Жип үзүлсө - жүк кулайт


Жарандык нике, кыз ала качуу, эрте нике түшүнүгү коомдо жосунсуз жорук катары сыпатталып, анын тийгизген кедергиси ашкере айыпталганы менен али күнчө ооздуктала элек. Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун берген маалыматына караганда жылына 75 миңге жакын кыргыз кызы ала качуунун курмандыгы болушат. Ал эми каттоодон өткөн ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат. А расмий каттоосу жок ыдыраган үй-бүлөлөрдүн саны канча экени белгисиз. Мунун айынан коомдо аталуу наристе да атанын уулу же кызы деген статуска ээ болбой, социалдык жетимдердин көбөйүүсүн шарттап жатат.


"Жип үзүлсө - жүк кулайт"-деген кептин төркүнү мурдагы кезде күйөөгө узап жаткан кыздын себин төөгө таңып, анан анын жетер жерине чейин бузулбай жетүүсү үчүн максатталган аракеттен улам чыккан. Анткени, кулап калган жүк кандайдыр бир жамандыкка жорулуп, жагымсыз окуя катары кабыл алынган. Демек, үй-бүлө тизгинин жаңыдан тарта баштаган жаштардын курган коломтосу бекем болуусу үчүн башынан кам көрүлүп жатканын байкоого болот. Мүлдө айыл эли коломтонун оту өчпөсү үчүн араздашкан жаштарды жараштырып, ажырашып кетүүлөрүнүн алдын ала билишкен. А бүгүнчү? Керт баштын кызыкчылыгы күчөп бараткан заманда башканын бүлө күтүүдөгү "жеке иши" менен эч кимдин деле иши болбой калды.
Бир көрүп же сыртынан байкап ала качып үйлөнгөн көрүнүш дээрлик ар бир бүлөдө кездешет. Бул нерсе кыздын каалоосунан сырткары иш болуп жаткандан кийин, турмуш курган соң эки жаштын турмуштук көз карашы эки башка чыгып, 17 жаштагы Айнураны (аты өзгөртүлдү) мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле качырып кетишкен. "Таш түшкөн жеринде оор" болуп, ал барган жеринде биротоло калып калат. Айнуранын үй-бүлөлүк турмушка али даяр эместигинен улам кожойкелик вазийпасын аткарууда кайненесинин "көңүлүнө толбой" калат да, жыл айланбай ажырашып кетишет. "Ата-энем кичинекей кезимде эле ажырашып кетишкен болчу. Мен тайэнемдин колунда чоңойдум. Окууну бүткөндөн кийин да кайда барарым белгисиз болчу. Анан качырып кетишкенде эптеп жашап кетем деген ой менен калып калгам. Анын үстүнө тайэнемдер да менден кутулгусу келиштиби, айтор эч кандай каршылык көрсөтүшпөдү",- дейт. Тагдыр сыноосу муну менен чектелип калбай, Айнура катуу ооруга чалдыгат да, же мектепте жок, же үй-бүлөдөн жок арабөк калат.

Үйлөнүүгө элдик мамиле
Ал эми жаштардын расмий биригүүсүндөгү аткарыла турган нике окуу жана жарандык абалдын актыларын жазуу (ЖААЖ) кагазын алуу жөрөлгөлөрүндөгү талаш- тартыштар кадимки тоок биринчи пайда болгонбу же жумурткабы деген табышмакты эске салат.
Расмий каттоосу барларга гана нике кыюу демилгеси кез-кезде көтөрүлгөнү менен иш жүзүндө маңдай жарытарлык жыйынтык бере элек. Ислам жөрөлгөлөрү бекем орногон өлкөнүн түштүк чөлкөмүндө расмий каттоодон да нике кыйдыруу негизги мааниге ээ болуп калган. Анткени, үй-бүлө ыдыраган учурда ЖААЖ кагазын кырккандан да талак берүү чоң мааниге ээ деп эсептешет.
Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кайрат Тогузаков үйлөнгөндө колуктусу менен нике кыйдырып, бирок азырга чейин ЖААЖ кагазын ала электигин айтат. "Биздин баш кошконубузга жыл айланып калды. Расмий каттоодон өт деп да бизди эч ким мажбурлаган жок. Эң негизгиси моралдык тазалык биринчи орунда турат. А нике күбөлүгүн каалаган учурда алып алсаң болот. Ал эми нике кыйдыруу кечиктирилгис иш",-дейт.
Дин өкүлдөрү да никеден мурда ЖААЖ кагазы маанилүү экенин, айрыкча кожоюндардын үй-бүлөсүнүн алдындагы жоопкерчилиги артарын айтып, муну менен маселе биротоло чечилип кетпейт деп эсептешет. Теология илимдеринин доктору, Ош облусунун казысы Ниязалы ажы Арипов ажырашууга түрткү болгон бир топ социалдык факторлор бар экенин айтат. "Үй-бүлөдө аял-эркек өздөрүнүн укук-милдеттерин так билбегендигинин айынан ажырашуулардын саны өсүп жатат. Көпчүлүк үй-бүлөлөрүндө аялы же күйөөсү чет жактарга иштегени баруу менен көп өтпөй турмушка чыгып же аял алып алгандары арбын кездешүүдө. Бул көйгөйлөрдүн күңгөй-тескейинин төркүнү жаштардын ыймандуулуктан оолактап баратышынан болуп жатат. Турмуш курган жаштар кудай алдында чоң жоопкерчиликти сезгенде бүгүнкүдөй толгон-токой маселелер болмок эмес",- деп эсептейт.
Өзүнүн көп жылдык иш тажрыйбасында көптөгөн үй-бүлөлүк келишпестиктерге күбө болгон "Ак Жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова жарандык никеде жашап жаткан айымдар ачыкка чыгарууну каалашпаганын айтат. "Үй-бүлө кожойкелеринин көпчүлүгү экинчи аял болуп барышат. Өзгөчө элет жеринде жашаган айымдар өздөрүнүн укуктарын билбегендиктен, ажырашкан учурда эркекке караганда көбүрөөк социалдык да, психологиялык да зомбулукка кабылат",-дейт. Т. аттуу айым күйөөсүнө экинчи аял болуп барганын баш кошкондон кийин гана билген. Ошентип, бирге түтүн булатып үч балалуу болушат. Алардын каттоого турбагандыгынан улам, балдарынын бири да күбөлүк албай ал турсун бала бакча, мектепке да барышкан эмес. Арадан он эки жыл өткөн соң күйөөсүнүн жаш селкиге "көзү түшүп" калганынан улам ажырашып кетишет. Ортодо үч бала ары сүр, бери сүр болуп, акыры аларды аялдын туугандары бир-бирден бөлүп асырап алышат.
Турмушунан жолу болбой калган Т. акыры Орусияны көздөй бет алган. "Биз баш кошкондо ЖААЖ күбөлүгүнөн да нике окутуу башкы орунда туруп, ал тууралуу ойлогон эмес элек. Кийин бала-чакалуу болгондо күйөөмдүн башы арактан бошобой киришкен да жок. Эми ойлосом аны менен бирге жашаган күнүм жалаң кордукта өтүптүр. Анысы аз келгенсип ажырашканда да эч кандай мүлккө ээ боло албадым",-деп зарлайт.
Жакында парламент өкүлдөрү ала качууга мажбурлап нике кыюуга бөгөт болуучу мыйзам долбоорун даярдашты. Ага улай үстүбүздөгү жыл "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк" жылы деп жарыяланды. Мамлекеттеги маанилүү институт катары саналган үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн алдын-алуу, аларды чечүү аракетине ар бир жаран салым кошуулары керек дешет талдоочулар. Анткени, мыйзам күчүнө кирип, иштеген ченде деле, жогорудай ураандар менен бир жылды бүтүндөй арнаган күндө да элдин аң-сезиминде орноп калган көөнө каадалар жоюлбаса, булл көйгөйдү биротоло чечүү мүмкүн эмес дешет.
Эл өкүлдөрү буга чейин да нике кыюу учурунда молдолордун жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтышып, уруксатсыз нике кыйган имамдарга айып пул салуу демилгесин да көтөрүшкөн.

Маектешкен НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ




К.Исмаилова: "Кыргыз үй-бүлөлөрүндө никелешүү күбөлүгү жок жашагандар көп"



Кыргыз Республикасынын Улуттук "Кызыл Ай" коомунун аялуу топтогу аялдардын Жалал-Абаддагы социалдык реабилитациялык борборунун администратору Күлбарчын Исмаилова менен "Өзүңдү өзгөртүү менен - коомду өзгөртөсүң!" деген аталыштагы акциянын алкагында аткарылган иштер боюнча маектештик.
- Күлбарчын Жумагуловна, сиздердин уюм тарабынан никелешүү күбөлүгү жок турмуш куруп жашап жүргөн үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында "Биз никенин мамлекеттик каттоодон өтүүсү үчүн!" - деген аталыштагы акцияны өткөрдүңүздөр. Мына ушул өткөрүлгөн акция өз натыйжасын бердиби?
- Биздин КР Улуттук "Кызыл Ай" коому тарабынан "Өзүңдү өзгөртүү менен - коомду өзгөртөсүң!", "Биз никенин мамлекеттик каттоодон өтүүсү үчүн!" - деген жазуулары бар атайын буклеттер чыгарылган. Бул маалыматтарды көпчүлүк айылдарда жашагандар билишпейт. Никелешүү күбөлүгү жок үй-бүлө куруп жашап жүргөн аялдар көп. Биздин борборго окууга келген кыз-келиндерге бул баракчаларды берип, алар ар бир райондогу биз менен кызматташтыкта иштеген пилоттук айылдарда, өздөрү жүргөн маршруттук таксилерге жабыштырышты. Бул акция жүргөндөн баштап, бизге ар тараптан телефон чалуулар боло баштады. Ошол баракчаларды окуп алышып, борборго 30дан ашык аялдар кайрылышты.
Мисал келтирсек, Жалал-Абад шаарында жашаган 33 жаштагы Дилбар аттуу келин 10 жылдан бери бир киши менен жашайт экен. Анын биринчи аялы каза болуп калгандан кийин ал кишиге турмушка чыгыптыр. Экөө чогуу жашап жүргөнү менен никелешүү күбөлүгүн алышпаптыр. Дилбар бизге "Эми кантип никелешүү күбөлүгүн алсак болот?" - деп кайрылды. Шаардан дагы бир Сайракан деген келиндин турмушка чыкканына эки жыл болуптур, бирок күйөөсү менен жарандык никеде жашайт. Себеби, Сайракандын кайын энеси никелешүү күбөлүгүн алууга каршы болуп жатыптыр. Баласы дагы экиге чыккан. Ошентип жүрүп ажырашып кетишкен экен. Эми кайра жарашам деп, күйөөсү келип жатыптыр. Анан Сайракан күйөөсүнө: "Эгерде мени менен никелешүү күбөлүгүн ала турган болсоң, анда жашаймын" - деген шарт коюптур. Мен Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Бүзейнеп Имановага кайрылып, кандай тактамалар керектигин билип бердим. Анан Сайракан керектүү тактамаларды топтоп, күйөөсү экөө ээрчишип барып, никелешүү күбөлүгүн алышты. Ошентип, биз алардын кайрадан турмуш куруп кетүүсүнө жардам бердик.
- Сиздер канча жылдан бери ушул аялуу топтогу аялдар менен иштей баштадыңыздар?
- 2008-жылдан бери облустун 6 пилоттук айылында иш алып барып келе жатабыз. Атай турган болсок, Базар-Коргон районунун Жараке айылы, Б.Осмонов орто мектеби, Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылы, ушундай аталыштагы мектеп, Спасовка айылы, Төрөбаев атындагы мектеп, Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов коомдук аймактык башкармасы, Төш-Кутчу айылы, Достук коомдук аймактык башкармасы, шаардагы №21-орто мектеп кирет. Мына бул пилоттук айылдар менен мектептерде биздин борбор тарабынан "Мамлекеттик нике каттоосунан өтүү" - деген темада бир топ иштерди алып бардык. Мектеп окуучуларынын арасында сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурдук. Ар бир мектепке Бишкек шаарынан "Место Д" деген театр келип, алар өз өнөрлөрүн көрсөттү. Ал театрды көргөндөн кийин, ар бир мектеп өздөрү турмуштан алган спектаклдерди көргөзө башташты.
- Сиздер кыз ала качууга каршы да жаштар арасында бир топ атайын маалымат компанияларын өткөрүп келе жатасыздар. Кыздарды алып качып кетип жаткандар бул кылмыш экенин билеби, же бул кыргыздын салты деп түшүнүшөт бекен?
- Жакында биз "7" каналда атайын ток-шоуга катышып, ошол жерде ушул кыз ала качуу маселеси кызуу талкууланды. КРнын Акыйкатчысынын облустагы атайын ыйгарымдуу өкүлү Алима Аманова катышып, ал кыз ала качуу салт эместигин, илгертеден бери эле кыздарды сүйлөшүп берип келе жатканын айтты. Жакында бир кыз өзүнүн тагдырын айтып берди. Алар тоодо жашашат экен. Онунчу классты бүткөндө эле ал кызды балдар койду атка көңтөрүп алгандай кылып эле, атка өңөрүп алып ала качып кетишиптир. Анан баргандан кийин эле, кетейин десе, кемпир эшиктин босогосуна жатып алып, "мени аттасаң каргышка каласың" - деп, жоолук салып отургузуп коюшуптур. Казы, дин кызматкерлери: "Эгерде сен ал жигит менен сүйлөшпөсөң, турмушун көрбөсөң, анан отур десе эле, отуруп каласыңбы? Кийинки жашооң үчүн өзүң аракет кыл. Босогого жаткан кемпирди аттап өтүүгө туура келсе, келечегиңди ойлоп секирип кете бер" - деп айтышты.
Биз иштеген пилоттук айылдарда 2008-жылдан баштап кызды ала качуу азайып калды. Азыр ата-энелер барып сүйлөшүп, кыз окуй турган болсо, аны окутууга да макул болуп, үйлөнтүп жатышат. Мурдагыга караганда, айылдарда кыздарды ала качуу азайды десем болот. Маектешкен АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД




about | A Free CSS Template by RamblingSoul

17-февраль, 2012-жыл






??.??