Түрк элдери: Алтайлар


Алтай деген эл бизге тили эң жакын эл. Айрым аалымдар бир кезде кыргыздар менен алтайлар бир журт болгон деген да ойлорун айтат. Алар азыр Сибирдин Түштүгүндө, дүйнөдөгү эң чоң дайралардын бири болгон Обдун баш куймалары жакта жашайт. "Обь" деген алтай тилинде "обо", "чексиз чоң", "кенен" деген маанилерде.

Алтай туризми
Байыркы тарыхы бай Алтай жергеси адамзатты улам дагы өзүнө сырдуулугу, табиятынын нукура таза бойдон бузулбай тургандыгы менен тартууда. Ошондой жерлердин бири Төөлөс (Телец) көлү, муну Алтынкөл деп да айтышат, тереңдиги 325 метр, туурасы 5, узуну 80 чакырым. Тегерек-чети кедр жаңгактары, андан ары ак карлуу чокулар. Чулча дарыясында 160 метр бийиктен түшкөн шаркыратма, Экологиялык деп аталган Сибирдин эң узун үңкүрү (340 метр) да Алтайдын ажайып жаратылышын даңазалап турат.
1914-жылы 26-июлда Алтай туризминде алпинизм башталды деп айтылат, анткени ушул күнү Борис жана Михаил Тронов деген биртуугандар Белуха чокусун - Сибирдеги эң бийик тоону (4506 м) багындырган.

Улуттук салттар, элдик оюндар
Эл-Ойын. 1988-жылдан бери Алтай Республикасында расмий түрдө Эл-Ойын өткөрүлө баштады. Анда элдик баатырлар тууралуу спектаклдерди көрсөтөт. Табияттын койнунда тоолордо, түздөрдө боз үйлөрдү тигип, көчмөн айыл конуп, миңдеген адамдар оюн-зоокторду өздөрү катышып жүрүп тамаша кылат, "Эл- Ойын" аттуу этнографиялык-фольклордук топ концерттерди коёт. Бул майрам бир эле күнү бир жерде болуп өтпөйт, ар түрдүү аймактарга көчүп жүрөт. Элдик оюндар: тоого жүгүрүү, оордук көтөрүү, "күрөш", "шатра" (шахмат), "камчи" ж.б. аткарылат. Борбордук орунда ат оюндары той көркүн ачып, "Эмдик уредиш" деген оюн уюштурулат.
Чага-барам. "Чага-байрам" дегени кыргызчага "Ак-майрам" деп которулат. Көбүнчө бул салттуу майрам бийик тоолуу Чүй жергесинин талааларында сакталып калган, жыл тосуу катары белгиленет, монголдор, тывалар, буряттар, калмыктар, о.э. Тибеттин жана Индиянын кээ бир уруулары бул майрамдарды өткөрүп жүрөт. Февралдын аягы-марттын башындагы ай жаңырганда белгиленет. Күн чыгары менен ага табынып майрам башталат, тагыле-алтарда сүт азыктары даам татуу үчүн алынып келинип, от жагып аласташып, эркектер сутр окуйт. Ушундай ырымдар аткарылып жатканда жалпы эл жыйналып, тоо боорлорунун мал терисинен жасалган чана жасап, жылгаяк тебет, спорттук, маданий тамашаларды көрөт.
Дылгаяк Дылгаяк - орустардын масленица деген диний майрамы сыяктуу көрүнүшкө ээ. Алтайлар дини жактан христиандыкты тутунганы менен ушул жерден алардын динге чейинки салттарын көрөбүз. Ал күн көчөлөргө көптөгөн адамдар чогулуп чыгып эски жылды элестеткен куурчакты (каракчыны) өрттөшөт. Майрамдын азил-тамашасы басымдуулук кылат.

Кыргыздар жана алтайлар
Кыргызстандыктар Алтайга тууганчылап барып турат, туңгуч президентибиз да барып келген, мен билгенден жазуучулар К.Жусупов, К.Жусубалиев, А.Матисаков, Ш.Дүйшеев, К.Урмамбетов, сүрөтчүлөр Ю.Шыгаев, Ж.Кыдыралиев, ырчылар А.Өзүбеков ж.б. барып келген. Ш.Дүйшеев Алтайда төмөнкүдөй жер-суулар бар экендигин белгилейт: Манас тоо, Кан Жакыптын жайлоосу, Каракол, Каракужур, Кызарт, Күркүрөө, Токмок, Шаар Ош, Аркыт, Атбашы, Боом, Балыкчы, Сарыөзөк Чүй, Чүй. Ушундан улам ошол жердегилер бул биз жакка келгенде жер-сууларынын аттарын кошо ала келгенби дейсиң. Биздеги ага, келин, жеңе, эт, эжигей, курут деген сыяктуу көп сөздөр алтайларда да ошондой айтылат, кыркты төртон, жетимишти жетен, сексенди сегизен, токсонду тогузон дешет.


Абдыкерим Муратов

Алтай тоолору Орусиядан тышкары Казакстанга, Кытайга, Монголияга кирип барат, демек алтайлар да ошол аймактарды байырлап келет, түрк элдеринен тывалыктар (Тува) менен коңушулаш.
Түпкүлүгүндө "алтай" деген аталыш монголдордун "алтан" ("алтын") деген сөзүнөн чыккан дешет. Ошентсе да ал сөздүн ар кандай чечмелениши бар, бир аңыз боюнча ааламды жараткан "Алтай-кудай" болуп эсептелет, экинчисинде адам жашаган жалпы эле аймак "Алтай" деп аталат, мисалы, "Беш Алтай", "Чарас-Алтай" деген жерлер бар, Иртиш суусун "Эрчиш-Алтай", Волга дарыясын "Эдил-Алтай" дегенге караганда "Алтай" деген жер-суунун атына кошулуп айтылуучу кошумча сөз катары сыяктанат.
Алтайлыктар уруу-уруктарды "сөөк", тууганды "карындаш" дешет да, буларда сөөктүк, карындаштык жакындык бекем сакталып келет. 1897-жылы алардын жеринде болгон С.П.Швецов 36 уруу бар экендигин, алар төөлөс, кыпчак, майман, тодош, иркит, кергил, чапты, алмат, тонжаан, сагал, көбөк, мундус, сарт, кыргыз, монгол ж.б. болуп бөлүнөрүн жазып кеткен. Түрктөр бөрүлөр багып алган баладан тарагандыгы тууралуу "ашина" уламышын алтайлар да өзүнө таандык кылып айтышат.
Эл ичинде санжырачылар тарабынан ар бир сөөк кайдан чыккандыгы айтылат, мисалы, төөлөс төөнү жакшы көргөн уулдан тарагандар деген сыяктуу. Буруттар тууралуу уламыштар да орун алып, ал уруулар азыркы тяньшандык кыргыздар болуш керек дешет айрым окумуштуулар. Кызыгы орус документтеринде 1756-жылга чейин алтайлардын бурут деген сөөгү түз эле кыргыздар деп жазылып келген.
Өздөрүн "Алтай-кижи" ("алтайлык адам") деп да аташат.
Ушу тапта алтай улутундагылар Орусияда 69,4 миң киши, Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. жерлерде да бар, баарын кошсок алтайлар 70,8 миңдин тегерегинде.
XVIII кылымдын ортосунда Алтай Орусияга каратылып, Тобольск губерниясынын Кузнецки округуна кирген, 1804-жылы Томск губерниясынын Бий окуругунун (1894-жылдан уезд аталган) курамында болот. Тоолуу Алтай Республикасы азыр Орусия Федерациясына карайт, бул аймактын калкынын 40 пайызы алтайлыктар. 1922-жылы СССР түзүлгөндө Ойрот автоном облусу болуп, 1948-жылга чейин ушундай аталган, анан Алтай наамын алат. Ушул тапта алтайлар жердеген Тоолуу Алтай Республикасынын аянты 92,6 миң чарчы чакырым, калкы 203,9 миң, анын ичинен 25,9%ы шаарлыктар (2005).

Алтай тили
Мурда ойрот тили деп аталчу бул тил түркий тилдердин кыпчак-кыргыз тобуна кирет, байыркы түрк диалектилеринен жаралган тил азыр орус тили менен бирге Тоолуу Алтай Республикасынын мамлекеттик тили. 1989-жылы бул республиканын 52 миң кишиси алтай тилин эне тили катары эсептешкен. Негизи бул тилди колдонгондор аз, алтайлар ысымдарын да орусча коюп алган, көбү орусча сүйлөйт. Эки диалектиси бар: биринчиси адабий тилге негиз болгон түштүк (алтай-кижи, төлөнгүт, телеут), экинчиси түндүк (туба, челкан, куман ж.б.), кээ бир тилчилер экинчилерди өзүнчө тил деп атап, түркий тилдердин чыгыш бутагынын уйгур тобуна киргизет.
Жазуусу 1828-жылы орус графикасына негизделип түзүлүп, ошол кезде анча-мынча китептер да чыккан. 1931-жылы латын арибине, 1939-жылы кирилл алфавитине өткөн.

Дини
Алтайлардын азыр негизги дини катары эсептелген христиандыкты 1897-жылы элдин 34,5%ы туткан, көбүнчө алар шаманизмди карманат. Алтайлар асманга, тоого, ташка, сууга, касиеттүү делген аккайың дарагына сыйынат. Бакшылар көп болуп, алардын кыймыл-аракеттерине берилип караган, айткандарына ишенген.

Жан багуусу
Негизги жан багар оокаты, эрмеги аңчылык болуп, териси баалуу айбанаттарды, тыйынчычкандарды кармаган. Капкан койгон, мылтык аткан, кышында тайгага лыжалар менен чыгып, көп күн аң уулаган, тапкан аң терилерин данга, малга айырбаштаган. Дыйканчылыгы болсо жер менен өткөн. Жер айдаганда соха-андаз, тоо тарапта мотыга-абыл колдонулган, көбүнчө арпа эккен, атты шаймандарды тартууга пайдаланган. Сүт азыктары негизги тамагы болуп, аларды арпа, таруу менен кошуп жешкен. Курут (хурут), пыштак (пызлах), чегень (айран), кымыз жасашат, этти аз, көбүнчө кышында колдонот.
Кен байлыктарынан темир, сымап, алтын, мармар, тоо хрусталы алынат, ысык булактар чыгат, малчарбачылыгынан (кой, эчки, кара мал, топоз, марал, бугу, төө, бал аары) жакшы пайда көрөт.
Уламыштарында жакшылыктын жаратуучусу Ульген, жамандыктыкы Эрлик деп эсептешкен, аларга арнап жылкы союп, этин элге салып берип, терисин ошол жерге эле калтырып кеткен.
Өткөн кылымдын 80-90-жылдарында улуттун өзүн өзү аңдап билүүсү аябай өсүп, 1989-жылы Онгудай капчыгайында сөөк майман деген курултай өткөн, андан кийин мундус, кыпчак, төөлөс, иркит, тодош, сагал сөөктөрүнүн жыйындары чакырылып, уруу аксакалдары (зайсан) бийликке жардам берүү үчүн шайланган.

Алтай жана Адамзат
Мурат Аджи мындай пикирлерин жазат: Алтайда Тулун (Толун) деген журт сакталып калган, Орусиянын ортосундагы Толу (Тула) шаары, анан барып Франциядагы Тулуза шаары ушундан келип чыккан, бул кыпчактардын "толум" деген түрк сөзү Франциянын Тулузасында да, Россиянын Туласында да бир эле маанини түшүндүрөт, "курал" деген. Демек, бүгүнкү Европа Сибирден башталганбы? Ооба! Артта калган Европаны жаңы турмушка Сибир үйрөткөнбү? Талашсыз!
Байыркы Алтайдан Европага келген элдин негизги массасы, римдик саясатчылардын аракети менен "герман уруулары" атыгып тарыхка кирип калган эле.
Аттиланын армиясынын курамында бургунддар менен жанаша терингилер (турингилер) да согушка кирип турушкан. Алар да Алтайдан! Алтайда булардын да ата-журт жайы сакталып калган. Ал да унутулган жок.
"Теринг" - кыпчактардын "терең", "мол" деген маанини берген сөзүнөн. Бул аталыш да Улуу Көч менен бирге көчтү, ал да географиялык картада бир нече издерди калтыра алды. Турингдер журту Европада Бургунд журту менен бир мезгилде пайда болгон. Ал да азыркы Германия жеринде - Тюринг. Кечээги күнгө чейин эле күлүк аттары, таттуу кымыздары жана жыттуу айрандары (йогурт) менен даңкталып турду. Байыркы түрк турмушу эстен чыкпаптыр! Жашап жатат!..
А Италиядагы Турин чечмелөөгө муктаж да эмес, ал өзү эле айтып турат. Шаардын тарыхы Улуу Көч менен, Савойа уруусунун тарыхы менен тыгыз байланышат.
Түндүк Италиядагы дээрлик бардык эски элдүү пункттар түз жана кыйыр түрүндө түрк тарыхы менен мамыр-жумурлашкан. Кыпчактар бул аймакта мезгилинде массалык түрдө отурукташып калган эле. Маселен, Венецияда Тюрков деген аянт бар, эски шаардагы эски жай. Анткени бул элдүү аймакка атакты түрк кыпчактар (лангобарддар) беришкен. Алар Алтайдан бул жерге ийне жалбырактуу дарактардын, йелдердин көчөттөрүн ала келип тигишкен, арт жакта калган Алтайдагы жашоосун кайталап туруу үчүн.
Деги эле соңку учурда адамзаттын башаты Алтай деген түшүнүк пайда болду, айбандан адамга айланып аткан эң биринчи адамсымал жаныбардын жашаган турагы ушул жерде десе, Ш.Дүйшеевге алтайлыктар Үчсөмөр деген жердеги таш коргон көрүстөн турган Тепкенек деген жерди дүйнөнүн киндиги деп көрсөткөн, силердин Таласыңардагы саруулар Алтайдагы Төөлөс хандын Кара уул, Сары уул деген балдарынын Сары уулунан дешкен деп айтып келди. Алтайды байыркы кудайлардын мекени, адамзаттын очогу, Азиянын толтосу деген пикирлер да илгертеден сүйлөнгөнүн угуп жүрөбүз.