбуктан, компьютерден, смартфондон жана "Android" платформасындагы планшеттерден окуй алышат. Китептерди азырынча АКШнын жашоочулары гана сатып ала алат. Ал эми "Google" сайтын колдонуучулардын баары каалаган китебин акысыз жүктөп окуй алат.


Гаитиге холераны тынчтык жактоочулар алып келген

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тынчтык жактоочулары Гаитиге холераны алып келишкен жана таралышына себеп болгон деп билдирет француз эпидемиологу Рено Пьяру. Франция өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эпидемиянын себебин изилдеген эксперттин айтуусу боюнча Артибонит дарыясынын булганышынан улам эпидемия таралып кеткен. Ал эми аталган дарыяга инфекция Непалдан келген тынчтык жактоочулардын дааратканасынан түшкөн деп айтылат эксперттин изилдөөсүндө. "Холера Гаитиге сырттан келген. Анткени дарт бул өлкөдө 100 жылдан бери каттала элек. Бул жергиликтүү эпидемия эмес, импорттолгон дарт", - деп билдирди эпидемиолог Пьяру. Ал эми БУУнун өкүлдөрү "докладда жетишерлик далилдер жок, жөн гана божомолдор менен айтылган нерсе" деп Рено Пьярунун чыгарган тыянагы менен макул эмес. Эске сала кетсек, Гаити өкмөтүнүн маалыматы боюнча холерадан 2120 адам набыт кеткен, 100 миңден ашуун адам бул дарт менен жабыркаган.


Жамгырдын айынан жабылды

Атлантика океаны менен Тынч океанды байланыштырып турган Панама каналы убактылуу жабылды деп билдирет Би-Би-Си. Суунун деңгээлинин көтөрүлүп кетишине байланыштуу кемелер токтотулат. Күнүнө 14 миңдей кеме өтүп турган көпүрөдөгү суунун деңгээлин Панама бийлиги жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Ал үчүн атайын шлюздарды - суунун деңгээлин жөнгө салып туруу үчүн плотиналарда тургузулган атайын дарбазаларды ишке киргизүүдө. Аталган көпүрө буга чейин акыркы жолу 1989-жылы жабылган эле.


Журналисттерди коргоо тууралуу митинг өттү

Москвадагы Пушкин аянтында журналисттерди коргоо боюнча митинг болуп, ага 150дөй адам катышты деп билдирет "Радио Свобода". Чогулгандар журналисттерге кысым көрсөтпөөнү талап кылып, сөздүн күчтүүлүгүн айткан плакаттарды көтөрүп турушту. Ошондой эле 10 жыл ичинде кесибине байланыштуу курман болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп чыгышып, тез аранын ичинде кылмышкерлердин бетин ачууну талап кылышты. Митингдин уюштуруучусу Виталий Шушкевичтин айтымында, бул митинг ырайымсыздык менен сабалган белгилүү журналист Олег Кашинди колдоо максатында да уюштурулган.


Он тогуз өлкө каршы чыкты

Кытай баш болгон 19 өлкө кытайлык диссидент Лю Сяобого Нобель сыйлыгын тапшыруу аземине катышпай тургандыгын билдиришти. Алардын арасында Казакстан, Украина, Иран жана Пакистан бар. Ал эми 44 өлкө аземге келе турганын билдиришти. Сыйлыкты тапшыруу боюнча комитет кытайлык укуккоргоочу Лю Сяобого тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн сыйлык ыйгарылган, ал эми кытай бийлиги аны кылмышкер деп атап, 11 жылга эркинен ажыраткан. "Биз кылмышкердин айланасында ар кандай маселелерди көтөрүп чыгууга каршыбыз. Силер муну менен Кытайдын ички иштерине кийлигишкен болуп жатасыңар. Ички маселелерди өзүбүз гана чечебиз. Бир ууч маскарапоздун айынан позициябызды өзгөртпөйбүз",- деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Эске сала кетсек, Лю Сяобо 1989-жылкы Тяньаньмэнь аянтында көтөрүлүшкө чыккандарды уюштурган жана "Хартия-08" партиясын түзгөндүгү үчүн деген айып тагылып, өткөн жылы 11 жылга абакка отургузулган. Ал эми сыйлыкты ким алары азырынча белгисиз. Анткени анын жубайы да үй камагында, жакындарына болсо өлкөдөн сыртка чыгууга катуу тыюу салынган.


Таксисттер үчүн жаңы мыйзамдар

Азербайжандык таксисттер жаңы эрежеге ылайык эми унаасын боёп чыгышат. Мындай эреже Транспорт министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Ага ылайык, ар кайсы шаардын таксилеринин өңдөрү ар кандай болот. Мисалы Бакунун таксилери кызгылт көк (фиолетовый), Сумгаит шаарынын унаалары ак, Гяндженин таксилери боз түскө боелот. Ал эми эл аралык жүктөрдү ташуучулардын өңү кочкул кызыл болот. Дагы бир жаңылык стандартка ылайык унаалардын эшиктеринде шаардын герби тартылган болуусу керек. Мындан сырткары ар бир таксиде GPS навигациясы орнотулуусу шарт. Унааларды бирдей стандартка келтирүү үчүн эки жума убакыт берилип, аталган мыйзам 20-декабрдан баштап күчүнө кирет.




  Борбор Азия

Түркмөнстан майрам астында
12-декабрда Түркмөнстанда нейтралитет майрамы. Быйыл анын 15 жылдыгы. Ошого карата Ашхабад шаарында "Түркмөнстандын ар дайым бейтарапсыздыгы: тынчтык, коопсуздук жана прогресс үчүн кызматташтык" деген темада эл аралык конференция өтөт. Ага БУУ, ЕККУ, ШКУ сыяктуу кадыр-барктуу уюмдардан жана 32 өлкөдөн өкүлдөр келери күтүлүүдө.
Майрам шаңы эми бир укмуш башталды: концерттер, оюн-зооктор, элге дем алыш. Ал гана эмес 5 күнгө Казакстан менен чек ара да жабылды.

"Кори-Восит" колго түштү
"Элдешпес тажик оппозициясы" деген бандалык уюмдун лашкери Абдулвосит Латипов Орусиянын Челябинск шаарында колго түштү. "Кори-Восит" (кыргызчасы Васит кары) деген ылакап аттуу 42 жаштагы бул адамдын мойнуна 25 теракт жана да орустарга каршы жасалган 6 диверсия илинип турган. Булардын бандасы Тажикстандагы орусиялык айтылуу 201-дивизияга да кол салган. Кыймылдын кол салууларында 43 киши набыт болгон, арасында Тажикстандын башкы прокурору, Өнөр жай министри сыяктуу атактуу адамдар, 19 орус аскери, 4 кылмыш издөөчү милиция кызматкерлери да болгон. "Элдешпес тажик оппозициясы" лашкерлери 90-жылдарда Иранда, Ооганстан-Пакистан чек арасында машыгуудан өткөн. Булар 1998-жылы Улуттук банктын төрага орунбасарын барымтага алып, 40 күн кармап, 800 миң долларга ал кишинин өмүрүн туугандарына саткан. Кызыгы 2001-жылы алардын тобу колго түшүп, анан мунапыска кабылган да, 2004-жылы алар Орусияга өтө качып, аты-жөнүн өзгөртүп алган да курулуш жана айыл чарба азыктарын сатуу менен шугулданган, албетте, арасында баңгизаттарды соодалоону да токтоткон эместир.

Эң терең бургулоо башталды
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Орусиянын "Газпром" ААКсынын башкаруучулар коомунун төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды. Жолугушуу Шахринав районунун Сары-Камыш айлындагы "Шахринав 1-п" скважинасын каза баштоо жумушу менен дал келтирилди. Бул жерде 6300 метрге чейин бургулоо жүрөт, аны болсо Миллер КМШ мамлекеттеринин тарыхындагы эң терең казуу деди. Эгер тилек ишке ашып, газга жетишсе, анын кору 60 млрд. куб болуп, Тажикстанга 50 жылга жетет экен.

Дагы бир Ленин орун которот
СССР деген мамлекеттин ар бир бурчуна орнотулган улуу жол башчыбыздын эстеликтери али да алынып бүтпөй жатат. 6-декабрда Карагандынын борбордук аянтындагы Владимир Ильчтин айкели алына баштады. Аны талкалабай алуу үчүн алмаз трос тартылган швейцариялык аппарат иштеп жатат. Бузуучулар 12 метр статуяны 7 бөлүккө ажыратып аралап, анан түшүрүшөт. Эң эле майда деген бөлүгүнүн салмагы ошондо 16 тонна, чоңунуку 26 тонна болуп калат. Лениндин ордуна Көз карандысыздыктын белгиси орнотулуп, жол башчынын эстелиги болсо Ленин көчөсүндөгү Ленин кинотеатрынын астына барып, кайра кураштырылат. Бул ишти шаар бийлиги 2001-жылы эле кылалы дешсе, ленинчилдер кылдырбай койгон. Эстелик 1975-жылы орнотулган, жалпы салмагы 800 тонна.

Туристтерди тартуунун жолу
"Узбектуризм" улуттук компаниясы өлкөдө биринчи жолу Улуттук тарыхый-археологиялык парк түзүүнү баштады. Ага Кара-Калпак автоном облусунун Кырк-Кыз, Аяз-Кала, Жанбас-Кала деген байыркы чептери, Эшен-Кала күмбөзү, Топурак-Кала деп аталган шаар урандысы баш болгон бир нече тарыхый-археологиялык эстеликтер кирет. Эми туристтер ошол "жол картасына" түшүп өлкөнүн байыркысы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"