Сириянын Хомс шаарында мунай кууру жарылды


Бул жардыруу өкмөттүк аскерлер оппозициячыл демонстранттарга каршы куралдуу операциясын улантып жаткан мезгилге туура келген. Ал эми куурдун эмнеден жарылганы белгисиз.

Президент Башар Асадга каршы 11 айдан бери уланып жаткан каршылыктар учурунда мунай кууру бир нече жолу жардырылган. Бул боюнча мамлекеттик маалымат каражаттары "Куралчан террорчулардын" колунан келди деп күнөөлөсө, оппозициянын активисттери жардырууга өкмөттүк аскерлерди айыптап жатат.
Сирияда өкмөткө каршы демонстрациялардан кийин башталган тополоң, зордук-зомбулуктун токтобой жатканына бир жылга жакындап калганда гана президент Башар Асад Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүүнү буйруду. Бирок оппозиция бул жарыяны четке какты. Расмий Вашингтон болсо Асаддын референдум боюнча айтканын "күлкүнү келтирген сунуш" деп атады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров аны "алдыга карай кадам" деди.
Буга карабастан адам укугун коргоочу активисттер Сириянын коопсуздук күчтөрү Хомс жана Хама шаарларын 12 күндөн бери аткылоо уланып жатканын, бул аралыкта 400гө жакын адам курман болгонун кабарлады.




Калың кардын каары Грецияда



Быйыл Европада кыш мезгили өтө катаал болду. Мындай сууктан Греция да четте калган жок. Өлкөнүн айрым аймактарында кар жумалап эрибей жатса, түндүгүндөгү Гревена областына караштуу тоолуу 37 айылда өзгөчө кырдаал күтүлүүдө. Өлкө бийлиги кабарлаганына караганда бул жакта жайгашкан Пинд тоо кыркаларында кардын калыңдыгы 2,5 метрге чейин жетет. Бул жерлерде атайын чынжырлар тагылган дөңгөлөктүү автоунаалар гана каттабаса, жол кыймылдары дээрлик токтоп калган. Ошондой эле электр жабдыктары жана электр зымдары калың карды көтөрө албай үзүлгөн. Ал эми көпчүлүк мектептер жана мекемелер убактылуу жабылды.


Цюрих - дүйнөдөгү эң кымбат шаар



Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтинги өзгөрүлдү. Жыл сайын өткөрүлүүчү "Жашоонун дүйнөлүк баасы" жарышынын жыйынтыгы менен бул ирет биринчиликке Швейцариянын Цюрих шаары татыды. Ал эми мурунку лидер шаар Токио экинчи орунга жылды. Орусиянын шаарлары болсо алдыңкы ондукка илинбей, Москва тизмеде 42-сапка жазылды.
Кризис шартында жергиликтүү валютанын туруктуулугуна карата өткөрүлгөн жарышта алгачкы ондукка Япония, Швейцария жана Австралиянын калаалары кирди. Үчүнчү орунду Женева, төрттү Осака, бешинчи орунду Осло алды. Кийинки катарларда Париж, Сидней, Мельбурн, Сингапур жана Франкфурт шаарлары бар.
Ал эми жашоосу эң арзан шаарлардын катарын 130-орун менен Пакистандын Карачи, ага чейинки орунга ээ болгон Мумбаи шаары толуктады. Жарыштын шарты боюнча 160 азык-түлүк боюнча маалыматтар жана алардын шаарда сатылуу шарты анализделген. Булардын арасынан нан, күрүч жана күйүүчү майга көбүнчө көңүл бурулган.


Жөнөкөй жумушчу асыл буюм таап алды



Германиянын Ганновер шаарында батирлердин бирине оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан жумушчу баасы 100 миң еврого тете асыл буюмдарды таап алган. Сырдуу казынада алтын тыйындар, Елизавета ханышанын сүрөтү түшүрүлгөн австралиялык долларлар, күмүштөн жасалган ашкана буюмдары сакталган.
Ашкананын плитасын алмаштырып жаткан жумушчу бул буюмдарды алгач таштанды деп ойлогон. Бирок анын баалуу экенин билген соң үй башкармалыгына тапшырган. Иликтөөлөрдүн соңунда баалуу буюмдар квартиранын акыркы ээсине тиешелүү болуп чыкты. Бирок учурда анын көзү өтүп кеткендиктен жакын туугандарына берилген. Ал эми таап алган курулуш ишканасынын жумушчусуна сүйүнчү берилеби азырынча белгисиз. Бирок табылганын азыркы ээси "жөнөкөй жумушчуга" кызыгып жатканы кабарланууда


Ким Чен Ирге эми эстелик тургузулду



Түндүк Кореянын мурунку лидери Ким Чен Ирдин жетимиш жылдыгына карата тургузулган эстеликтин салтанаттуу ачылышы болду. Бул 2011-жылдын декабрь айында көз жумган Түндүк Кореянын лидерине арналып коюлган биринчи эстелик деп каралууда. Граниттен жасалган постаментке орнотулган бийиктиги алты метрлик коло айкелде Ким Чен Ирдин атасы Ким Ир Сен экөө ат минип турганы чагылдырылган.
Ачылыш аземине Түндүк Кореянын жогорку аскерий жана саясий жетекчилери катышты. Бирок, азыркы лидер Ким Чен Ын атасынын эстелигин ачууга келген эмес.
Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысынын айтымында, Ким Чен Ир өзү мындай эстеликтерди тургузууга ар дайым каршы чыгып келген. Ал 1999-жылы жакын чөйрөсүнө кайрылып, элдин жашоо-турмушу оңолмоюнча, өзүнө сыйынууга тыюу салганы айтылып жүрөт.
Ким Чен Ир көз жумгандан бери анын элесин түбөлүк сактоого арналган бир нече иш-чаралар өткөрүлүп келет. Жакында Түндүк Корея мурдагы лидеринин 16-февраль туулган күнүн башкача айтканда 70 жылдыгын белгилөөгө даярданууда. Бул датага карата Ким Чен Ирге эстелик тургузуудан тышкары, "генералиссимус" деген наам ыйгарылды. Мындай аскерий бийик наамды буга чейин анын атасы, Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сен гана алган.


Дэвид Кэмерондон "аракечтикке" каршы күрөш



Улуубританиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон өлкөдөгү "аракечтикке" каршы комплекстүү түрдө күрөш жарыялады. Ошону менен бирге өкмөт башчысы спирт ичимдиктерине салыктын баасын жогорулатууга ниети бар экендигин билдирди. Мындан тышкары Д.Кэмерон мас абалындагы адамдар үчүн атайын соолуктуруучу жайлардын тармагын түзүү, алар менен иштешүүчү полиция кызматкерлеринин санын арттырууну пландоодо. Эгерде бийлик тарабынан сунушталып жаткан мыйзам күчүнө кирсе, алкоголдон улам көз жумгандардын саны эки миңге азаят.
2010-жылы Улуубританияда ичкиликке ууланып, ооруканага жатып калган эки жүз миң учур катталган. Андан бери мындай көрсөткүчтөр жогорку чекке жеткен. Бул маселеден улам улуттук саламаттыкты сактоо системасы жыл сайын алкоголго көз каранды богондорду дарылоого 2,7 миллиард фунт жумшап келет.


Баңгизат саткандар өмүрүн абакта өткөрөбү?



Орусияда баңгизат саткандарга сот тарабынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратуу тууралуу мыйзам кабыл алынды. Мындан тышкары аталган мыйзамга ылайык маңзаттарга мас болуп жасалган кылмыштар күнөөнү оорлотуучу фактор болуп эсептелсе, коомдук жайларда баңгизатын колдонгондор 15 суткага камалмакчы.
Жаңы каралып жаткан өкмөттүк мыйзамда баңгизаттарды өндүргөндөргө, сактагандарга, өндүрүштө колдонгондорго да бир кыйла жазалар каралат. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайларга, түзөтүү мекемелерине, административдик имараттарга, билим берүү мекемелерге, маалымат-технологиялар тармагында колдонууга тыюу салынат. Бул боюнча кылмыш кылгандар 12 жылга камалып, 500 миң рублга чейин айып пул төлөйт.
Орусиянын учурдагы Кылмыш жана жаза кодекси боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз саткандар максималдуу түрдө жыйырма жыл эркинен ажыратылып келген. Эми жаңы мыйзамдын негизинде ири өлчөмдөгү баңгизаттарын өткөргөндөр, саткандар, өндүрүп чыгаргандар 15 жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырайт. Аны менен бирге бул кылмыштардын аркасы менен тапкан акчасы, мүлкү мамлекетке кайтарылып алынат.
Интернет барактарынан даярдаган
МЭЭРИМ ИСКАКОВА



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??