Халал стандарты:


чынбы же төгүнбү?



Бүгүнкү күндө халал же кыргызча айтканда адал индустриясы дүйнөдө эң тез өнүгүп келе жаткан тармак болуп эсептелет жана анын дүйнөлүк базары 2,1 триллион АКШ долларын түзөт. Ошондой эле халалдын стандарттары мусулман мамлекеттеринде гана эмес Европанын өнүккөн өлкөлөрү менен Америкада да кеңири жайылууда. Бирок Кыргызстанда бул стандарттарды сактоо жана жайылтуу бир катар тоскоолдуктар менен коштолууда.

Гүлнур Жумалиева

Кыргызстанда да азыркы учурда "халал" деген жазуусу бар азык-түлүктөргө кардарлардын көөнү көбүрөөк бурулуп, халал кафелер, мейманканалар тейлөө көрсөтүүсүн кеңейтип жактан учуру. Ал тургай халал такси, халал-калем деген түшүнүктөр дагы турмушубузда колдонулууда. Халал-деген сөз биздин кыргыз тилинде "адал", диний көз караш менен алганда "колдонууга мүмкүн" деген маанини берет. Мындай тамак-аш көбүрөөк сапаттуу жана таза жасалат, ал эми тейлөө көрсөтүүдө адалданган азык-түлүктөр колдонулат деген көз караш калыптанган. q КООМ 04




Шейит кеткендерге арналган эстелик 7-апрелде ачылат



2010-жылы Бишкектеги "Ала -Тоо" аянтында шейит кеткендердин урматына арналган эстелик 7-апрелде ачылат. Бул тууралуу шаардын башкы архитектору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында, Москвада колодон куюлган үч фигура борбордук аянттагы постаментке тургузула баштады. "Эстелик ак жана кара таштан жасалган тик бурчтуктан турат. Алардын ортосундагы адамдар кара ташты түртүп салууга аракет кылганы чагылдырылган",- дейт ал.
Белгилей кетсек, 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашууда 87 адам окко учкан. Быйыл каргашалуу окуяга эки жыл толот. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бекер азыктар таркатылат



Өлкөдөгү жакыр үй-бүлөлөргө бекер ун, май таратылат. Мындай иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу жүзөгө ашат. Бул тууралуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун аталган уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. БУУнун өкүлдөрүнүн айтымында, жардам социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү бийлик жана жарандык коом өкүлдөрүнүн биргелешип түзгөн тизмелери боюнча таратылат. Ага ылайык жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн ар бирине 75 килограмм ун жана 6 литр өсүмдүк майы бекер берилет. БУУнун өкүлү Майкл Хаггис билдиргендей, азыркы тапта витаминдештирилген май менен ун таркатууга даяр турат. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ