Таза жүрөк кан басымдан башталат


Акыркы жылдарда жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу өлүмдүн саны да жогорулаган. Мына ушул дарттын алдын алуу максатында үстүбүздөгү жыл Саламаттыкты сактоо системасында "Таза жүрөк жылы" деп жарыяланды. Бул багытта борбордогу тажрыйбалуу кардиологдор жана республиканын ар кайсы жактарынан келген көрүнүктүү медициналык серепчилер менен кеңири маалымат-кафе өткөрүлдү.


АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Жүрөк кан-тамыр ооруларына 2016-жылга чейин кабыл алынган "Ден соолук" улуттук программасында биринчи орундагы багыт берилген. Анда негизинен ооруну алдын алууга жана эскертүүгө басым жасалат. USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги) долбоорунун колдоосу менен Саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын, ошондой эле Кыргыз-Швейцариялык долбоордун алкагында 2005-жылдан бери көп кездешүүчү оорулар боюнча сапатты жогорулатуу системасы жайылтылууда.
Кочкор райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Дамира Алпамышеванын маалыматы боюнча, жүрөк жана кан-тамыр ооруларын азайтуу максатында "Кызыл Крест" коому тарабынан чыгарылган ар кандай буклеттер бейтаптарга таркатылган. Бүт райондорго координаторлор дайындалып, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутуу жүргүзүлгөн. Анын айтымында бул оору жашарып жаткандыгы өтө кооптуу кырдаал түзүүдө. "Учурда 18 жаштан жогору курактагы жаштардан гипертония дарты аныкталууда. Гипертониянын жашаруусуна начар тамактануу, балдардын кичинесинен оор жумуш менен алектенүүсү, турмуштагы кыйынчылыктар, жаштайынан жаман адаттарга берилүү, анын ичинде ичкилик ичүү жана чылым чегүү ошондой эле тукум куучулук да себепчи болууда",- дейт ал.

ДАРЫСЫЗ ДАРЫЛАНУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Д.Алпамышеванын айтымында, кан басым дайыма бир калыпта болуп турушу керек, ошондуктан аны дайыма нормага салып туруучу дарыларды ичүү талап кылынат. Ошондой эле дарыгерлер кан басымды жөнгө салуунун дагы бир жөнөкөй ыкмасын сунушташат. Ал "дарысыз дарылануу" деп аталат жана өз ичине чылым чекпөөнү, салмакты азайтууну, спирт ичимдиктерин ичпөөнү, суюктукту чектөөнү, ошондой эле күнүнө 30 мүнөт жөө басууну камтыйт. Гипертония оорусуна буга чейин көп көңүл бурулбай келген, ал эми ушул тапта буга абдан басым жасалып, аны менен жапа чеккен бейтаптарды аныктоо жогорулаган. "Мурда кан басымы боюнча жапа чеккен бейтап ооруканага жатып чыккандан кийин эле дарыланууну ошону менен токтотуп салчу, дары ичүүнү улантчу эмес. Азыр болсо ооруканага жатпай эле, үйдөн амбулатордук дарыланууга көңүл бурулууда. Буга чейин баш ооруп, кан басымы жогорулап же түшүп кетсе "тез жардам" көп чакырылчу, эми болсо чакырыктар дагы кыйла азайды. Себеби, бейтаптар өзүнүн оорусу тууралуу билишет, алар андай учурларда тиешелүү дарыларын ичишет, үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылышат. Ошондой эле ооруканага жатып дарылануу дагы акыркы жылды 2006-жылга салыштырганда 50 пайызга азайган. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, мурда сөзсүз түрдө эле венага ийне саюу керек болсо, азыр дарылар таблетка түрүндө гана чыгарылып жатат. Бул абдан жакшы, анткени ар бир ийне саюу бул организм үчүн агрессия болуп саналат",-дейт серепчи-кардиолог.

ЖАШТАР АРАСЫНДА ЖҮРӨК ООРУ ЖОГОРУЛАГАН
М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунун директору, профессор, серепчи Айнагүл Жумагулованын маалыматтарына таянсак, Кыргызстан Евразиялык аймакта жүрөк кан-тамыр ооруларынан (ЖКО) келип чыккан өлүм боюнча 8-орунда турат. ЖКОнун өлүмгө кошкон салымын негизинен артериалдык гипертензия, жүрөктүн коронардык оорусу жана цереброваскулярдык оорулар түзөт. Аталган оорулар анын ичинде эрте эле майыптыкка дуушар болууга жана эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүнөн мезгилсиз айрылууга алып келет. Калктын жалпы өлүмүнүн структурасында ал 48 пайызды түзөт, республикада орто эсеп менен жыл сайын жүрөк ооруларынан 18 миңден ашуун, ал эми күн сайын 50гө жакын адам жарык дүйнө менен кош айтышат. Ошондой эле Советтер Союзу кулагандан кийин 1991-жылдан 2006-жылга чейин ЖКОдон болгон өлүм 30-39 жашка чейинкилерде - 23,5 пайыз, ал эми 40-59 жаштагыларда - 16 пайызды түзгөн.
А.Жумагулованын айтымында, жакында Бишкек шаарынын жаңы конуштарына дарыгерлердин бригадасы элди текшерүүдөн өткөрүү үчүн барышат. Жаңы эхокардиограммалык жабдуулар күнүнө 200 адамды текшерүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бригаданын курамында гинеколог, эндокринолог, кардиолог адистери болмокчу.

АЯЛДАРДЫН КАН БАСЫМЫ КӨЙГӨЙ ЖАРАТУУДА
Түп райондук Саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Керимбек Мукамбетовдун айтымында, жалпы 35 айылда 36 Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) түзүлгөн. Анын базасында негизделген райондук ден соолук комитетинин максаты элге өтө көп кездеше турган оорулар тууралуу маалымат берүү. Бул иш-чаралардын алкагында кан басымдын жогорулашы өтө актуалдуу болууда. "Кан басым менен жапа чеккендердин курагы өтө жашарып кеткендиги өкүнүчтүү. 18 жаштан жогоркулардын бардыгынын кан басымын өлчөө боюнча жакында атайы акция өткөргөнүбүздө, негизинен жаштардын басымдуу бөлүгү жапа чегип жаткандыгы аныкталды. Биздеги адистердин бардыгы атайы окуудан өткөрүлгөн, эгерде үч жолу текшерүүдө бейтаптын кан басымы 140тан түшпөсө анда ал адамды ФАПка (Фельдшердик-акушердик пункт) жиберебиз, эгерде оорусу аныкталса, ал толук көзөмөлгө алынып, дарылана баштайт. Эң эле өкүнүчтүүсү кан басымдын жогору, же төмөн болушу аялдар арасында басымдуулук кылууда. Бул аялдарды кош бойлуу же төрөт учурунда өтө кооптуу абалга алып келүүдө. Муну балким илимий чөйрөдө изилдөө керек. Биз алты жылдан бери калктын кан басымын өлчөп келе жатабыз, көп учурда адамдар өздөрүнүн ден соолугуна кайдыгер карашкандыгына күбө болобуз. Бир катар маалыматтар жазылган китепчелер аркылуу элдин аң-сезимин кыйла ойготтук десек болот. Азыр кан басым боюнча жапа чеккендер өздөрүнүкүн өлчөп алууну, кандай дары ичүү керектигин билишет",-дейт К.Мукамбетов.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана үй-бүлөлүк мээрбан айымдар тобунун ассоциациясынын директору, серепчи Сүйүмжан Мукеева белгилегендей, 2008-жылы Нарын областында жүргүзүлгөн изилдөөлөр боюнча оор абалдагы учурлар 2006-жылы 100 адамга 22,4ү туура келсе, 2008-жылы 100 адамга 6,3кө азайган. Ошондой эле алдын алуу иштери жакшыргандыктан ооруканага жаткыруулардын дагы саны кыйла төмөндөгөн. Бирок, бул системанын жайылуусуна бир канча себептер тоскоол болгондугун белгилейт. "Мындай системаны жайылтууга саламаттыкты сактоо системасынын айрым уюмдарынын жетекчилеринин сапатты туруктуу негизде өнүктүрүүнү жактагандыгы, кадрлардын кетип жатышы, кызматкерлерге кызыктыруучу шарттардын төмөндүгү жана башка нерселер тоскоол болууда",-дейт С.Мукеева.
Ал эми бул максатта дарыгерлерди окутуу дагы үзгүлтүксүз жүрүүдө. Кыргыз мамлекеттик даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун Үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын окуу бөлүмүнүн башчысы, серепчи Инна Болотскихтин маалыматы боюнча 2009-жылдан 2011-жылга чейин 1455 үй-бүлөлүк дарыгер жана фельдшерлер окутулган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы дагы өлкөнүн бардык аймактарынан 670 үй-бүлөлүк дарыгер жана 2 миңге жакын үй-бүлөлүк мээрбан айымдарды окутуу пландалууда. Ошондой эле "Саламаттыкты сактоо комитеттери" долбоорунун сапатты жакшыртуу боюнча аймактык директорунун орун басары Бартон Смит дарыгерлердин билимин, маалыматтуулугун жогорулатуу үчүн атайы клиникалык колдонмолор, буклеттер, китепчелер чыгарылып жаткандыгын кошумчалайт. Анын айтымында, дарыгерлердин дүйнө жүзүндөгү медицинадагы заманбап жетишкендиктерден кабардар болуп турушу иштин сапатына өз салымын кошуп турмакчы.



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??