"Zaman Кыргызстан", 17-май, 2013-ж.


"Алиби", 17-май, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 17-май, 2013-ж.


"Учур", 16-май, 2013-ж.


"Полит Клиника", 16-май, 2013-ж.


 
Чоң турмушка чакырган акыркы коңгуроо
Салтка айланган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн "Акыркы коңгуроо" аземи быйыл 11-классты аяктап жаткан 74 миңдей окуучуну билим уясы менен коштошууга чакырат. "Агып кетти окуучулук кайыгым" деп ырдаган уландар менен кыздарыбыз мугалимдери менен, классташтары менен, мектеби менен коштошот. Анан алар дал ошол агып кеткен кайыктай агылып айылы менен, ата-энеси менен коштошуп, бири окуу жайларына келсе, бири Орусияга, Казакстанга жумуш издеп кетет, дагы бирлери жумушсуздар армиясынын катарын толуктайт. Негизгиси окуучулук күндөр артта калат. Бүтүрүүчүлөр өзүн бир баскычка өйдө сезип, жашоо жүгүн артынат.


Абдыкерим Муратов

Быйыл бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө шарттар каралган. Билим берүү жана илим министрлиги 18-апрелде №201/1 токтомун чыгарып, ага ылайык "Акыркы коңгуроо" иш чараларында окуучулардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо үчүн бир катар жооптуу уюмдарга милдеттер катуу коюлду. Ага ылайык салтанат бардык билим берүү уюмдарында 25-майда 9.00дө башталып, ошол мектеп имаратында гана аяктайт. Ал жерде мамлекеттик гимн аткарылып, мамлекеттик символикалар менен шөкөттөлөт. "Акыркы коңгуроо" үчүн акча, дагы башка каражаттарды чогултууга, кафе, ресторандарда, табият койнунда өткөрүүгө катуу тыюу салынат. Иш чараны уюштурууда административдик жооптуулук мектеп директорлоруна жүктөлөт. q КАБАРЛАР 04




Кыргызстан-Орусия: Расмий Москва жакындап жатат
Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары июнь айынын башында күтүлүүдө. Ал ортодо эки өлкө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу тууралуу сөздөр айтылууда. 22-майда өлкөдөгү бир катар серепчилер Кыргызстан менен Орусия ортосундагы мамилелерди талкуулаган жыйынга чогулду.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Кыргыз-орус мамилелерин талкуулаган жыйынга Марс Сариев, Токтогул Какчекеев, Леонид Бондарец, Михаил Халитов сындуу серепчилер катышты. Аталган талдоочулардын дээрлик баары эки өлкө ортосундагы мамилелерди мындан да бекемдөө зарылчылыгына токтолду. q САЯСАТ 07


Бажы биримдигин
жети өлчөп, бир кесели
Кыргызстан 2014-жылдан тарта Орусия, Белоруссия жана Казакстан мүчө болгон Бажы биримдигине кирүүгө белсенип жатат.


НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

Ал ортодо бул саясий кадамга бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, талдоочулар, экономисттер байма-бай каршы жүйөөсүн билдирип, "арты экономикалык кризиске алып келет" деп коңгуроо кагууда. Соңку убактарда коомчулукта бул маселенин күңгөй-тескейи кеңири талкууга алынып, Кыргызстан зыян тартат деген пикир басымдуулук кылып келе жатат. q ЭКОНОМИКА 05



Пикир:


030513

290313

220213

180113