Кылым жүгүн кыргыз аялзаты аркалап жатабы?


БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакыпова Жогорку Кеңеште жетишерлик аялдар болгону менен абал өзгөрбөй жатканына токтолду. Анын айтымында, парламенттеги айым депутаттар өз милдеттерин аткара албай жатат. Бирок, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова мындай айыптоолорго кошулбай тургандыгын айтты. Ал парламентте аялдардын укуктарын камсыз кылууда бир катар мыйзамдар колдоо таппай жатканын кошумчалады. "Жакында молдолор мамлекеттик каттоосу жок нике кыйа албай турган норма колдоо тапкан жок",- дейт эл өкүлү. Ошондой эле, Б.Мамырова жакында өткөн акимдерди шайлоо процессинде бир да аял талапкердин жок болушу да одоно көрүнүш экенине токтолду.
Тарыхка көз чаптырсак кыргыз аялдарынын арасында баатырлар менен эл башкарган улуу инсандар чыккан. Азыркы учурда деле кыргыз коомчулугу бычакка сап боло турган аялдардан куру эмес. 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашууда аял киши өлкөнү башкарып, өткөн жылдын соңунда мамлекеттин башчысы Роза Отунбаева өз бийлигин шайлоо жолу менен өткөрүп берди. Көпчүлүк адистер Р.Отунбаеванын учурунда аялдар саясаты бир топ жөнгө салынганы менен учурда бул көйгөй курч бойдон калууда деп айтып келишет. Анткени, жыл башында түзүлгөн өкмөттүн курамында айымдардын саны дээрлик жокко эсе. Андан сырткары жакында акимдерди шайлоо процессинде бир гана айымдын талапкерлиги сунушталган. Ал өтпөй калган. Ошентсе да, Жогорку соттун төрайымы, Улуттук банктын башчысы, Башкы прокурор, вице-премьер-министрлик кызматтарды аялзаты аркалап келет.

Квота маселени чечеби?
Дүйнө жүзү боюнча парламентке депутат болгон адамдардын 19 пайызын аялдар түзөт. Эл аралык шериктештик уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдөгү 43 өлкөдө гана парламенттеги аялдардын саны 30 пайызды түзөт, ал эми 62 мамлекетте бийликтеги айымдардын саны 10 пайыздан ашпайт.
Кыргызстанда 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жалаң мырза депутаттардан куралып, коомдо нааразычылыкты жараткан. Бул чакырылыштагы эркек депутаттар 8-мартта бир катар активисттердин колунан гүл да алганы бар. Андан көп өтпөй мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, эл өкүлдөрүнүн 30 пайызын аялдар түзүшү керек деген норма киргизилген. Учурда V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 30 пайызга жакыны айымдар. Айрым талдоочулар аялзатын бийликке аралаштыруу жолун квота менен эмес табигий түрдө жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Себеби, алардын кайсы бир чек менен келгендиги саясий кызыкчылыка багытталып кетиши мүмкүн деп белгилешет.

Карапайым айымдарды ким ойлойт?
Кыргызстан калкынын жарымынан көбүн аялдар түзөт. Жыл сайын ар кандай зордук-зомбулукка кабылып 7-8 миңдей аял кризисттик борборлорго кайрылса, мына ушундай эле сандагы аялзаты күйөөлөрүнөн кордук көрүп укук коргоо органдарына даттанышат. Бирок, тартип коргоо органдарына арыздангандардын көпчүлүгү тиешелүү убакыттан кийин жазган арыздарын кайтарып алган учурлар көп. Мындай көрүнүштү күч кызматкерлери жубайлар өз ара келишип алганы менен түшүндүрөт. Ошентсе да, айрым энелер үй-бүлөсү жана балдары үчүн анча-мынча кордукту жашырып коюп күн кечирүүдө.
Ал эми бир катар адистер айымдарды жазалоо тартиби бир аз жумшарганы менен тажрыйба жүзүндө катаал бойдон калып келгенин айтып келет. Мисалы, Кыргыз Республикасынын "Кылмыш жана жаза" кодексинде кылмышкер деп табылган аялдын 7 жашка чыга элек баласы бар болсо берилген жазаны өтөө мөөнөтү ал бала жети жашка чыкканга чейин артка жылдырылат деген жобо бар. Бирок бул жобо жазуу жүзүндө эле калууда. Азыр аялдар түрмөсүндө ошол жерде төрөп, ошол жерде баласы менен жаза өтөп жаткан аялдар көп. Ошондой эле, өмүр бою күйөөсүнөн зомбулук көрүп, мас болуп келгенде коргонуу максатында бычак колдоно коюп, өлтүрүп алгандар да бар. Мындай аялдар да катаал шартта жазаларын өтөйт.

Аялзатынын азабын азайталы
Күч колдонууга туш болгон кыз-келиндер биздин мамлекеттин гана эмес бүтүндөй жер жүзүнүн көйгөйү. Кыргызстанда 13 кризистик борбор жана 2 баш калкалоочу жай бар. Бул жерлерге үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка туш болгон миңдеген аялдар кайрылып, убактылуу күн кечирет.
Өлкө башынан өткөн эки жолку бийлик алмашууда аялдардын орду өзгөчө болгону жашыруун эмес. Ал эми акыркы кездерде пикет-митингдерге, нааразычылык акцияларына дайыма чыккан аялдардын тобу пайда болушу кыргыз айымдарынын беделине бир топ залакасын тийгизүүдө. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, кыргыз энелердин мындай жолго барып жатышына саясатчылар күнөөлүү. Анткени, алар аялзатына аяр мамиле жасабай, каражатка зар болуп жаткандарын ушундай жолго түртөт. "Биздин мырза саясатчыларыбыз өздөрүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн балдарын багууга акча таппай жүргөн аялдарды ушундай жолго түртүүдө", - дейт ал. Мындай топтордун келип чыгышына биринчи кезекте жакырчылык түрткү берип жатканын белгилейт укук коргоочу .
Кыргыз элинде аялзаты ар дайым урматталып, үй-бүлөдө жана коомдо татыктуу орун ээлеп келген. Аларга эне, эже, карындаш, жубай катары аяр мамиле жасалып, сый-урмат көрсөтүлгөн. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан, башка элдердин аялзатына караганда бир топ эркин болуп, үй иштеринен башка иштерге да өз деңгээлинде салымын кошо алган. Тилекке каршы, Кыргызстандагы жакырчылык кыргыз кыз- келиндерин аяган жок. Алардын ичинен миңдеген аялзаты чет өлкөлөрдө кор болуп жүрсө, миңдегени өз өлкөсүндө зар болуп жүрөт. Айрымдары өз жакындарынын кордугуна чыдап жашаса, көпчүлүгү үй-бүлөсүн багууда түрдүү жумуштарга барууда. Ошентсе да, чоң-чоң ийгиликтерди багындырган, бактылуу айымдар да аз эмес. Канткен күндө да, ар бир кыргыз айымынын бактылуу күн кечиришине баарыбыз салым кошуубуз керек.