2012-жылы пенсия 12 пайызга көбөйөт



Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев Жогорку Кеңеште маалымдады. Анын айтымында былтыр Соцфонд бюджети 1 млрд. 560 млн. сом профицит менен чыккан. "Быйыл Социалдык фонддун бюджетинин долбоорунда 1 млрд. 122 млн. сом тартыштык болот. Мындай жетишпестикти былтыркы калган 1 миллиард 560 млн. сом менен толуктайбыз",- дейт ал. Ошондой эле, М.Абулгазиев пенсиянын көлөмүн көтөрүү баалардын өсүү деңгээлине жараша болорун кошумчалады. "Быйыл биз пенсиянын көлөмүн көтөрүүдө макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде инфляциянын деңгээлин эске алабыз. Ошондой эле, пенсиянын орточо көлөмүн жашоо минимумуна жеткирүү каралууда", - деди М.Абулгазиев. Андан сырткары, ал быйылкы жылы пенсиянын көлөмү 12 пайызга көбөйтүлөрүн кошумчалады. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

"Дамил I" сүт азыгынан абайлагыла!



Бишкектеги мамлекеттик Санэпидкөзөмөл борбору балдар үчүн Бельгиядан чыгарылган "Дамил I" кургак сүтүн сатып алуудан жана колдонуудан этият болууну эскертет.
Аталган борбордун башкы дарыгер Ниязбек Мамасадыковдун билдиргенине караганда, "Дамил I" сүт азыгынын аралашмасы сальмонеллез оорусунун келип чыгышына шарт түзүүдө. Бул азык Орусиядан Казакстанга, андан биз тарапка алынып келиши мүмкүн.
Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери шаардын соода жайларында азыктын бул түрү барбы жокпу бул боюнча текшерүү иштерин баштады. МЭЭРИМ ИСКАКОВА

Кылым жүгүн кыргыз аялзаты аркалап жатабы?



Психологдордун иликтөөсү боюнча жүз эркектин сексени 8-мартты төрт жылда бир майрамдаш үчүн 29-февралга которуш керек деген демилгени айтышат экен. Ал эми социалдык изилдөөлөргө караганда дүйнөдөгү жумушсуздардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар аялдардын коомдогу орду эске алынбай келгенин айтып келишет.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Жума башында кыргызстандык бир катар аял лидерлердин башын кошкон "Демократия үчүн аялдардын дискуссиялык клубу" талкуу уюштурду. Ага депутат айымдар менен бейөкмөт уюмдарда жана саясий партияларда иштеген айымдар катышты. Аталган жыйында уюмдун мүчөлөрү буга чейин бир катар ийгиликтерине токтолуу менен кетирген мүчүлүштүктөрдү да айтып өттү. q КООМ 04




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??