Медайымдар неге чет жерлерге кетип жатышат?
Калктын саламаттыгына кам көрүү тармагында медайымдардын алган орду зор. Учурда бул адистерге кандай кам көрүлүүдө, анын оң жана терс жактары тууралуу Медайымдардын жана акушерлердин III курултайында кеңири сөз болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта саламаттыкты сактоо системасында орто медициналык билимдүү 28 миң 201 адис эмгектенет, бул врачтарга караганда эки эсе көп. Бирок, ошентсе дагы медайымдар жетишпейт.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Ушул жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Миң жылдыктын чакырыктарын ишке ашыруу тууралуу жарыясы бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдардын саламаттыгын чыңдоо боюнча медайымдардын жана медициналык иштин ааламдык салымын таанууга арналган. Медайымдардын кесибин натыйжалуу пайдалануу бүткүл дүйнө жүзүндө Миң жылдыктын чакырыктарына ийгиликтүү жетүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында иштеген адистердин көпчүлүк бөлүгүн медайымдар түзөт. Алардын бул тармакта көрсөткөн кызматтары кыйла натыйжалуу жана калкка кол жетерлик медициналык жардам көрсөтүүнүн баалуу ресурсу катары каралат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта саламаттыкты сактоо системасында орто медициналык билимдүү 28 миң 201 адис эмгектенет, бул врачтарга караганда эки эсе көп. Бирок, ошентсе дагы медайымдар жетишпейт. Орто медициналык кызматкерлер менен камсыз болуу 94,4 пайызды түзөт, ошол эле учурда республиканын аймагы боюнча бөлүштүрүүнүн бир кылка эместиги байкалат. Нарын жана Талас областтарында көбүрөөк, ал эми Бишкек шаарында жана Чүй областында азыраак санда жетишпейт. Бул курултайга республиканын ар кайсы аймактарынан келген 170тен ашуун медайым жана акушерлер катышты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов учурда саламаттыкты сактоо тармагында адистер жетишпей жаткандыгын белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын жетиштүү санда медайымдар окутулуп жатканына карабастан, көпчүлүгү айлык акынын аздыгынан башка жумуштарга иштеп кетүүдө. Ал эми көп жылдан бери эмгектенип, тажрыйба алып калгандары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө иштеп кетишүүдө.
Мисалы, 15 жылга жакын республикалык ооруканада медайым болуп иштеген, абдан тажрыйбалуу А.С. аттуу медайым Россияга кетип жатканын айтат. Анын айтымында, ал жакта анын кесиптештеринен иштеп жаткандары бар экен. "Борбор шаардын өзүндө болбосо дагы, анын чет жакаларындагы кичинекей шаарча, поселоктордо мындай адистер үчүн эң сонун шарттар түзүлгөн жана маяна жакшы дешет. Мени да ал жакта иштеп жаткан мурда бул жерде чогуу иштешкен кесиптештерим чакырып жатышат. Бизде канча жыл бою жарыбаган айлык менен кыйналып жүргөндөр, азыр жашоо-шартын бир топ эле оңдоп алышыптыр. Россияга кетүүгө камынып иштен чыгып жатам",-дейт ал.

БИЗДИН МЕДАЙЫМДАР ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨ ЖОГОРУ СУРОО-ТАЛАПКА ЭЭ...
Ошол эле учурда Бишкек шаарында ушул тапта 2 миң 801 медайым иштеп жатса, дагы 2 миң 228 адис жетишпейт дейт Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Гүлжигит Аалиев. Анын айтымында, акыркы учурларда медайымдар тармагына өкмөт тарабынан жетишерлик көңүл бурулуп жана колдоо көрсөтүлгөн эмес. Ушул тапта медайымдар ишин өнүктүрүү жаңы иштеп чыгууларга муктаж. Абдан көп көйгөйлөр бар, алардын ичинен эң эле курч маселе - медициналык кызматкерлердин төмөнкү статусу, аны тынымсыз медициналык билим берүү менен көтөрүү зарыл. Ошондой эле медайым жана акушердик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу керек. "Андан тышкары медайымдардын айлык акысы абдан төмөн, буга байланыштуу кадрларды кармап калуу башкы маселе болууда. Анткени орто медициналык кызматкерлер, дал биздин медайымдар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө чоң суроо-талапка ээ",-деп белгиледи ал.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин медайымдар иши боюнча башкы адиси Бермет Юсупова белгилегендей, курултайдын негизги максаты медайымдар мындан ары бири-бирине тажрыйба алмашуу максатында барышы үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан адистерди чогултуу. Ошондой эле кийинки 5 жылга карата медайымдык иштин өнүгүү концепциясын иштеп чыгуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Билим берүү жана илим бөлүмүнүн башкы адиси Нурида Үмөталиеванын маалыматы боюнча республика боюнча орто медициналык билим берүүчү 15 колледж бар. Анын ичинен экөөсү мамлекеттик. Ошол эле учурда медайымдардын билимин дайыма жогорулатып туруу талап кылынат, "Медицина бир эле жолу окуп үйрөнүү менен чектелбейт. Адис дайыма окуп, үйрөнүүгө муктаж. Анткени убакыт бир ордунда турган жок, улам барган сайын илимдин жаңы жетишкендиктери, жаңы жабдуулар, дарылоонун жаңы ыкмалары иштелип чыгууда. Ошол себептүү медайымдарды окутуунун натыйжалуу формаларын кабыл алуу зарыл",-дейт Н.Үмөталиева.

ЖАКШЫ ДАРЫ - ЖЫЛУУ СӨЗ
Нарын областынын №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улуу медайымы Бактыгүл Усупова 1976-жылдан бери ушул кесипте эмгектенип келет. Анын айтымында, ушундай татаал, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипте чыдап, талыкпай иштеп жатышы өз кесибин сүйгүндүктөн болсо керек. Анткени эмчи айым менен бейтаптын ортосундагы тыгыз байланыш гана ооруну жеңүүгө жол ачат. Бул бейтапка дары берүү жана ийне саюу эле эмес, бул бейтапты жакшы сөздөр менен дарылоо, жакшы мамиле кылуу. Ошонун негизинде дарыгерлердин койгон аныктамасы жана көрсөтмөсү менен бейтапка жардам берүү. "Ушул кесипте 29 жыл бою иштеп, алкыштарды угуп келдим. Бир жылдан бери улуу медайым болуп иштеп келе жатам. Кыйынчылыктар да болот, айрымдарынын мүнөзү татаал келет, айрымдары абдан катуу ооруп келишет. Эмнеси болсо дагы баары бир бейтапка түшүнүү менен мамиле жасоо керек. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу болгондон кийин аялдарды, кош бойлууларды, баланы дагы, карыларды дагы, деги бардыгын көрүшүбүз керек, бул бир жагынан кыйын болсо, экинчи жагынан жакшы. Анткени бир барып эле бардыгын чогуу көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Албетте мунун бардыгы убакытты талап кылат",-дейт Б.Усупова.
Ошол эле учурда ушундай тынымсыз убаракерчилик тарткан иш үчүн айлык акынын аздыгы да көңүл чөгөрөт. Учурда отуз жылдык эмгек тажрыйба жана жогорку категория менен Б.Усупова 5300 сом айлык алат. Кадрлардын көбү айлык аз, убакыт жетишпейт деп чыдабай кетип калышууда. Ошентсе да кесибин сүйгөн, эли-жери үчүн кызмат кылууну максат кылгандар да жок эмес.

АКУШЕР - ӨТӨ ЖООПТУУ КЕСИП
Жалал-Абад областына караштуу Ноокен аймактык ооруканасынын башкы медайымы Мавлюда Дыйканбаеванын айтымында, ал өзүнүн кесиби боюнча акушер. Бул кесипте 25 жыл иштеген, андан кийинки алты жылдан бери башкы медайым болуп эмгектенип келет. Оорукана 191 орунга ылайыкталып, 177 медайым иштейт, анын ичинен 67си жогорку категориядагылар, 1-категорияда - 12, 2-категорияда үчөө иштейт. Алардын ичинен бирөөсү КРнын Эмгек Сиңирген дарыгер наамына ээ болсо, төртөө Саламаттыкты сактоонун отличниги. Ооруканада 2009-жылы азыркы типте курулган жана жаңы жабдуулар менен жабдылган реанимация бөлүмү ачылган.
Акушердик кесип, бир эмес эки өмүр үчүн күрөшүү зарыл болгон татаал, жоопкерчиликтүү кесип. Ошол эле учурда акыркы жылдары калктын социалдык абалынын начарлап жатышы, кош бойлуулардын жана ымыркайлардын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. "Акушердик кесип бул эне менен баланын өмүрү менен күрөшө турган, өтө жооптуу иш. Акыркы жылдарда аялдар арасында жолугуп жаткан аз кандуулук төрөт учурунда кыйынчылыктарга, татаалдашууларга алып келүүдө. Эне жана балдардын өлүмү биздин ооруканада азырынча кездеше элек. Айыл жеринде турмуштун начардыгы, тамак-аштын жетишсиздиги кош бойлуулардын арасында ден соолуктун начарлашына түрткү болууда. Мисалы алыскы, тоолуу айылдарда жашаган кош бойлуу аялдардын ичинен жол киреге акча жоктугунан өз учурунда катталып, дарыгердин көзөмөлүндө болууга шарттары болбой калгандары да кездешет. Ошонун бардыгы кийин төрөт учурундагы көйгөйлөрдү жаратууда",-дейт М. Дыйканбаева.
Анын айтымында, акушерлердин айлыгы өтө аз, ошол эле учурда абдан мээнети көп. "Алар бир гана ставка менен иштешет, аны менен 1500-1800 сом төлөнөт, андан ашык ставка алууга болбойт. Ушундай көйгөйлөрдөн улам тажрыйбалуу акушерлер Россияга кетип жатышат. Ал эми жаңы, жаш кадрлардын билим деңгээли мурдагы муундарга салыштымалуу төмөнүрөөк. Аларды үйрөтүп даярдамайынча, постту өткөрүп берүүдөн чочулайбыз",-дейт ал.
Кадрлар көйгөйүн чечүүнүн жолу айлык акыны көбөйтүү менен медайымдардын социалдык абалына көңүл буруу. М.Дыйканбаева алар жаңы түзүлүп жаткан парламент мына ушул маселелерге көңүл буруу менен кадрлардын кетишин токтотууга чара көрүшөт деген ишеничте.

Пайдалуу кеңештер
ҮШҮККӨ АЛДЫРГАНДА

Үшүккө алдырганда алгач жапа чеккен адамды жылуу жайга алып баруу керек. Андан кийин дененин үшүк алган бөлүктөрүн тоңуп калган кийимден ажыратып, бардык темир буюмдарды: билерик, чынжыр, саат жана шакектерди чечет. Бул кан айланууну жакшыртат. Үшүк алган колду же бутту 20-30 градустагы жылуу сууга болжол менен жарым саатка салуу зарыл, ошол эле учурда манжаларды кыймылдатууга аракеттенүү талап кылынат. Сезимталдуулук калыбына келгенден кийин колду же бутту кылдаттык менен сүртүү керек. Үшүк алган жерлерде нымдуулук жок экендигине көз жеткенден кийин таза, кургак кездеме менен таңат. Ошол эле учурда терини тартпай, манжаларды арасына сөзсүз бинт коюу керек. Андан соң бинттин биринчи катмарына кошумча жылытуу үчүн пахта коюп, таңууну улантат. Эгерде жапа чеккен адамдын беттери жана кулактары үшүгөн болсо, ага алдын ала үтүктөлгөн кичинекей жылуу кездеме коюлат. Андан кийин дарыгерди сөзсүз чакыруу абзел.

АРТРИТТЕ
Көк чопону (дарыканада сатылат) сууга камырдай коюлукка жеткичекти эзет. Пахтадан жасалган кездеменин кичине бөлүгүн эки кабаттап бүктөйт, катмарлардын арасына калыңдыгы 3-4 см. болгон чопо "токочун" салат. Аны ооруган жерге коет. Компрессти үч сааттан ашуун кармоо керек. Колдонулган чопону экинчи жолу пайдаланууга болбойт. Калдыктарын суу менен жууп салат. Дарылоо курсу 10-12 процедурадан турат.