Бышыкчылык келди, бирок ун кымбат...

Жайдын аптаптуу ысыгында Кыргызстандын базарларында ундун жана ундан жасалган тамак-аштардын баасы кымбаттады. Бийлик өкүлдөрү нарктын көтөрүлүшүн дүйнөлүк базарга жана жаратылыштын катаалдыгына байланыштырса көпчүлүк жарандар эс алууда жүргөндүктөн анчейин байкай элек өңдөнөт.


АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Айыл жана суу чарба министрлиги билдиргендей 27-июлга карата жалпы республика боюнча 202 миң 600 гектар аянттагы дан эгиндери жыйналган. Орточо түшүмдүүлүк 17-18 центнерден болууда. Ал эми өткөн жылда бул көрсөткүч 25 центнерден ашык болгон. Кыштын эрте түшүшү жана анын узакка созулушу дыйкандар үчүн бир топ залакасын тийгизди. Натыйжада миңдеген гектар эгиндер айдалбай калды. Бир эле мисал республика боюнча буудай 48 миң гектарга аз себилген. q КӨЙГӨЙ 04




Тоолордогу көлдөр байкоого алынат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен бийик тоолордо жайгашкан көлдөрдү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Аталган комиссия 1-августтан тарта тик учак менен майда көлдөрдүн деңгээлин аныктап, кооптууларына карата чара көрөт. Маалыматка ылайык, 31-августта Аламүдүн районунда жайгашкан Тез-Төр көлүндө суу ташып жарандарды дүрбөлөңгө салган. Натыйжада Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы айрым айылдагы жарандар үй-мүлкүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда Кыргызстанда ташып кетүү коркунучу бар 300гө жакын тоолуу көл бар. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ


Күзүндө жаңы троллейбустар келет

Борбор калаабыз Бишкекке күз айында 76 троллейбус келет. Бул туурасында аталган шаардын мэри Иса Өмүркулов маалымдады.
Ал "Алтын Ордо" конушунун тургундары менен жолугушуу учурунда "Кыргызстанга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) бизге 15 млн. доллар насыя берип жатат. Анын 5,5 млн. доллары грант, калганы насыя түрүндө болот. Бул боюнча мэрия жакында тендер өткөрөт. "Кудай буюрса, бул троллейбустар Бишкекке келет", - деди И.Өмүркулов. АБДЫРАЙ кызы БЕГАЙИМ