Ошто көп кабаттуу үйлөр пайдаланууга берилди


16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты.


Мамлекет башчы жаңы квартиралардын жашоочуларына ачкычтарды тапшырып, аларды жаңы конушу менен куттуктады. "Бул укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн акыркы үй эмес деп ишенем. Келечекте биз жаңы үйлөрдү курууну дагы да улантабыз",-деди Алмазбек Атамбаев.
Мындан сырткары өлкө башчысы 2010-жылы июнь окуялары учурунда каза болгон жана дайынсыз жоголгондордун туугандары менен жолукту.
Жалпы баасы 220 млн. сомдон ашык эки 60 квартиралуу үй Ош жана Жалал- Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын заказы боюнча салынган.

МЭЭРИМ ИСКАКОВА





Кыргыз тил олимпиадасы жыйынтыкталат



21-февралда эл аралык Эне тил күнүн утурлай мектеп окуучуларынын ортосунда республикалык улуттар аралык кыргыз тил олимпиадасынын жыйынтыктоочу гала концерти болот. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Респу бликасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана "Ыйык ата журт" коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулган.
"Ыйык ата журт" коомдук жаштар фонду өлкөбүздөгү билим берүүгө кайдыгер карабай жыл сайын республикалык деңгээлдеги илимий симпозиумдарды кыргыз тилинде уюштуруп, "Шоокум" илим, турмуш жана маданият журналын ай сайын чыгарып, ЖОЖдогу мыкты студенттерге стипендия берип келүүдө.
Үстүбүздөгү 2012-жыл - "үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк" жылы катары маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле бул иш-чара келечек муундарды элин-жерин сүйүүгө мекенчилдик сезимдерин ойготууда, өлкөбүздө жашаган бардык улуттардын башын мамлекеттик тилдин астына бириктирүүдө чоң күчкө ээ. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Жол эрежесин бузгандарга айып жогорулайт



Жол эрежесин бузган жөө жүрүүчүлөргө 500 сомдон 1000 сомго чейин айып салуу маселеси парламентте көтөрүлдү. Депутат Ыргал Кадыралиева демилге көтөргөн "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору колдоого алынса, мындай норма күчүнө кирет. Ы.Кадыралиеванын маалыматына караганда, өткөн жылы 3420 жол кырсыгы катталса, анын беш жүзүнө жөө жүргөн жарандар себеп болгон. Мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөргө ылайык, жол эрежесин бузган жарандарга 100 сомдон 200 сомго чейинки айып каралса, көпчүлүк эл өкүлдөрү бул сумманы 500 сомдон 1000 сомго көтөрүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, буга чейин жөө баратып жол эрежесин бузган жаран 10 сомдон 30 сомго чейин айып төлөп келген. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Өзгөчө кырдаал болсо "смс" келет
Парламентте жарандарга өзгөчө кырдаалдардын коркунучу пайда болсо алдын ала маалымат каражаттары жана уюлдук телефон аркылуу "смс" менен жиберүү демилгеси көтөрүлүүдө. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынан депутат Назарали Арипов сунуштоодо. Анын айтымында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен кырсыктардын алдын алса болот. "Аны менен катар материалдык зыяндарды да кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт",- дейт эл өкүлү. Ошондой эле мындай кабарлар акысыз жүргүзүлөөрү айтылды. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан жактырылса кабыл алынат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7 уюлдук оператор калктын 70 пайызга жакынын тейлеп келет.
АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Түрк инвесторлору бешинчи орунда

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү жагынан Түркия бешинчи орунда турат. Бул тууралуу түрк элчилигинин өкүлү Бехсат Эртан Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда Түркиялык ишкерлер Кыргызстан үчүн 254 миллион долларга жакын инвестиция тарткан. "Учурда Кыргызстанда 300гө жакын түркиялык компания иштейт. 2008-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү рекорддук чекке жетип, анын суммасы 239 миллион долларды чамалаган. Биздин келечектеги максатыбыз бул көрсөткүчтү 1 млрд. долларга жеткирүү", - дейт ал.
Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму башталып анда эки өлкө ортосунда үрөн өстүрүү тармагында кышматташуу талкууланды. Аталган форум 18-февралда ишин жыйынтыктайт. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??