Кесиптик окуу жайлардын келечеги кең



Өткөн жылы айрым кесиптик-техникалык окуу жайларда кабыл алуу планы бир саатта толуп, мындай жайларда билим алууну максат кылгандардын ашып баратканы байкалган. Адистердин айтымында, кесиптик билим алууну көздөгөндөрдүн саны күн санап өсүп, кээ бир окуу жайлардагы бир орунга бештен талапкерлердин атаандашкан учурлары кездешкен.


АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

22-май күнү Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин көчмө жыйыны Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик окуу жайында өттү. Анда эл өкүлдөрү Кыргызстандагы "Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы жана кесиптик окуу жайлардын абалы боюнча таанышты. q БИЛИМ БЕРҮҮ 04




Быйылкы ажылыктын наркы 2500 доллар



Быйыл ажылыкка баруунун баасы ар бир адамга 2500 доллардан туура келет. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Чубак Жалилов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, документтерди кабыл алуу жана акчаларды чогултуу райондордо 1-июлга чейин, облустарда 5-июлга чейин, республикада 10-июлга чейин кабыл алынат.
"Быйылкы жылы Сауд Арабия өлкөсүнөн Кыргызстан үчүн 4 миң 500 квота берилди. Дагы кошумча миң квота бөлдүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Төлөмдөрдү кабыл алуу былтыркы жылдагыдай эле "АКБ Кыргызстан" банкы аркылуу жүргүзүлөт. Анда канча адам канча сом төккөнү интернет аркылуу маалымдалып турат. Бүгүнкү күндө 1300дөн ашык ажы акчаларын төлөдү", - дейт Ч.Жалилов. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Кыргызстанда цемент заводу курулат



Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жаңы цемент заводун курат. Бул тууралуу аталган министрликтин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бекташев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай кадам жасалма жол менен цементтин баасын көтөргөн ишкерлерге бөгөт болот. "Министрликтин жетекчилиги инвесторлор менен макулдашууга жетишти. Учурда курулуштун техникалык маселелери талкууланып жатат. Эгер бул ишкана ишке кирсе, чыгарылган товар бир топ арзан болот", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6 цемент заводу болсо, учурда анын үчөөсү гана иштейт. Май айынын башында Канттагы заводдун 2 меши оңдоого чыгарылып, 1 килограмм цементтин баасы 12 сомго чейин көтөрүлгөн. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ