Чаткалда малдын тоюту Чүйдөн ташылып келүүдө


Чаткал районунда малдын тоютуна муктаждыктан улам, Ала-Бука районунун аймагында 220 сомдон сатылып жаткан чөптүн таңгагы 160 сомдон Чүйдөн ташылып келүүдө. Бул туурасында райондун акими Акматбек Таласбай уулу билдирди.


Анын айтымына караганда, райондун айыл округдарында азыркы учурда 1 метрден ашуун калың кар бар. Каныш-Кыя-Ала-Бука-Аксы жолдорун кардан тазалап, иретке келтирип туруучу ДЭП ишканасында - 5, алтын казган фирмалар тарабынан 3 техника кызмат кылууда.
"Эң бийик Чапчыма ашуусуна 2 трактор коюлган. Алар көчкү жүргөн жолдорду тазалап, өзгөчө шартта иштеп жатышат. Элдин жашоо-турмушу көзөмөлгө алынып, 140 тонна ун Бишкектен ташылып келинген. Ундун бир кабы 500дөн-750 сомго чейинки баада сатылып жатат", - дейт райондун акими.
АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД




"Оор жүк тарткан унаалар Нарындан токтотулушу керек"



Берегидей пикирин КРнын Акыйкатчысы Турсунбек Акун Нарын шаарында коомдук уюмдардын жана ЖМКнын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Баарлашууда өзгөчө муктаж балдарды окутуунун абалы, кризистик коомдук борборго бюджеттен каражат кароо, кен байлыктардын жагдайлары, коррупцияга каршы күрөшүү функциясын УКМКдан алуу, "Торугарт" бажы терминалын тезинен куруу, кен байлыктарды темир жол салуу үчүн бербөө тууралуу пикир алмашуулар болду.
"Мен дагы коррупция менен күрөшүүнү коопсуздук комитетине бергенге каршымын. Ал Президенттин алдында болушу керек. Ал эми терминал Нарын облусунун аймагына салынып, кытайлык жүк ташыган унаалар кайра артка кетиши зарыл. Мен Кытайга баргам. Көрсө биздин машиналар 40 чакырымдан ары өтпөйт экен. Бизде дагы ошондой шарт болушу абзел. Болбосо биздин машиналар эмне үчүн Пекинге чейин бара албайт. Кен байлыктарды темир жол салууга берүүгө таптакыр каршымын",-деп жооп кайтарды өлкөнүн башкы мамлекеттик укук коргоочусу. Жыйынтыгында жыйындын катышуучулары көтөрүлгөн маселелер боюнча президентке кайрылууну кабыл алмай болушту. КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Талапкерлердин таймашы



Ушул жылдын 4-мартында Каракол шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгү өтөт. Алынган маалыматтарга караганда, 6 саясий партиянын, 14 коомдук уюмдун тизмесине кирген талапкерлердин саны кыйла эле көп, миңден ашуун талапкер депутаттык мандат үчүн "аламан байгеге" чыкты. 31 депутаттык мандатка талапкерлердин кимиси жетет, аны шайлоочулар чечет. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринен да саясий партиялардын, коомдук уюмдардын деңгээлдери сыналаары эч кимге жашыруун эмес. Айтор, азыр Караколдо жашоо "көңүлдүү". Борбордук көчөлөргө адамдын жүрөгүн жибитчү жалындуу сөздөр жазылып, талапкерлердин бажырайган сүрөттөрү бакырая илинип, үгүт иштери да Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлериндей бийик деңгээлде жүрүүдө.
ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ




Нарында өткөн жылы отуз үч жолу митинг болгон



Мындай маалыматты КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкери Сагын Турдакунов коомдук саясый туруктуулукка атайын арналган жыйында билдирди.
"Болуп өткөн митингдердин ону саясый талаптарга байланыштуу болду. Муну биргелешип иштөө аркылуу токтотушубуз керек. Айыл өкмөт өзүнчө, айылдык кеңеш өзүнчө, эл өзүнчө болуп бөлүнүп калышты. Алардын талаптары жеринде чечилбегендиктен улам, нааразы болгондор облуска келишип, аянтка чыгышууда. Экинчиден 5-6 адам чогулушуп эле буйрутма митингдерди өткөрүшүүдө. Медициналык кызматтагылар шектүү адамдарды узак мөөнөт ооруканада кармап жатышат. Натыйжада тергөөгө кыйынчылык түзүлүүдө",-дейт жаш чекист.
КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН, НАРЫН




Сузак районунун жаштары менен лидерлери биригет



Аталган райондун жаштар коомдук бирикмелери, уюмдары жана активист жаштары биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул туурасында райондогу "Жаркын Келечек" коомдук бирикмесинин мүчөсү Нурбек Жолборсов билдирди.
Анын айтымына караганда, демилгени "Жаркын Келечек" коомдук бирикмеси көтөрүп чыккан. Учурда жаштардын демилгеси элдин калың катмарында колдоого ээ болууда. Негизги максаты - район аймагындагы жаштардын башын бириктирүү менен коомдук саясий иш- чараларда алардын ордун кеңейтүү, улуттар аралык ынтымакка чакырып, Кыргызстандын ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошуу.
"Жаштар уюмдары биригүү менен айыл өкмөт башчыларынан баштап райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги жетекчилердин ишмердүүлүгүнө баа берип, коррупцияны ооздуктоодо жетекчи ага-эжелерге кол кабыш кылмакчыбыз жана мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын болуусун талап кылабыз", - дейт Н.Жолборсов.
Азыркы учурда "Юристтердин жаңы мууну", "Жаштар лидерлиги" коомдук фонддору да "Жаркын Келечек" коомдук бирикмесинин демилгесин колдошуп, биргеликте иш жүргүзүүнү пландаштырып жатышат. АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД





Өткөн жылы 671 үй-бүлө никелешүү


күбөлүгүн алышты



Жалал-Абад шаарында өткөн жылы 671 үй- бүлө никелешүү күбөлүгүн алышкан болсо, бул 2010-жылга караганда 24 үй-бүлөгө көп болгон. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Бүзейнеп Иманова билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 134кө жетти. Ал эми былтыр алты жүзгө жакын баланын атасын аныктоо жүргүзүлгөн болсо, мурдагы жылы 543 баланын атасы аныкталган.
"Өткөн жылы аталыкты аныктоонун он бири соттун чечими менен болсо, 2010-жылы 10 баланыкы сот аркылуу далилденген. Жалал- Абад шаарында өткөн жылы 2378 бала төрөлгөн болсо, алардын ичинен 20 пайызын жалгыз бой энелер төрөгөн", - дейт Б.Иманова.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД



"Мен арызданам" сахнага чыгат



К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Жалил Садыковдун "Мен арызданам" аттуу чыгармасынын бет ачаарын коймокчу. Оюнду республиканын эл артисти Токтобек Сатаров сахнага алып чыгат. Башкы ролдордо республиканын эл артисти Алтынбек Шатенов, республиканын эмгек сиңирген артисти Шаршен Дүйшөнкулов, Алымкан Усубалиева, Шекер Жоомартова ойношот.
Т.Сатаровдун айткандарына караганда, автор бул чыгармасында арызчыл, өзүмчүл, кимдир бирөөлөрдүн эсебинен байлык топтогон мансапкор, кыскасы элге да, Кудайга да жакпаган терс мүнөздүү адамдар тигил дүйнөдө да үйрөнгөн адаттарын калтырышпастыгын көркөм сөз каражаттары менен сүрөттөгөн. "Бул чыгарма эч качан актуалдуулугун жоготпойт",-дейт Т.Сатаров.
ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ




Укук коргоо органдары тургундар менен жолугушту



Жалал-Абад шаарындагы №8 мектепте жуманын ичинде "Достук" аймактык башкаруусунун тургундары менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) башчысы Нурдин Насыркулов, шаардын прокурорунун орун басары Алайбек Мамыров жолугушуп, "Диний экстремизмге каршы күрөшүү" - деген теманын тегерегинде алар менен пикир алышты.
Шаардык мэриядан алынган маалыматка караганда, аталган жыйынга аймактык тескөөчүлөр, үй комитеттеринин жана кондоминимум башчылары, мечит имамдары катышты. Жыйында Н.Насыркулов шаар тургундарына өзүнүн өтүнүчүн билдирди.
"Эгерде сиздер жашаган аймакта кимде-ким сырт жактан келген чоочун, жат адамдар убактылуу жашап жатканын көрүп калсаңыздар, анда токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кабарлап туруңуздар. Айрыкча навайчылардын, даватка келген адамдарды да кабарлап койсоңуздар! Себеби, кылмышты жасагандан кийин, аларга чара көргөнгө караганда, аны алдын - алуу жалпы коом үчүн да пайдалуу", - деди Н.Насыркулов.
Ушундай эле жолугушуу шаардын "Спутник" аймактык башкаруусунда да болуп өткөн.
АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/12/0217_5.htm on line 151

Warning: include(../../footer.html): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/12/0217_5.htm on line 151

Warning: include(): Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/zn/12/0217_5.htm on line 151