Эне-бала баяны "Соолуган карек"


Жаш режиссер Сүйүн Откеев жаштарга үлгү, тарбия болуучу мааниси күчтүү кыска метраждуу "Соолуган карек" аттуу тасма тартты. Фильмдин идеясы акын Аалы Туткучевдин "Сокур кемпир" деген ырына таандык. Жыйырма мүнөттүн ичинде эне менен баланын ортосундагы жек көрүү жана сүйүү мамилеси баяндалган.


"Mediastar Студиясы" "Соолуган карек" аттуу кыска метраждуу тасма тартты. Режиссеру Сүйүн Откеев. Германиядан тажрыйба топтоп келген тажрыйбалуу адис. Аталган тасманы жалаң жаштар тарткандыгына карабастан ал ийгиликтүү ишке ашкан. Негизги максаты тарбиялык мааниси күчтүү жана жаштарга үлгү болуучу тасма экендигинде шек жок. Анда мейли эненин көзү көрбөсүн, мейли кулагы укпасын, мейли баса албасын, бирок эненин ыйыктыгын, кол жеткистигин баалай билүүнү жаштарга аз да болсо ушул тасма аркылуу жеткирүүгө аракет кылышкандыктарын режиссер баса белгилеп өттү. Тасманы акын Аалы Туткучевдин "Сокур кемпир" аттуу ырынын негизинде тартууга белсенген экен. Мындагы негизги ой-тилек жана максат энелерге арналгандыгын да жашырбайт режиссер. Анда энени сүйүү, урматтоо, сыйлоо керектиги айгинеленген. Албетте фильм демөөрчүсүз ишке ашпайт. Режиссердун айтымында, тасма акындын ырынын негизинде тартылган. Кино драмалык жанрда болгондуктан айрым жерлерин өзгөртүүгө туура келген. Себеби, ырдын аягы аянычтуу бүткөндүктөн, тасмада жаштарга тарбиялык маани берүүчү багытты көздөшүп соңун жакшылык, кечирүү менен жыйынтыкташкан. Фильмди көрүп олтурган ар бир көрүүчү көзүнө бир тамчы жаш албай койбойт. Себеби, окуя абдан аянычтуу сүрөттөлгөн. Режиссердун алгачкы тасмасы экендигине карабастан фильм бир топ ийгиликтерге жетээри шексиз.

Карек бала үчүн соолуган
Тасмада эне менен баланын ортосун сүйүүдөн жек көрүүгө алып келген сезим аралайт. Анын негизги себеби энесинин бир көзүнүн көрбөй калышы. Эркин энесинин бир көзү жоктугуна арданып досторунун көзүнчө тамакка чакырганы келген энесин кагып-силкип абдан орой мамиле кылат. Уулу досторунан обочолонуп, алардан бөлүнүп, капаланып бир дарактын жанында жалгыз олтурганын энеси көрүп, абдан кейийт. Эркиндин жасаган орой мамилеси эненин жүрөгүнө ок болуп тиет. Күйөөсүнөн эрте ажыраган эне айылда калат, баласы шаарга келип, заңгыратып там салып, кызматтуу да болот. Үйлөнүп, балалуу-чакалуу да болууга жетишет. Бирок энесине болгон мамилеси мурдагыдай эле эч өзгөрүүсүз бойдон калат. Бир күнү уулун, неберелерин сагынган эне куржунун асынып, ага курут, сары майын да салып, айылдан шаарга келет. Бирок баласы апасын көрүп, кучак жая тосуп алуунун ордуна, кайра орой мамиле кылып " кет" деген сөздү айтат. Энеси көз жашын агызып, жалдырайт. "Сагындым балам, жок дегенде жытыңды жыттатып койчу" деп жалдыраса да болбой, сырттан эле киргизбей, темир дарбазаны тарс жаап кетип калат. Дарбазага колу кыпчылган эне чырылдаган бойдон калып калат. Мына ошондо тасманы көргөн ар бир көрүүчү "жашоо ушунчалык таш боорбу?" деп ойлошу толук мүмкүн. Тогуз ай көтөрүп, толготуп төрөп, чоңойткон бала ушундай мерез болоорбу? Боздогон эне үнүнө чыдабай айлана көрксүз, кунарсыз тартты. Көрсө, эненин көзү жаш кезинде эле соолуп калган тура. Анткени, Эркин эки жашка келгенде көзүнө чыбык сайылып калып, сокур болуу коркунучу алдында турганда, энесинин көзү баласына берилет. Ошентип, эне өмүр бою бир көзү жок калып, аны түшүнбөгөн баласынан кордук көргөн. Аны Эркин энеси жазып койгон катты окугандан кийин гана түшүнөт да, кечирим сурап, ыйлайт.

"Бала табылбай өз кызымды тарттым"
Тасмада 2 жашар баланын көзүнө кичинекей чыбык сайылып калып, чыңырып ыйлаган жери бар. Режиссердун айтымында, ыйлаган баланын ролуна айылдан ылайыктуу бала табылбай абдан кыйналышкан экен. Эч ким баласынын мындай абалда тасмага тартылуусун каалашпагандыктан, корккондуктарын да жашырган эмес экен. Айласы кеткен режиссер өзүнүн кызын тартат. Өз кызы болсо да, аны ошол абалда тартуу абдан кыйынчылыкка тургандыгын да жашырбайт С. Откеев. Кыргыз кереметинин корифейи, режиссер Болот Шамшиев да "Ак кеме" тасмасын тартуу учурунда эч ким баласын бербей коюп, өз уулун бешикке бөлөткөн. Бешикке бөлөнгөн бала суу үстүндө көпкө чейин чырылдап ыйлаган жери бар. Демек Болот Шамшиев да атак-даңкка оңой эле жетпегендей эле, "Соолуган карек" тасмасынын режиссеру да ушундай көрүнүшкө туш болгон.

Тасмада кимдер ойношкон?
Режиссер тасманы тартууда актерлорду да туура тандоого басым жасаган. Анда кыргыз искусствосунун чыгаан актрисасы Жамал Сейдакматовага сокур кемпирдин ролу сунушталган. Эненин жаш кезин Роза Азимбекова аттуу жаш актриса жеткиликтүү аткарган. Ал эми баланын ролун кыргыз кереметинде терс каарман образы менен таанылган Орозкул Кутманалиевдин жолун жолдоочу Уланбек Султангазиев аттуу жаш актер тартылды. Келининин ролун Бегимай Туратбекова аткарат. Режиссер ар бир каармандын ролун жаратуучу актерго да басым жасаган.

Кайда тартылган?
Бул жерден аталган студиянын жамааты өлкөдөн жер соорусун тандап, көп убара болушкан эмес. Алар болгону гана шаардын сырт тарабында жайгашкан Воронцовка айылын ылайыкташкан. "Айылдан эски үйдү таап, тартууга ылайыктуу болгондугунан улам тандадым",-дейт режиссер. Тасма күркүрөгөн күз мезгилинде тартылып, мына эми жаз алдында көрүүчүлөргө сунушталуу алдында турат.

Артыкчылыгы жана кемчилиги
Анда жыйырма мүнөттүн ичинде укмуштай чеберчилик менен аткарылгандыктан көрүүчүнү арбап алгандыгы менен айырмаланган. Кадимкидей тасманы бир жарым сааттай тарткандай туюлат. Кыска мүнөттүн ичинде режиссер баарын түшүндүрүүгө айтууга, жеткирүүгө аракет кылган. Ал эми кемчилиги терс каарман дагы да жексур, орой мамиле жасаса абдан жарашмак. Актер энеге бир аз катуу мамиле жасай албай койгондой, жүрөгү чыдай албагандай туюлду. Андан тышкары актерлордун кийген кийимдеринде да бир аз мүчүлүштүктөр кеткен. Эненин үстүнө ар нерселерди самтыратып кийгизип, бирок бутуна жаркыраган өтүк кийгизип коюшкан.

Демөөрчүсүз атың суу кечпейт
Кино тартылды, көрүүчүлөргө сунушталуу алдында турат. Бирок тасманы тартууга каражат болбосо кино кайдан тартылмак? Режиссердун айтымында Абдывахвап Нурбаев жана Максат Ашырбековдор материалдык жактан чоң колдоо көрсөтүп, тасманы тартууга жардамын беришкен. Алар бардык каражатты өз моюндарына алышкан. Андан тышкары "Mediastar Студиясы" өздөрү колдоо көрсөтүүгө жетишкен. Бул туурасында режиссер "Жыйырма мүнөттүк кыска метраждуу фильм эмес, кээде 1-2 мүнөттүк клипти тартуу абдан татаал жана мүшкүл иш. Ал эми толук метраждуу тасманы тартууну айтпаса да түшүнүктүү",- деп алдын ала айтып өттү. Себеби, кыска метраждуу да болсо "Соолуган каректи" тартуу бир топ чыгымга туш кылган. Бирок анын баарын жогоруда аты аталган демөөрчүлөр колдоп жардам беришкен.




КИНО ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Сүйүү күнүндө "Сүйө бил" тасмасы

Кар алдынан чыккан байчечекей сымал кыргыз керемети жанданып келе жатат. Буга тасмалардын биринин-артынан биринин чыгып, көрүүчүлөргө сунушталуусу түрткү болууда. Жакында эле Адилет Акматов аттуу жаш режиссер "Сүйө бил" жаңы толук метраждуу тасмасын тартып бүттү. Аталган фильм 14-февралда алгачкы жолу көрүүчүлөргө сунушталды. Буга чейин анын бет ачарына кино сынчылар, расмий коноктор жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү күбө болушуп, тасма туурасында ой-пикирлерин, каалоолорун билдиришкен. "Сүйө бил" тасмасы комедиялык жанрда болгондуктан, көрүүчүлөргө күлкү сунуштайт. Ал эми тасманын башкы идеясы, аялдардын коомдогу ордун жана алардын көйгөйлөрүн чагылдыруу болуп саналат. Фильмде жигиттерден көңүлү калып, аларды маскаралаш үчүн спорт менен машыгууга өткөн үч кыздын тагдыры баяндалат. Жашоодо мерездикти жеңе турган сүйүү күчү бар экенин режиссер ушул тасмасы аркылуу далилдегиси келген.
"Бир саат жыйырма мүнөткө созулган көркөм тасма үч ай аралыгында тартылып бүттү. Аны тартууга жалпысынан 15 миң доллар сарпталды. Учурда Кыргыстанда кино тармагынын бюджети тартыш экендиги эч кимге жашыруун эмес. Ошондой болсо да биз колдон келишинче сапаттуу кылып тартканга аракет кылдык",- дейт режиссер Адилет Акматов.

Азамат Арыков "Патриотторду" алып чыгат

Жаш режиссерлордун катарын толуктаган Азамат Арыков учурда чыгармачылыгы менен жигердүү иштеп жаткан учуру. Жаш режиссер "Аят" толук метраждуу тасмасын тартып бүткөндөн кийин ал коомчулукта кызыгууну жараткан. Андан соң режиссер тасманын уландысы "Аят-2ни" тартууга жетишти. Бул тасма ага ийгилик алып келип, "Аят-2" жылдын мыкты тасмасы, ал эми Азамат Арыков жылдын мыкты режиссеру наамына ээ болду. Аны менен гана чектелип калбастан режиссер "Патриоттор" аттуу жаңы тасма тартууну пландап жатат. "Аталган кинону тартуу жазында башталат",- дейт режиссер. Фильмге "Аят-2 деги" спортчу каармандар катышат, ал криминалдык жанрда болмокчу. "Тасманы тартуудагы негизги максат жаштардын дегеле көрүүчүлөрдүн аз да болсо патриоттук сезимин ойготуу",-дейт Азамат Арыков.

Бетти даярдаган САМАРА КАБЫЛБЕКОВА




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??