Гульмиза Сейдалиева:

"Айкидо менен машыккандар өзүнөн күчтүүлөрдү да жеңе алат"


Бул спорттун түрү менен 20 жылдан бери машыккан чебер Айкидо федерациясынын президенти Гульмиза Сейдалиева аял заты болгонуна карабастан айкидону мыкты өздөштүргөн. Каарманыбыз менен айкидо боюнча жана анын ыкмалары, пайдасы туурасында маектештик.

- Айкидо Федерациясы качан түзүлгөн жана кандайча келип калдыңыз?
- 1990-жылдары Москва шаарында айкидо клубу ачылган. Өзүм спорттун каратэ түрүнө бала чагымдан баштап эле кызыкчумун. Атайын айкидо клубунун ачылганын уккандан кийин ага катышууну каалап, барууну чечтим. Ошентип спорттун ушул түрү менен машыга баштадым, башында абдан эле оор болгон. Машыккандардын арасында эки гана кыз бар болчубуз. Кыздардын арасынан айкидого кызыгып, болгон күчүм менен аракеттенип жатканымды көргөн Александр Борисович аттуу устатым мага көптөгөн ыкмаларды үйрөтүп, жардам берген. Москвада беш жыл тынымсыз машыгып спорттун чебери болууга жетиштим. Айкидонун төртүнчү деңгээлине жеткенден кийин гана Кыргызстанга кайтып келдим. Кайтаарымда устатым мага карап, "Сен өз жериңе барганда сөзсүз түрдө айкидо боюнча федерация ачышың керек"-деген. Аны аткаруу үчүн 1995-жылы айкидо федерациясын ачкам. Эң биринчи айкидо боюнча маалыматтарды таратып, жалаң гана балдарды топко аларымды билдиргем. Анткени аялзаты менен иштеген өтө эле оор болчу. Айкидо күрөш искусствосун үйрөнөбүз деген балдар чакыруу боюнча №39-мектепке келишип, биринчи тобумду ачкан элем. Кийин үч, төрт жыл өтүп, машыктырып жүргөн шакирттерим "кыздарды да албайсызбы?"- деп калышты. Мындай сунуштардан улам ойлонуп көрсөм чындап эле кыздарга бул спорттун түрү абдан керек экенин түшүндүм. Анткени азыркы биздин заманда абдан көп кездешкен зордук-зомбулуктан өздөрүн сактап каларын эске алып, кыздарды да чакыра баштадым.
- Өзүңүз аял заты болсоңуз, Айкидо федерациясынын президенти болуу кандай кыйынчылыктарды жаратууда?
- Мен үчүн кыйынчылыгы деле сезилбейт. Кээде шакирттерим тамашалап "президентибиз эркек адам болсо жакшы болмок"-деп калышат. Эгерде менин ордумда башка бирөө болгондо мындай деңгээлге жеткирет беле ким билет. Бизде да ар беш жылда жаңы президент шайлап турабыз. Былтыр беш жыл толуп, менин талыкпас эмгегимди шакирттерим баалап, кайра эле мени президент кылып шайлап алышты.
- Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?
- Өзүм кесибим боюнча философмун. Мектепти бүтүрүп Орусиянын борбор шаарына барып, М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин философия факультетине тапшыргам. Аны ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргызстанга келип Кыргыз Улуттук Университетинде окутуучу болуп эмгектенгем. Аталган окуу жайда үч жыл иштегенден кийин кайрадан Орусияга сапар тартып, Москва шаарындагы мурдагы окуган окуу жайыма аспирантурага тапшырдым. Ал жактан да кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү жактадым.Ушул аралыкта жолдошум экөөбүз дүйнө жүзүн кыдырганга да жетиштик. Учурда Айкидо федерациясында президенттин милдетин да аткарам. Аны менен катар Кыргызстан эл аралык университетинде студенттерге сабак берип келем.
- Бул спорттун түрү боюнча кандай мелдештерди уюштурасыздар жана эрежелери жөнүндө токтоло кетсеңиз?
- Айкидо боюнча мелдештерди уюштурууга болбойт. Себеби, айкидо травматикалык спорт болуп эсептелет, мында муундарга зыян келтирип, кыр арка сөөктү кармаш учурунда чыгарып же сындырып коюу корунучу бар. Ошондуктан айкидо боюнча мелдеш өткөрүүгө болбойт. Анда айкидонун спортчулары майып болуп калышы мүмкүн. Болгону мында адам өзүн-өзү ар кандай кырдаалда коргонууга чоң жардамын берет. Жакында тактап айтканда, жаз ортосу апрель айында айкидо боюнча төрт күн семинар өтөт. Ага Япониядан эң кыйын чебер 6-данды (спорттун деңгээли) алган Шахан келет. Семинарда айкидонун техникасы көргөзүлөт. Ал эми анын эрежелерине токтолсом, алгач колго караганда көбүнчө бут менен иштейбиз. Айкидо менен машыккан, алсыз, жеңил салмактагы адам болсо дагы күрөш техникасын колдонуп өзүнөн күчтүү адамды жеңе алат. Анда атаандашын кара күчкө салбай, акыл ыкмасы менен жеңсе болот. Айкидо бардык спорттун түрүнө караганда күч менен эмес, акыл менен иштей турган түрүнө кирет. Бизде машыккан адам жакшы жагына тез өзгөрөт. Мындан тышкары жаңы келген жашы жетелек балдарды 12-10чу "кү" деп коёбуз. Кү-бул жаңы машыгууну үйрөнүү боюнча биринчи деңгээл. Чоң адамдарга 8-күдан башташат. Ал эми 1-күга келгендер, машыгып үйрөнүшкөндөн кийин экзамен тапшырышат. Сынактан өтсө гана 1-дан деген деңгээлди ыйгарабыз. Бул 1-дан "кара кур" деген наам. 2-данга келгенде спорт чебери деген наамды алышат. Негизи айкидодо 8-дандын деңгээлине чейин барат.
- Шакирттериңиз жөнүндө кеңири маалымат берсеңиз?
- 1995-жылдан бери бизде машыгып келе жаткан Чыңгыз Кайназаровго 4-данды ыйгаралы деп турабыз. Шурзат Сейдалиев 4-данга жетти. Нуржанбек Акматов учурда вице- президент. Мен билгендей Нуржанбек бир топ жыл мурда авто кырсыктан авария болуп колу-бутунун сөөктөрү сынган. Анын спортко кайтып келиши абдан кыйын. Ошентсе дагы ал болбой эле айкидо менен машыгып, учурда сынган жерлери кайрадан калыбына келди. Ал гана эмес учурда жашы жетимишке жеткен Любовь Липовна аттуу эжекебиз да айкидо менен машыга баштаган. Ал башында жөн гана ден соолугун чыңдоо үчүн келген эле. Бирок акырындык менен ал айкидонун мыкты чебери болуп, 2-данга жетише алды. Эжекебиз жаштардан кем калбай машыга алат. Андан тышкары ага маршруттук таксиде бара жаткан учурда тийишкен адамдарга айкидонун ыкмасын колдонуп алардын жазасын колуна карматкан. Негизинен бардык шакирттерим абдан мыкты машыгып, спорттун чебери деген наамга жетишти. Шакирттерим менен сыймыктанам. Себеби, алар жолдо же дагы бир жайларда болобу эч качан өздөрүн кыйын сезишип тийишпейт. Тескерисинче мушташып же токмоктошуп жаткан адамдарды көрсө айкидонун ыкмасы менен ажыратып коё алат. Менин шакирттеримдин бир да бирөөсү спорттун бул түрү менен криминалдык чөйрөгө аралашкан жок.
- Шаар ичине канча мектеп ачылган, ага канча жаштагы балдар-кыздарды аласыздар?
- Бишкектин көптөгөн жерлеринде айкидо боюнча секцияларды ачканбыз. Муну менен чектелбестен областтарга да филиалдарды ачып кеңейттик. Абдан өнүгүп жаткан областтар Жалал-Абад, Ошто жана Нарында бар. Кичине балдар тууралуу айтсам 7 жаштан кийинкилерди алабыз. Биздин машыктыруучуларыбыз абдан мыкты чеберлер. Жаштарга машыгып үйрөнө тургандай бардык шарттарды түзүп бергенбиз. Негизинен бизге келгендерди жаш-кары дебей баарын ала беребиз. Машыгууга келгендерди көптөн бери көрүп жүргөн досубуздай мамиле кылабыз аларга жылуу мамиле жасагандыктан алар тез арада айкидону үйрөнүп кетет.
- Айкидонун башка спорттордон кандай айырмасы бар?
- Биринчиден, башка спорттун түрүнө салыштырмалуу айкидонун мелдештерин өткөрбөйбүз. Экинчиден, өзгөчө күч колдонулбайт. Мындан тышкары дзюдо жана башка каратэлердин түрүнө салыштырмалуу айкидодо куралдары: бакен -жыгачтан жасалган кылыч, шесть -жыгач таягы, бычак сыяктуу куралдарды туура колдонууну жана аны менен машыкканды үйрөтөбүз.
Маектешкен АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??