Сааба-Мазардагы жазуулардын сыры


Кыргызстандын түштүгүндө Ноокат деген жер бар, Совет бийлиги жеңген соң ошол аймактагы эң чоң райондун бири да ушундайча аталып калды. Райондо Эски-Ноокат жана Жаңы-Ноокат деген жерлер бар.

Абдыкерим Муратов

"Ноокат" эмне деген маанини түшүндүрөт? Биринчи - "ноу" жана "кат" деген сөздөрдөн, б.а., фарс тилинен которгондо "жаңы кат, жаңы жазуу" деген мааниде. Ноо деген болсо кууш жер, түтүк сыяктуу өтмөк. Демек эки вариантта тең кат, жазуу жөнүндө кеп болот. Бул жердин аталышы ошол катка байланыштуу экендиги күмөн туудурбайт. А бирок кайсынысы туура? Жаңы жазуубу, же ноодогу жазуубу?
Жер шартына келели. Биринчиси бул жерде өтө көп ташка жазылып, мүрзө бетине койгон балбал эстеликтер бар, мына ошолордо араб жазуулары менен сөздөр түшүрүлгөн. Ага чейин бул тамгаларды билбеген, колдонбогон эл үчүн бул чын эле жаңы жазуу, жаңы кат болушу мүмкүн.
Экинчиден, Жаңы-Ноокат үстүндө кууш, ноо (түтүк, орусча - желоб) сыяктуу жер бар, аерде да сүрөт жазуулар, байыркы кылымдарда түшкөн эпиграфика бар, мына ушундан ноодогу кат - Ноокат аты келип чыккан болушу мүмкүн.
Буерлерде зыяратчылар көп келет. Өзгөчө Кеңеш учурунда Өзбекстандан, Тажикстандан келгендердин аягы үзүлбөйт эле, азыр эми чек ара бекип, келиш кыйла кыйын болуп калды. Анча билинбеген өтө эски мүрзөдө балбал, же кайрак таштар бар, аларга жазуулар жазылган.
Ушул жазууларга байланыштуу биз окумуштуу, таш жазуулары боюнча таанымал аалым, түрколог, Ататүрк тил, маданият, тарых коомунун академиги Четин Жумагуловго кайрылдык.

Четин Жумагулов эмне дейт?
-Кыргызстанда арабча жазылган эпитафиялык жазуулар өтө көп. Алар дин кызматкерлерине - имамдарга, шехтерге коюлган жана дээрлик көбү араб тилинде жазылган. Ноокат - мусулмандардын эң ыйык жери. Ал жерде Мухаммед пайгамбардын сабааларына байланыштуу Сааба-Мазар (Сахаба-Мазары дешет) жайгашкан. Ошол жерде кечки намаз окуп атканда ислам динин жайылтып жүргөн сабааларга (алар аббасаиддер болгон дешет) динге ишенбегендер кол салган, бирок алар менен каршылык кылып согушкандын ордуна арабдар намазын уланта беришкен, кийин булар бүт кырылган, ошолор ушул жерге коюлуп, аларга таш эстеликтер арналган деп айтылат. Жазуулар кыска-кыска, 4-5 саптан гана турат, аларда маркумдун кимдиги айтылат, аты түбөлүккө сакталсын делет, көбүнчө шейхтерге, имамдарга тургузулган. Бул балким ошол мезгилдин салты болушу да ыктымал. Бул жерде мүрзөлөр билинбей эле калган, ар кайсыл жерде таштар бар. Ошол кездеги адамдар жөнүндө маалымат алабыз, илимий изилдөөлөргө да жол ачат. Бул 11-13-кылымдарга таандык.
Ноокат деген аттын келип чыгышына булар байланышы болушу да мүмкүн, бирок менин оюмча, табият өзү куш, ноо сыяктуу таштарды жасап койгон, ошондо эски тамгалар, сүрөттөр бар, бул байыркы жазуулар, аны окуу мүмкүн эмес, аерде символдор, белгилер, байыркы адамдардын түшүнүктөрү камтылган. Балким жер аты ушундан чыккандыр.
Ал эми бул Сааба-Мазардагы жазууларды биринчи орус окумуштуулары революцияга чейин эле көрүп, Ташкенттен чыккан журналдарга баса баштайт. Археологияны сүйүүчүлөрдүн Түркстан кружогунун мүчөлөрү экспедиция жасашкан, ошолор ушул Чили-Сай жазууларын кабарлашкан. Мен 60-70-жылдарда бир нече жолу бардым, жумалап жаттым, китепке түшүрдүм.

Жазууларды окуганда
"Бул мүрзө Исмаилге, Мухаммад уулуна... Алла аны жана анын ата- энесин ырайым кылсын!.."
"Бул кабыр шейх, кади, имам Мухаммаддин динин даңазалаган Осмондун уулуна, Алла аны жана анын ата-энесине ырайым кылгай..."
"Мухаррам жылынын алты жүз алтынчы жылы Мухаммаддин уулу хатиб Ахмаддын ишенимин алып жүргөн, даңазалуу имам шейх маркум болду".

Эстеликтер тебелендиде калбаса...
Кыргызстанда мындай эски жазуулар көп. Бирок ошолордун сакталышы, абалы жакшы эмес. Ар бир айдын эле эскиден калган таш жазуулары учурайт. Кайсыл бир жылы ошол Сааба-Мазардагы таш эстеликтер мындан дагы ушунча көп болчу экен, жоголуптур. Аны үчүн кимди айыптайбыз? Бирөөлөр топуракка көмүп таштагандыр, а балким трактордун, бульдозордун таман астында калгандыр... Андыктан да мындай эстелиги бар аймактардын эли, жергиликтүү бийлик мунун баарын сактап турушу керек, ал жер көпчүлүк зыярат кыла турган аймакка айланчу учур алыс эмес.

Уламыш эмне дейт?
Четин Жумагулов китебинде мындай бир уламыш келтирет: Кайсыл бир кезде ушул Сахаба- Мазар турган Жаңы-Ноокаттан абдан суусу мөлтүр тоо дайрасы агып түшөт экен., анын аты Ишкижаб (же Гижкижап) деп аталган. Мекеге ажы сапарына баргандардан ошол жакта сурашчу тура: "Ишкижаб суусун ким ичкен?" "Ишкижаб суусунун башатындагы Ак-Арт, Кыз-Арт, Ак- Төө тоолорундагы улар үнүн ким уккан?"
Ошондо ажылыкка келгендерден кимдир бирөө ордунан туруп: "Ишкижаб суусун мен ичкем, Ак-Арт, Кыз-Арт, Ак-Төө тоосундагы улар үнүн мен уккам" дей турган болсо, анда ага ызааты кылып кийимдерин майда-майда бөлүп, тумар кылып талап кетчү экен...


Бул бир уламыштыр, бирок канткен менен ошол уламыш бекер айтылбагандыр, андай болсо, ошол жердин баркын качан көтөрөбүз?..